Арстанбектин “Тар заман” обону

Кыргыз элинин байыртан берки улуттук рухий маданиятынын өсүп-өнүгүүсүнө, калыптануусуна, өркүндөөсүнө өтө баалуу жана зор салымды кошуп келе жаткан инсандардын катарынан, чындыгында, эң маанилүү жана көрүнүктүү орунду элибиздин атам – заманында ойлоп тапкан оозеки синкреттүү – синтездешкен формасындагы салттык музыкалуу-поэтикалык көркөм чыгармачылыгын көөнөртпөй улаган, аны көп кырдуу, жандуу чыгармачыл мүнөзүндө муундан муунга өткөрүп берген өнөрпоздору ээлерин ушул Кыргыз Билим Берүү Академиясы өз төрүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясы, “Манас Эл” коому, Улуттук Жазуучулар Союзу менен бирдикте 2014 – Мамлекеттүүлүктү Бекемдөөнүн Жылына арнап “Арстанбек Буйлаш уулу – Х1Х кылымдын улуу акыны” деген темада республикалык илимий-практикалык конференцисын уюштуруп, өткөрүп жаткан жеринде баса белгилеп айтуумду туура көрдүм. Бул маселеге эмдигиче мамлекеттик да, илимдик жана практикалык жагдайда да атайын терең көңүл бурулбай, кез-кезде гана кээ бир өнөрпоздорунун өмүр баянына арналган бир жактуу камкордуктары чектелүү, жетишсиз, үстүртөн жүргүзгөн иш чара болуп келгендей сезилет. Буга бүгүнкү конференцияга катышуучулардын чөйрөсү сан жагынан да, сапат жагынан да өтө эле төмөн экендиги бир мисал.

Албетте, элдик салттуу көркөм чыгармачылыктагы манасчылар, дастанчылар, кошокчулар, ырчылар, обончулар, музыкалык аспаптарда күү чыгаруучулар жана аткаруучулар, төкмө акындар, советтик доордун жашоо шартында жаңы адистикке ээ болгон композиторлор, дирижёрлор өзгөчө формадагы чыгармачылык табылгалары менен элдик турмуштун күүсүн дайыма коштоп келе жаткан өнөрпоздор экени төгүн эмес. Булардын чыгармачылык таасири өтө күчтүү, демилгелүү жана маанилүү экенин эч ким тана албайт. Бирок, ошондой болсо да, эл, күнүмдүк турмушунда Арстанбек Буйлаш уулунун, Актан Тыныбековдун, Сатылган уулу Токтогулдун, Турсуналы уулу Эстебестин ысымдарын байма-бай атап, алардын түркүн өнөрүнүн ар бирине токтоло калып, анын маани-маңызына артыкча арууланып, чыгармаларын кеп-сөзгө айландырып өзгөчө жагын баалап, андан ар бир угуучу-көрүүчү ой-сезимине, акыл-эсине маанилүү керегин сиңирип, аны эмоциялык көңүлү менен жан жүрөгүнө уютуп алып рухий жагынан азыктанып жатканы чындык экенин тарых далилдөөдө. Анткени, булар, кыргыз элинин “жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” деген нускалуу сөзүндөгүдөй, көп кырдуу көркөм өнөрү менен башка бир өнөрпоздорго, мисалы – манасчыга, комузчуга же ырчыга караганда, ар дайым коомдук кыймылдуу маданияттын чордонунда тынымсыз болуп, анын негизги процессине активдүү катышып кандайдыр бир карапайым адамдык жашоо-тиричилик аракетине өзгөчө кубаттуу дем (энергия) тартуулап турганы менен айырмалуу. Ошондуктан мындайлар артыкча өнөрпоздор – мурасчылар, жарчылар, үгүтчүлөр, жан дилди агартуучулар. Мындай өнөрпоздордун коомдук ролу өтө бийик, ар дайым мамлекеттик эскерүү иш чаралары аркылуу элдин аң-сезиминен түбөлүктүү орун алуулары керек деп ойлойбуз.

