Юлий Худяков: Кыргыздар жасаган куралдар сапаты менен өзгөчөлөнгөн

Орусиялык таанымал археолог, тарыхчы, кыргыз таануучу Юлий Худяков ушул күндөрү Бишкекте кыргыз каганатынын 1170 жылдыгына карата өтүп аткан эларалык илимий конференцияга катышууда.

Анын кыргыз таануу жаатында «Табат өрөөнүндөгү кыргыздар» («Кыргызы на Табате» ), «Енисейдеги кыргыздар» («Кыргызы на Енисее»), «Моңголиядагы кыргыздар» («Кыргызы в Монголии») аттуу илимий монографиялары жарык көргөн. Мындан тышкары, орус окумуштуунун бир нече кыргызстандык шакирттери да бар.

«24.kg» агенттиги кыргыз таануучу конокко бир нече суроолор менен кайрылды.

– Юлий Сергеевич, алгач кыргыз каганатынын 1170 жылдыгы боюнча сурагым келет. Бул дата кайсыл булактарга таянуу менен белгиленүүдө? Муну тастыктоочу тарыхый документтер же башка далилдер барбы?

– Бул тууралу тарыхый жана Кытай жылсанактары сыяктуу булактарда маалыматтар бар. Айталы, Тан династия доору тууралу жазмалар, андан башка да табылган археологиялык казуулар буга далил. 5-8-кылымдарда Чоотас кагандыгы Саяндан 300 километр аралыктагы Минусин ойдуңдарында болгону тууралу маалыматтар болсо, 9-10-кылымдарда кыргыз кагандыгы азыркы Тыва жергесине келгени да айтылат. Андан башка ушул эле кылымдардагы кыргыз урууларынын бир бөлүгү Монголия аймагында болгону тууралу да маалыматтар бар. Алар жөнүндө эстеликтер Кытайда, түштүк Казакстанда жана Чыгыш Түркстанда да табылганы белгилүү. Мындан сырткары, жазма маалыматтарда кыргыз жоокерлери азыркы Хуанхэ дарыясынын жээгинде жайгашкан Ордос шаар аймагына жеткени жөнүндө маалыматтар бар, бирок азырынча материалдык далил катары эстеликтер табыла элек.

– Кыргыз каганатынын географиялык аймагына кайсыл жерлер кирген? Калкынын саны тууралу кандай маалыматтар бар?

– Жалпы аймагы учурдагы Монголия чөлдөрүн бүтүндөй ичине камтыган Түштүк Сибирь, Синьцзянь Уйгур автономиялуу округунан Тянь-Шанга чейинки жерлер жана азыркы Кытайдын Ордосуна чейин жеткен.

Ал эми калкынын саны 500 миңден ашык болгонун айтсак болот. Анын ичинен 150 миңдейи кыргыз, калгандары ар кандай башка уруулар менен кагылышуулардан улам Кыргыз каганатына кошулган башка түрк тилдүү уруулары. Муну кагант аскерлеринин саны менен болжолдуу айтсак болот. Калкынын саны болжол менен аскер санынан беш эсеге көп деп болжолдонот. Жалпы жоокерлеринин саны110 миңдей болсо, болжол менен анын 30 миңдейи кыргыздар.

Бул жерде айта кетүү керек: чечүүчү учурларда бул тутумга уйгур аскерлеринин бир бөлүгү да кошулган. Уйгур каганатынын борборундагы төңкөрүш учурунда Геулу Махе аскер башчысы (полководец) кыргыздар менен кошо Ордо-Балыкка болгон казатка (поход) да катышкан.

– Кыргыз каганатынын аскерлерин курал-жарак менен ким камсыз кылган же алардын курал өндүрүшү болгонбу?

– Ири армиясы болгондон кийин албетте, курал базасы да болгон. Бирок муну өндүрүш деп айтууга болбойт. Аларда кол өнөрчүлүк, устачылык деңгээлиндеги ири курал жасоо жолго коюлганы белгилүү. Ал эмес баштапкы доорлордо Жужан кагандыгы кыргыздарды Түштүк Тянь-Шандан Енисейге курал жасоо үчүн айдап кетишкен деген маалыматтар бар.

