Ш.Дүйшеев. Агындылар

(Башы өткөн сандарда)

Урматтуу окурмандар! Сиздер, Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин кара сөз түрүндө жазылган «Агындылар» китебиндеги Кыргыз ССРинин “бөрк ал десе баш алган” Борбордук Комитетинин аткаминерлеринин жүзү катары айтылып келген айтылуу Матен Сыдыков тууралуу жазылган «Матен» деген бөлүктү окуп жатасыздар.

ТОҢГОН АЛМА

Рим Сабирович андан ары справка берип келатып, Коммунизм колхозунун коомдук тамактануу жайынын буфетинен «тоңгон алма» сатылып жатканына токтолду. Райондук Общепиттин деректири чачы тармал, өзү олбурлуу Жоробай деген өзбек улутундагы жигит болучу. Тамакты жакшы жасайт экен деп атайын Фрунзеден алып келишкен. Матен Сыдыков келген сайын балыктан «ухо» жасап берет деп укчубуз.

Матендин дагы тарпы тышына айланды:

– Эмне үчүн тоңгон алма сатылып жатат? Ким буга уруксат берди? Жанагы адалдана элек аюудай болгон эмеңер кайда?

Жоробай «член бюролорго» тамак жасап жүрсө керек, табылган жок.

– Саринжи Жумагазиевич, бүгүндөн калтырбай аныңарды кайдан таап келсеңер ошол жакка жоготкула! – деди.

ЖОРОБАЙДЫН ЧӨП ЖЕГЕНИ

Ошол «адалдана элек аюудай» деп Матен атаган Жоробайсыз Ат-Башыга келген чоңдор тосулчу эмес. Облпотребсоюздун замы бар эле Таштаналиев деген, бир күнү эле «бизге келатыптыр», ошону тососуңар деп калды. Райпонун кишилери конок тосуп, кошомат кылуу жагынан алдыга адам салбайт эмеспи. Анын үстүнө өзүбүздүн тармактын өтө урматтуу кишиси болуп атса, анан биз тоспогондо ким тосмок эле.

Жоробай, мен, анан эки автолавщик конокторду алган бойдон Кептешке жетип келдик. Бак-шактуу, шибери көлдөлөңдөй көйкөлгөн, суунун жээгиндеги жайкалган жер. Күн чайыттай ачык. Дасторкондун берекеси өзүнчө эле күч-кубат кошуп, адамды күүлөп жиберери белгилүү го. Жайылып, жазылып, тамак-аштын түрүн жайнатып Таштаналиевди коноктоп олтурабыз. Таштаналиев дагы «жаманга сый көрсөтпө, уйга суу көрсөтпө» дегендерден эмес, сыйга татыктуу, каада-салттын кадырын билген, мыкты жигит эле, өзү да ыгыбызга көнүп, атаңгөрү, жорго ат бийиктен ойго келип, ойдон жолго түшкөндөй агып берди!

Ал аңгыча сөздөн сөз чыгып олтуруп эле баары Жоробайга жабыша кетишти.

– Жоробайыңар чөп жейт дешет. Киши кантип чөп жесин? Ишенбейбиз. Кыйын болсо чөп жегичтигин ушул жерден көрсөтсүн! – дешти.

Жүз граммдан алып жиберишти.

Жоробай да жанатан бери облпотребсоюздун башкармасынын орун басары өзү келип олтурса, анан анын алдында өнөрүмдү бир көргөзүп алсам деп турганын билип турам.

Мен анан:

– Кана Жоке, өнөрүңдү көрсөт? – дедим.

– Болуптур. Мен мына бул олтурган ордумдан бир метрге чейинки айланамдагы чөптүн баарын жеп кетсем эмне бересиңер? – деди.

– Эмне каалаганыңды берем! – деди Таштаналиев.

Жоробай анан нык олтурду дагы тыягын деле, быягын деле жулуп алып, бир заматта жеп, эчтеке калтырбай тасырайтып, майкандап жиберди. Итапкан жерди жеп ийгенден кийин:

– Утулдук, кокуй утулдук!- деп жиберишти.