Арстанбек Буйлаш уулу, Х1Х кылымдын ортосунан баштап, өзүнүн төкмөлүк чыгармачылыгындагы музыкалуу-поэтикалык жана комузчулук, обончулук, күү чыгаруучулук өктөмдүү өнөрү менен өз доорунда да, кийин да элдин эсинде сакталган. Арстанбек чыгармалары менен кыргыздын коомдук аң-сезиминин өсүү даражасына дайыма күчтүү таасирин тийгизип элдин социалдык, саясый жана маданий жагынан калыптануусуна маанилүү багыт берип келген чыгаан(гений) өнөрпоз. Арстанбектин чыныгы чыгаан өнөрпоз экенин эл ичиндеги ушуга чейин оозеки түрүндө кенен айтылып жана аз болсо да жазма түрүндө сакталып келген чыгармаларынын маанилик, мазмундук жана маңыздык күчү тастыктай алат. Бул жагдай боюнча кызыккандарга маалыматтардын негизги жыйнагы “Арстанбек” (1994 ж., Бишкек, Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы. Жыйнакты түзгөн жана басмага даярдаган ф.и.к. Батма Кебекова, редактору – философия и.к. Кадырбек Матиев) китебине басылып чыкканы өтө татыктуу белек болду.

Китептин басылып чыгышына Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Адабият жана көркөм өнөр институтунун Окумуштуулар кеңеши тарабынан сунуш этилгени Арстанбек жөнүндөгү материалдардын ишенимдүүлүгүн жана тактыгын тастыктап турат. Албетте, китептин материалдарын жыйнап жана түзүп чыккан Батма Кебекова эженин эмгеги өтө зор. Бир кезде чачкын, баш аягы жок, ар кайсы жерде жолукчу материалдарды чогултуп, тактап жана мааниси боюнча иретке салып китеп кылып чыгаруусу кыргыздын рухий маданиятына чоң салым болду, эжеге окурмандар сыяктуу эле өзүм да терең ыраазычылыгымды билдирем. Анткени, 1970-1980 – жылдары Маданият министрлигинин алдындагы Республикалык атайын музыкалык орто мектебинде (азыр Мукаш Абдраев атында), Театр коомунда, Эл чыгармачылыгынын жана маданий-агартуу иштеринин илимий-методикалык Борборунда жетекчилик кызматты аткарып жүрүп элдик музыкалуу көркөм өнөр жайындагы бир топ маселеге илимий көз караштын жетишсиздигин билүүчүмүн. Маселенин кээ бир жагдайын изилдөө максатында, 1990-жылдын башында, ошол учурда Улуттук Илимдер Академиясында Батма эже башкарган Акындар поэзиясы жана фольклор Бөлүмүнө илимий кызматкер деген ишке сурандым. Кабыл алышты. Эже, менин музыкалуу да адистигим барынан, төкмө акындардын чыгармачылык өзгөчөлүгүнө илимий өңүт салуумду сунуш этти. Бул обьект мен үчүн кызыктуу болуучу. Ишке кириштим. Төкмө акындарга байланыштуу жазма материалдар менен таанышып, талдап чыгууга аракеттене баштадым. Төкмө акындык өнөрдүн башында манасчылар, дастанчылар тураарын эске алып, а дегенде, Саякбайдын манас айтууларынан 4-5 окуялуу түрлөрүн, Сары Кунандын аткаруусунан “Курманбек” дастанын, адаттагыдай поэзиялык эле тексттери боюнча кароодон баш тартып, өзүнүн нукура аткарылыш түрүндө поэзия, музыка, аткаруучунун үнү, кыймыл-аракети бир бүтүн, бири- биринен ажырагыс көркөм каражат болоорун негиз кылып алып, ошол боюнча угуучу-көрүүчүлөрүнө кандайча даражадагы таасирин тийгизээрин изилдөөгө өттүм. “Курманбектин” музыкалык тексттерин нотага түшүрүп анын ар бир угулушунда поэзиялык тексттеги ар бир сөздүн кандайча кубулуусуна көңүл койдум. Ар бир сөз музыкалык үн аркылуу бири-бирине логикалык байланышын улам өргүтүп отуруп автордук айтайын деген ойдун мотивдерин фразадан татаал сүйлөмдөргө кубулуу менен айландырып жатканын көрдүм. Автордун айтайын деген оюн ал сөздөр эле эмес комуз кайрыгынан чыккан өз алдынча фразалык кайрыктар да оболото күүлөп жатканы байкалды. Ушундай метод менен изилдөөнүн натыйжасында Сары Кунандын айтуусунан Курманбектин образы жана дастандагы бүткүл окуя өзгөчө мааниге ээ болду. Сары Кунандын аткаруучулук чеберчилигин да бийик даражада көрсөттү. Ошондон соң Арстанбектин айтылуу “Тар заманын” изилдөөгө кириштим. Анын кээ бир музыкалык чыгармалары эл чыгармачылыгы боюнча тааныш эле жана жазмага түшкөн түрлөрүн китептен, Кыргыз радиосунун алтын казынасынан жолуктурчу элем. Арасынан мени кызыктырганы 1928-жылы орустун музыка изилдөөчүсү А.В. Затаевич кыргыздын улуу музыканты Мураталы Күрөңкеевдин аткаруусунан түзмө-түз маңдайында отуруп угуу жолу менен “Арстанбектин Зарзаман” ырын нотага түшүргөнү болду. Ырдын аты эмне үчүн элдин аң-сезимине сиңип кеткен “Тар заман” эмес, мында “Зарзаман”? – деп бүшүркөйм. Комузумду колго алып нотасын чертсем, же кыл кыяк күүсүнө, же комуз күүсүнө окшобойт. Күүгө салыштырбай, обон десем чыгарма китепке чыккан жалаң аспап күүлөрүнүн катарынан орун алган. Бул чыгарма ырдалганы боюнча нотага түшүрүлгөн болсо ноталардын алдына сөздөрү жазылмак –дедим да чыгарманы кайра-кайра ойноп отуруп күү формасында эмес эле, ыр формасында экенин билип алдым. Чыгарма атында эмес, затында экенин да изилдей баштадым. Демейде төкмө акындар бир нерсе жөнүндө төгүп ырдаар учурунда окуянын болуп жаткан кырдаалына (ситуациясына) жараша, чыгармасына ат койбой эле, керектүү жагдайын келиштире сүрөттөп ырдап салат эмеспи. Демек, “зарзаман” аталып калышы редактордун иши болсо керек. Ошол заманда айтылуу Токтогулдун деле Ленин жөнүндө алгачкы ырдаганы “Ленинге” деген ат менен латын тамгасында чыгуучу республикалык газетасында жарык көрсө, кийин, Москвада Кыргызстандын Күнү өтүүсүнө карата “Кандай аял тууду экен Лениндей уулду” деп деле оңдолуп барган турбайбы деген ойго келдим да бул бүдөмүктү китептин редактору Владимир Виноградов жараткан экен деп койдум. Китепти басмага даярдап чыгарган Владимир Виноградовко кайрылууга туура келди. Кыргыздын музыкалуу маданиятына аябагандай зор эмгек сиңирген улуу адам В. Владимиров Москвада жашаарын билип телефонун таппай жүрсөм Илимдер Академиясынын Алтын казнасынын ошол кездеги кызматкери Мокеева Анара Мукашевна жолугуп:

“Агай! Затаевичтин кол жазмасы бизде бар экен, каттоодон негедир өтпөй эле сакталыптыр, мен эстеп таптым” деди. Кубануу менен табылган материалды колго алып карасам Владимир Затаевич кадимки эле нота баракчаларына туш менен “Арстанбектин Зарзаман” деп жазганы көзгө урунду. Нотанын алдына Мураталы атанын аткаргандагы сөздөрүнөн:

“Карагайдын башында,
Чыны болот дечу эле.
Ал чыныда тартылган,
Зымы болот дечу эле. – деп орус тамгалары менен жазгандары бар экен. Көздөгөнүм ордунан чыккандай изденүүмө шыктана баштадым. Баягы Алтын казнада эл оозунан ар кандай үзүндү-үзүндү болуп жыйналып калган “Тар заман” ырдалса ушундай болсо керек деп алардын саптарын нотадагы обонго салып ырдап көрдүм. Баары ойлогон оюмдай. Обон айтылуу Арстанбектин өзү ырдап жатканындай сезилет. Мураталы ата обонун даана берген экен дедим. Улуу музыкант өзү аткарган жүздөгөн чыгармалардын авторлорун так айтып, ар бир чыгармаларынын баянын элге толук жеткирип жүргөнү тууралуу элдин айтуусунда жана музыка изилдөөчүлөрдүн жазма маалыматтарында далилдер арбын эмес беле. Мураталы ата Затаевичке аткарып жаздырганында да чыгарма Арстанбектики экенин түшүндүрүп айтып бериптир. Ал түшүнүктү Затаевич өз тилинде мындайча жазганы турат:

“Певец Арстанбек (ум. В 1884 г.) сочинил эту песню, когда русские завоевывали его родину.
“Придут русские, наставят столбов, укрепят на них фарфоровые чашки, протянут проволоки и заведут таким образом телеграф. Построят и железную дорогу, и тогда вы, друзья, перестанете быть такими свободными!” (Затаевичтин тилин кыргызчалатпай эле койдум, окурмандарга түшүнүктүүдүр-Т.М.)