Ошондой эле Чыгыш Түркстандагы түрк уруулары да ушундай эле максат менен Алтай жергесине айдалган деп эсептейм. Кийинчерээк алгачкы түрк кагандыгы түзүлгөндө кыргыздар түрк кагандыгына курал жасаган. Мындайча айтканда, алар салыкты курал менен төлөшкөн десек болот. Ал эми Түштүк Сибирдеги кыштым (көзкаранды) уруулар мергенчилер болгондуктан, салыкты суусар терилери менен төлөшкөн.

Белгилей кетчү нерсе, кыргыздар жасаган куралдар сапаты менен өзгөчөлөнгөн. Мен куралдарына кызыгып изилдеп көргөм. Археологиялык казууларда кээ бир табылган куралдардын формасын түшүнүү кыйын. Ал эми кыргыздардыкы идеалдуу сакталган. Балким, бул алардын аскерди кремация жасоо салтындагы өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу болсо керек.

– Сиздин пикириңизде кыргыз каганатынын түз мураскери деп кимдерди айта аласыз? Дегеле каганат тутумунда кандай улуттар, уруулар болгон?

– Менин пикиримде азыркы Тянь-Шань кыргыздары менен Фуй-йу кыргыздары го. Ал эми тутумда болсо көп улут, урулар болгон. Айталы, түрк уруулары, самодейлер, кеттер.

– Кыргыз таануучу катары Тянь-Шань кыргыздары менен Алтай кыргыздарынын айырмасын эмнеден көрөсүз?

– Тянь-Шань кыргыздары убакыттын өтүшү менен исламды кабыл алышкан. Ал эми алтайлыктар шаман бойдон калышты деп айтылат. Энесай кыргыздарынын Чынгызхандын башкаруусунда калган башкаруучу элитасы буддизмди кабыл алганы боюнча да маалыматар бар. Андан улам монгол ысымдары кездешкендиги ушундан болсо керек.

– Кыргыз таануудагы кесиптештериңиз, шакирттериңиз тууралу айта кетсеңиз?

– Албетте, мен жалгыз эмесмин. Новосибирск университинин лабороториялык-гуманитардык изилдөө жаатында профессор Сергей Скоболевдин жетекчилиги астында бүтүндөй бир топ иштейт. Антон Конкин, Алиса Борисенко сыякту алдыңкы кызматкерлер бар. Ошондой эле профессор Кубат Табалдиев, Ороз Солтобаев сыяктуу кыргызстандык кесиптештерибиз менен тыгыз кызматташабыз. Учурда кыргызстандык жаш илимпоз Жазгүл Орозбекова Новосибирск университетинде мени менен иштөөдө.

– Иликтөө иштериндеги кыйынчылыктар дейбизби же мүчүлүштүктөр тууралуу эмнелерди айта аласыз?

– Эң оболу изилдөө керек болгон аймактын чоңдугу. Бир киши эмес, бүтүндөй топ үчүн да кыргыз каганаты ээлеген аймак аябай кең. Андан тышкары, Кытай муйзейлеринде ушу тапта сакталып турган кээ бир эстеликтер жана башка материалдарды изилдөөгө бизде уруксат жок. Менимче, бир маселе боюнча башка өлкөлөрдөгү кесиптештер менен кызматташуу жакшы жыйынтык берет. Келечекте бул жааттагы сүйлөшүүлөр жемишин берет деп үмүттөнөбүз.

Мындан сырткары, уйгур эли мусулман динин тутунушкандыктан, алардын салты боюнча көрүстөндөрдү казууга болбойт. Муну да кандайдыр бир деңгээлде кыйынчылык деп эсептесек болот.

– Манас тууралу көп талаш-тартыштуу пикирлер айтылып келет. Тарыхчы катары сиз аны тарыхый инсан болгон деп эсептейсизби?

– Албетте, ар түрдүү пикирлер бар. Бернштам мисалы, Манастын прототиби катары уйгурларды жеңген кыргыз каганын айтканы белгилүү. Мен Манас темасы менен алектенген эмесмин. Бирок жеке пикиримде, эпикалык каармандардын баарынын тарыхта кандайдыр бир прототиби болгон. Кээде ал каармандардын образы чогултулган касиеттер (имеет собирательный характер) менен: бир нече каармандын оң жактарын бир образга киргилизилип берилген деп эсептейм.

Асылкан Шайназарова, «24.kg» MA, 16.11.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.