РЫСПАЙ АБДЫКАДЫРОВ АТЫНДАГЫ КЛУБ 15 ЖАШТА

Ар бир улуттун жүзүн, даңкын көтөрө турган инсандары болот. Мына ошолордун бири жыйырма биринчи кылымдын улуу таланты, композитор Рысбай Абдыкадыровдун экинчи өмүрү улантылып келе жатат. Бир убакта Жалал-Абад мамлекеттик университетинин деңгээлинде гана уюшулган Рысбай Абдыкадыров атындагы клуб 15 жашка толуп, бүгүнкү күндө эл аралык деңгээлге жетип, 25- ноябрда маарекесин өткөрдү.

Учурда Рысбайдын гениалдуулугу жаштар арасына сиңип, анын ырлары даңазаланып, өлкөдөгү бул клубдун мүчөлөрүнүн саны 120дан ашкан. Аталган клубдун негиздөөчү жетекчиси Султан Борошов клуб алдыга коюлган пландуу иш-чараларды ишке ашыруу менен алдыда «Жарк деп өткөн Рысбай кыргыздын муза символу» аттуу жыйнагын чыгарат деп билдирди. Бул жыйнак 50дөн ашык чыгарманы камтып, кыргыз жана англис тилдеринде жарык көрөт. Англис тилине АКШнын Нью-Йорк шаарында жашаган композитор, бул клубдун мүчөсү Антонио Пааш которууда.  Мындан сырткары Антонио Пааш Р.Абдыкадыровдун «Сагынуу» деген чыгармасынын негизинде 4 бөлүмдөн турган симфониясын жазып бүткөн.

Рысбайдын өлбөс-өчпөс талантына таазим кылган клубдун мүчөлөрү аталган клубдун жер-жерлердеги филиалдарын ачууга белсенип жатышат.

Кылыч Торокулов, «Акыйкат», 03.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.