Александр Владимирович Затаевич Мураталы Күреңкеевдин аткаруусунан бул ырдын кантип башталаарын, обонунун негизги түзүлүшүн, анын ар кайсы жериндеги ылдамдык мүнөздөрүн, интонациялык кубулуштарын атайын музыкалык белгилер менен көрсөтүп жазган. Бирок, бул нота ырдын обонун эле көрсөткөнү менен улуу музыкант Мураталы Күрөңкеев Арстанбектин замана тууралуу ырдагандарынын поэтикалык тексттин толугураак билди бекен деген суроону пайда кылды. Мураталы атанын кандайча аткарып жүргөнүнө иликтөө керек болду. Ошол учурда буга бир окуя аракетимди ишке ашырды:

1991-жылдын 18-октябрь күнү Мураталы ата жашап өткөн Чоң-Кемин өрөөнүндөгү Карал-Дөбө кыштагында дүйнө салган Ысмайыл Токомбаевге топурак салуу шарты менен түнкүсүн айыл аксакалдарынын арасында төркү үйдө отурдум. Ар кайсысы салттуу кеп-сөздөрдү баштап жатканда өз кызыкчылыгыма байланыштуу суроомду узатып калдым. Биз маданият жаатында иштегендер Мураталы Күрөңкеев жөнүндө билгендерибизден көбүн эсе эле ал адам түрлүү элдик музыкалык аспаптарда ойноого өтө чебер болгонун түшүнөбүз, көптү билгенинен кабардарбыз. Илимдер Академиясынын кол жазмалар казнасындагы ал адам жөнүндөгү материалдардын арасынан акын болгондугу тууралуу да маалымат жолуктурдум. Бирок, ырчылыгы тууралуу ачык-айкын маалымат жок.

nota

Орустун музыка изилдөөчүсү А.В. Затаевичке Арстанбектин замана жөнүндөгү ырын ырдап нотага түшүртүптүр. Сиздер, ушул өрөөндүн адамдары, Мураталы атаны көргөн-билгендериңиздерден, укканыңыздардан айтып отурсаңыздар дурус болот эле дедим. Бирин-бири карап тунжурай түшүштү. Арасынан “Баягы “Көк дептер” да” деген сөз чыкты. Ошол “Көк дептер!…” деп дагы бирөөлөрү даана билгендей үн катты. “Ооба, ошондо. “Көк дептерди” картошканын аңызына көмүп жүрбөдү беле” деп калышты. Ал адам ким экенин сурай баштадым. “Бүгүн алардан адам көрүнбөйт, атайын кайра келсеңиз, кезигесиз. Сүйлөшөсүз да,” – деп коюшту. Кийин ишиме чыгып Батма эжеге бул окуя жөнүндө айтуу менен атайын сапарга жиберүүнү сурандым. Эже Тил жана Адабият Институтунун директору Абдыганы Эркебаевге кирип акча каражаты жок экен деп келди. Күндөр өткөн сайын баруу максатымды көздөйм. Эже директорго дагы кирип каражат жогун билгизди. Убакыт өтүп жаткан күндөрдүн биринде мен башка мекеме нин жетекчиси “эмгек маянаңыз дурус болот” дегендигинен аны күнүмдүк жашоомо ылайык көрүп сунуш эткен ишине которулуп кеттим. Эже менен кошуна туруучубуз. Ишимен кечкурун кайтып келе жатсам өмүрлүк жолдошум Дүйшөбүбү Жамансартова менен эшик алдындагы эс алуучу орундукта отурушкан экен, эже мени көрөөр замат, кубанычы менен, кол булгалап “Ай, Тукай! Бери кел, Сүйүнчү! Баягы “Көк дептер” табылды!” деди. Эжеге кут болсун айтып, Арстанбектин чыгармалары бекен десем “Ооба, дегеле бир тобу жүрөт” деди. Ичимден, эже өз төркүнүнө барып, баягы мен таап келүүчүнү өзү алып келгенин туюнуп калдым. Эмнеси болсо да Арстанбектин чыгармалары Мураталынын атанын ырдап бергендеринен экен деп, анын дайыны издөөнүн натыйжасында чыкканына ыраазы болдум. Бул иште эмгегимдин үлүшү бааланаар деген үмүттө жүрдүм. Үмүтүм текке кетти. Эже табылганын негизинде “Арстанбек” аттуу китепти жарыкка чыгарыптыр. Аны да билчү эмесмин. Арстанбектин 170-жылдыгында эже сый-урматка жетти. Менин издөө салып материалдын дареги жөнүндө айтып бергендерим боюнча эч жерде үн катпады. Китептеги жазган аннотациясында “…текстти колдо жок болуп келген, кокусунан 1992-жылы табылган Кабай Абдыракман уулуна таандык кол жазмадагы чыгармалары – керээзи, айтыштары, санат, термелери кирди.”- деп койду. Менин оюмча, илимпоз адам “кокусунан” деген сөзгө таянбаш керек эле. Бул жагынан да эже кээ бир нерсеге калпыстыгын көрсөттү. Батма эже китептин чыгышына көмөктөш болгон эки адамга ыраазычылыгын билдиргенинин арасында менин атымды да атап койсо акыйкаттык болмок. Кечиресиздер, урматтуу бүгүнкү конференциянын катышуучулары, бул окуя жөнүндө азыр айтып, жазып жатканымдын маанисин өзүңүздөр туура түшүнөөрсүздөр.

