“Кара жорго” – шайдоот кыргыз бийи

karajorgo

Буга чейин эл арасына кеңири тараган “илгерки кыргыздар бийлеген эмес” деген түшүнүктү “Кара жорго” деген бир гана ыр-бий жокко чыгарды.

“Кара жоргонун” шарапаты менен кыргыз бийлери түп нускасынан жанданып элибизге кайтаар алдында турат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кубанычбек Эсенбаев жетектеген “Кара жорго” тобунун ырчы-бийчилери төгүлүп-чачылып айтып беришти.

“Кара жорго” – жоргонун жүрүшүндөй арыш таштатып, ат үстүндө бараткандай денени кыймылдаткан шайдоот жана көңүлдүү бий. Кезинде бул бийге кызыккан казак туугандар аны кытайлык кыргыздардан сурап алышып, бийлеп чыгышкан. Учурда бий бизге да жетип, калың элдин арасында кеңири жайылууда. “Албетте, бийге эки эл өз өзгөчөлүгүн кошкон, кимдин бийи экенин кытайлык кыргыздар бир көргөндө эле тааныйт!”,- деди Кубанычбек Эсенбаев:
Кытайлык кыргыздар, мобу казак бийлеп атат, мобу кыргыз бийлеп атат деп айырмалай алышат экен. Көрсө, ар бир улуттун өзүнүн бийи – өзүнүн жашоо образына, ошонун чарбасына жараша болот турбайбы. Биздин “Кара жорго” тоо мүнөз болуп атса, казак элиники талаа мүнөз.

Кубанычбектин айтымында, кыргыздардын бийи экиге бөлүнөт. Биринчиси – мистикалык бий. Ага тарыхта жазылып калган “жинди бий”, “талма бий”, “кара бий”, “шаман бий” кирет. Буларды кандайдыр бир “чымыны” бар адамдар гана транска түшүп бийлеген. Аны жүздөгөн кишинин ичинен бирөө гана, манасчылар сыяктуу аян алса гана бийлечү экен. Экинчиси – “Кара жорго” сыяктуу эркин бийлер. Аны каалаган адам кыз оюнда, ар түрдүү маараке – тойлордо бийлеген.
– Кара жорго бул биринчи эле кадам. Биздин топтогу Асел азыр “Муун бийди”, Элмурат “Сынма бийди”, Эркингүл “Ийин бийди” чыгарам деп атат. Ата-бабаларыбыз ушундай бийлерди да бийлеген экен.

Бүгүнкү күндө “Кара жорго” тобунун жаштары теле-радио, концерттерге байма-бай чыккандан тышкары, ресторан-кафелердеги түрдүү тойлорго атайын чакыруу менен барып катыра бийлеп акча да табышат экен.
– Жакшы тойлордон ушинтип элдин баары кол чаап сүрөп коюшса, булар төгүлүп-чачылат да. Түрктөр ушунчалык таң калып, туруп алып кол чабышты. Дунгандардын тоюна да барып калдык. “Белестеги беш ыргайды” көрүп жүргөндөр булар бийлегенде аш айры, кашыктарын таштай салып, чөнтөк телефонго тартып баштады.

Топтун бир өзгөчөлүгү – табитинде кыргызга мүнөздүү кыймылдарды көрүп алышса эле, калганын өздөрү эптештирип курай беришет экен. “Бийдин кызыгы да, чыгармачылыгы да ушунда”,- деди топтун бийчиси Асел Касмакунова.
Ар бир жолу эргүү келгенине жараша эркин бийлеп “импровизация” кылып кете беребиз. Бийлебей калсак кадимкидей бук болобуз. Бизге кыргыздын кыздары бийлечү беле деген суроону көп беришет. Кыргыздын жакшынакай бийи болсо эмне үчүн кыргыз кыздар бийлебеши керек?

Кубанычбек Эсенбаев топтун мындан аркы чыгармачылыгы нукура кыргыз ыр-бийлерине багыт аларын, репертуарды элеттеги элден алып байытып, кайра элге тартууларын айтты:
– Апам азыр сексенге чыкты. Кичине чагында биздин Кара-Суудагы, Тогуз-Тородогу туугандар боз үйдү айланып, бийлешкенин айтып калат. Апамды “биякка кел, алкоо кылабыз”, – деп чакырышчу экен. “Алкоо” дегени – теңирден жамгыр сурап, айланып-тегеренип бийлемей. Анан жанагындай зикир чалып, транска киргендери чокко салган кып-кызыл орокту тили менен жалачу экен.

Топтун дагы бир мүчөсү Элмурат Майрамбеков “Кара жорго” бийи дене-бойду жазып эле тим болбой, анча-мынча оорулардан арылганга да жардам берерин байкадык”,- деди:
– “Ийин кыймылдаганда денеге уюган туздан же анча-мынча туруп калган желден арылат экенсиң” деп тамашага чаптырып айтып калышат. Чындыгында эле ошондой пайдасы бар экен.

Муундарды бошотуп, ийиндерди жеңилдетип, омурткаларды ордуна коюуга жөндөмү бар көчмөндөрдүн “Кара жоргосу” кылым арытып, кайра элибизге келгени бекеринен болбосо керек.

Кытайдагы кулжалык кыргыздарда “Кара жорго” ыр-бийи ар кандай тойлордо, мааракелерде элдин көңүлүн ачкан бирден-бир элдик чыгарма экен.

Кыргыздардын “Кара жорго” бийи тууралуу маалыматты немис окумуштууларынын 1924-жылы тарткан даректүү тасмасынан кездештирүүгө болот. Андан Каркыра жайлоосунда өткөн жармаңке учурунда бир кыргыз эркектин бийлеп жатканы тартылган.

Алтынай Темирова, “Азаттык”, 22.01.2014

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.