Бишкекте жапон поэзиясынын кечеси өтөт

Basho19-апрелге белгиленген ыр кечени кыргыз котормочулары уюштурууда. Жапонияда сакуранын гүлдөшүнө арналган кечеге жапон элчилиги жана ыр ышкыбоздору катышмакчы. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук илимдер академиясынан кызматкери, тарыхчы жана котормочу Акылбек Жуманалиев билдирди.

Жуманалиевдин айтымында, Ала Тоодо жапон поэзиясы 1980-жылдардан тарта кучак жайган. Учурда күн чыгыш элинин акындарынын чыгармаларын кыргыз журтчулугуна тааныткан 15ке жакын котормочу бар.

Сакура жылына бир ирет, марттын аягынан апрелдин ортосуна чейин гүлдөйт. Маданияттын улуттук символуна айланган бул өсүмдүк тууралуу саптар жапон акындарынын ырларында басымдуу.

«Азаттык», 15.04.2013

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.