Улуу музыкант Мураталы Күкөңкеев аткарган “Арстанбектин Зарзаман” чыгармасы Александр Викторович Затаевичтин “Кыргыздын аспаптык күүлөрү жана обондору” (Составитель и редактор В.Виноградов. Всесоюзное издательство “Советский композитор”, Москва, 1971.) аттуу китебинде жарык көргөн чыгармалардын катарынан 73үнчү болуп 107нчи бетинен орун алган. Бул макалага ноталык көчүрмөсүн жана А.Затаевичтин Карамолдо, Мураталы менен түшкөн сүрөтүн тиркеп окурмандардын көрүп чыгуусуна сунуш эттик, караңыздар.

Бул нотаны талдоо менен төмөнкүдөй тыянактарды чыгарса болот:

1. Чыгарманын аталышы. Биринчиден – “Зарзаман” деген сөздүн басмага басылышында ката кеткен. Албетте, орус улутунун адистери кетиргени кечиримдүү деп ойлойм. Кыргыз адистеринен катышкан жардамчы да байкоосуздук кылса керек. Сөздүн туура жазылышында “Зар заман” болмок. Экинчиден – Арстанбектин замана жөнүндөгү ырын коомчулук “Арстанбектин “Тар заман”” ыры деп көнүп алган. Андыктан А.Затаевичтин нотага түшүргөндөгү аталышы эки аталыштын чаташканын билдиргендей болуп турат. Аталыштын туурасын табыш үчүн аткаруучунун чыгармага жасаган мамилеси ойго алынышы керек. Арстанбек замана жөнүндө бир жолу эле эмес же бир күндө эле эмес, ар дайым, өмүрү өткөнчө, ар кандай учурда , коомдук өсүүнүн ар кандай кырдаалдарында өктөмдүү ырдаган чыгаан акын экени баардык материалдары аркылуу маалым. Өзүнүн төкмө саптарында замананы дайыма жалпылай мүнөздөйт:

Ушу заман тар заман,
Азуулууга бар заман.
Бечарага зар заман.
Заманың келди жакындап,
Тайган иттей такымдап.

Демек, төкмө акын замана жөнүндөгү ырын зар заман деп да, тар заман деп, азуулууга бар заман деп да атай берүүсү эркине байланыштуу болгон десек туура. Менимче, адабиятчылардын замана жөнүндөгү ырларды ар кайсы акынга өзүнчө ататканы туура эмес.

2. Комуздун буроосу. Бул чыгарманын буроосу китепке басылбагандыктан өзүм аныктап жазып койдум: кыргызча айтканда терс бош толгоо; музыкалык аталышында квинта-секундалык толгоо.

3. Чыгарманын тональносу – фа-мажор.

4. Обондун көлөмү. Обон 7 тактыдан турган комуз күүсүнүн киришүүсүнөн башталат, обондун өзүн 22 такты түзөт.

5. Обондун басым өлчөмдөрү. Басым эки чейректик жана үч чейректик өлчөмдөр менен улам алмашып турганы кыргыз музыкасына мүнөздүү көрүнүш.

