Күндөлүктөн…

Жазгүл Жамангулованын жаңы ырларынан.

БҮЧҮР

Жазды таптым, бүчүр байлаган,
Мен өмүргө жипсиз байланам.
Мен даракмын бүчүр байлаган,
Же даракпы мага окшогон,
Айтор жашыл, бүчүр, айланам.

Жазды таптым же жаз таптыбы,
Бул да өмүрдүн алтын жаштыгы.
Кичинекей анын наздыгы,
Бүчүр жардым жазда мен анан,
Актыгы ай, дилдин актыгы.

Мен даракмын… Бүчүр бактагы,
Мен энемин күчтүү аптабы.
Жазды таптым, балам жаздагы,
Даракмынбы, дарак менминби,
Бүчүр жарган, жашыл жаздагы.

Даракмынбы, дарак менминби?

 

ҮЛБҮРӨК ДҮЙНӨ…

Үргүлөгөн каралдым үргүлөгөн,
Үлбүрөгөн колдогу гүлдү көрөм.
Күз түнөгөн көз менен карай албайм,
Кучагымда дүйнөнү үлбүрөгөн.

Мемиреген кулунум, мемиреген,
Дүйнөм бүгүн түгөлдүр сени менен.
Аалам ысып турганын билсек гана,
Наристенин жып-жылуу деми менен.

Карыш бутуң, быйтыйган алаканың,
Жытың жыпар… көлкүлдөп баратамын.
Сөзүң арбып, баарына кызыгууң күч,
Шашылбачы таанууга балапаным.

Кантип коргойм бороондон улуп турган,
Турмуштанчы, туш келди уруп турган.
Сен чоңойсоң апаң да коргой албайт,
Бүт баарысын көзүңдөн туюп турган.

Үлбүрөгүм, назигим, бүчүрлөрүм,
Үзүлбөгүн, эч качан үзүлбөгүн.
Амалы көп адамдын табиятын,
Таанытпоого келсе эх… күчүм менин.

Жаңы чыккан жапжашыл бутактарым,
Мынча эзилип мөмөмдү кучактадым.
Мен да кечээ короомдун көчөтү элем,
Такыр башка чарбактан бутактадым…

Мээрим бирок өзүңдүн чарбагыңда,
Түшүнөөрсүң бой тиреп калганыңда…

 

БАЛАМА

Тынбай жаны, жыйсам чачып уйумду,
Чыным сынып, сутум ташыйт жаны аскан.
Дагы тарс дейт ашканадан бир табак,
Жалаякты чайкап кирип баратсам.

Халатым кир, тыкан болуу кайда азыр,
Таралбай чач жоолугума жашынган.
Тандан кечке кулга айлантты бул бала,
Тапичкеси он тетири басылган.

Соц тармактар:

One thought on “Күндөлүктөн…

  • 26.02.2013 at 12:27
    Permalink

    Азаматсын Жазгул, ийгилигин арбый берсин!!!

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.