6. Чыгарманын ылдамдыгы. А.Затаевич чыгарма кандай ылдамдык мүнөзүндө аткарылганын даана көрсөткөн: башталышындагы 7тактыдагы комуздун шаңдуу чертилген үнү менен автордун ырга шыктана, кайраттана киришип жатышы автордун ички ой-сезим толгонуусун чагылдырып угуучу-көрүүчүнүн көңүлүн өзүнө магниттей тартат да накта ыр обону кенен чыгып ырчынын үнүн оболото алып учат. Обон мотивдери андан ары кайра-кайра кайталана берип ички чыйралуусун күчөтүп жатып акындын поэзиялык каражатын аябай байытат.

7. Чыгарманын нюанстары. Чыгарма музыкалык киришүүсү форте – катуу ойнолуп келип обонго өтөөр алдында декрещендо – акырындатуу белгиси менен автордун ырга киришүүсүнө өзгөчө даярдык демин берет. Ырчы ырдын сөздөрүн кайраттана айтып кыскача мүнөздөгү музыкалык мотивдер менен “сабап” кирет. Мындай ырдоо төкмө акындыктарга таандык. Жалпы ырдалган мүнөзүндө речитация орун алганы бар.

Арстанбектин замана жөнүндөгү төкмөсү дайыма ушул обон менен аткарылганы ар бир угуучунун же ырдайм дегендердин көңүлүн өзүнө тартпай койбойт. Обону өзгөчө. Х1Х кылымдын төкмө акындык обондордун бири болгону кызыкчылык туудурууда. Атактуу Арстанбек аргендей чыккан күчтүү үнү менен эл алдына чыкканда эч тартынбай, баатырдык мүнөзүн күтүп, замананын болумушуна нааразылыгын билдирүүгө жарыя салып, элдин оюн ойготуп, сезимин козгоп добул жааны башталгандай төгүп ырдап жатканы элеске тартылат. Мындай элести образдуу көрсөтүү үчүн ушул ноталык обонуна поэзиялык тексттерин коюп алып ырдоо гана керек. Өзүм аткарып көрдүм. Жаздырып кыргыз радио фондусуна өткөрдүм, “Арстанбектин Тар заман” деп аталат. Конференциянын катышуучуларына тааныштыруу максатында көчүрмөсүн ала келдим, угуңуздар. Менин оюмча, эми, Х1Х кылымдан бери коомдук аң-сезимдин абалын козгоп ар кандай суроо-жоопторду жаратып келген Арстанбектин бул чыгармасы өз обондук аткарылышы менен жаңыча мүнөздө жеткиликтүү болоор дейм. Ошондуктан Арстанбек чыгаан акындын “Тар заман” ырын тартынбай, Эркиндик замандын шарданында ар бир каалагандар ырдай берсе болот. Атайын үнү келишимдүү ырчылар, өзгөчө бүгүнкү күндүн төкмө акындары улуу Арстанбек жөнүндө улуу сөздөрүн айтып чыгармасын аткарса угуучулар үчүн баалуу белек болот. Ырдалып кетээрине ишенем.

“Тар заман” ырынын мазмундук, маанилик жана маңыздык баасы ырдалып жаткан гана түрүндө толук чыгат. Аткаруудагы ар бир интонациялык кубулуштар, поэзиялык угулуштар синкреттүү – синтездешкен формада угуучу-көрүүчүгө өзгөчө таасир берип анын ушул чыгармадан жаратып жаткан оюн бийлеп алат. Чыгарманы коррелятивдүү (поэзия, музыка, аткаруучулук кубулуштардын өз ара байланышы, биримдиги) түшүнүк менен чечмелөө, кабылдоо чыгарманын сапаттык жагдайын да, автордун чыгармачылык жана аткаруучулук өзгөчөлүгүн да туура ачып берет. Ал эми төкмө акындардын синтездешкен музыкалык-поэтикалык чыгармасынын негизги каражаты болгон поэзиясын же музыкасын өз алдынча ажыратып алып кароо жана ага баа берүү анын модалдуулугун жоготкону болоору сынчынын эсинен чыкпоосу керек деп ойлойм.

Турганбай МОЛДОГАЗИЕВ – маданият, музыка таануучу, Билим берүүнүн отличниги,
“Кыргызкабар”, 23.07.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.