Жоробайдын урматы үчүн тост көтөрүлдү.

ЖОРОБАЙДЫН БАЛЫК ЖУТКАНЫ

– Жоробайдын дагы кандай өнөрү бар? – деди Таштаналиев.

– Балыкты тирүүлөй жейт, – деди автоловщиктердин бири Расул.

– Балык барбы?

Какырас, тыякта бир-экөө балык кармап жүргөн эле, калдалаңдап кайырмагындагы балыгы менен жетип келди.

– Кана Жоке, өнөрүңдү көрсөт? – дедик жаалап.

Жоробай жоондугу сөөмөйдөн чоң, кайырмактан чыгарылбай туйлап жаткан балыкты чыгарып алды да, туйлаган ой-боюна койбостон, башын оозуна каратып туруп жутуп жиберип, артынан жүз граммды басты.

Мен ойлодум, «түүй-ата, балык ашказанына кирип алып, бир балээ кылып, тыяк-быягын тешип чыкпагайле» деп.

Кудай жалгап эчтеке болгон жок. Таштаналиевдин көңүлүн аябай ачып, кечке жуук кайттык.

ЖОРОБАЙДЫН ШАМПАН ЖУТКАНЫ

Жоробай 7-8 секунддун ичинде бир бөтөлкө шампанды жутуп коёт деп угуп жүрчүмүн, бирок «кантип эле ошондой болсун» деп түк ишенчү эмесмин. Жоробай бул өнөрүн Матен суранганда гана көрсөтөт экен дешчү. Өзү олбурлуу, күлүп коюп, унчукпай жүрө берген жигит эле. Анан бир күнү:

– Жоке, көп эле өнөрүңдү көрдүм, ушул өнөрүңдү көрө элекмин, көрсөтпөйсүңбү? -десем:

– Ал үчүн аябай даярданыш керек. Кокустан туура эмес ичип алчу болсом, Жоробайдан айрылып каласыңар,- деди.

Мен ойлоп жүрбөймбү, шампанды ууртап, жутуп ичсе керек деп. Көрсө оозун ачпастан бир топко дейре ары-бери аябай катуу чайкап-чайкап туруп, анан дароо пробкасын ала коюп оозуна такай салганда шампан жин урган эмедей өзүнөн өзү эле кургуйлаган бойдон барып 7-8 секунддун ичинде ашказанга кирип жок болот экен. Бул опурталдуу «оюнду» Ат-Башыдан Жоробайдан бөлөк жан киши жасай алган жок.

ЖОРОБАЙДЫН СУУГА ТҮШКӨНҮ

Кыштын кычырап турган кези. Тим эле бетке темирди баса койгондой, аттан ыргып кете тургандай суук. Райкомдун кечки жыйынынан чарчап чыккан башкармалар мелдеше кетип, бири:

– Ушул аязда сууга жылаңач түшүп берчү киши тапсаң байгесине бир кой, бир жашик арак саям! – деп калды.

– Болуптур, байгеңди камдай бер, – деди да Райпонун башкармасы Алимжан деген таксисти Жоробайды таап кел деп жумшады. Алимжан төгүлгөн сымаптай болгон неме эле, заматта жок болуп, Жоробайды таап жетип келди. Мелдештин шартын уккан Жокең таксинин ичинен эле чечинип, турсичен сыртка чыкты да Ача-Кайыңды көпүрөсүнүн булуңундагы буусу түтөп турган сууга кирип чыгып:

– Кана байгеңерди алып келгиле? – деди.

БАГЫ АЧЫЛГАН КИТЕПТЕР

Агезде айылдарда атайын китеп дүкөн дегендер жок эле, китептер тамак-аш азык-түлүктөрү менен чогуу сатыла берчү. Биздин керек-жарак коомуна да Москва менен республиканын басылмаларынан чыккан көп нускадагы китептер план менен бөлүнүп тургандыктан, өткөн-өтпөгөнүнө карабай эле таңуулап бере берчү, унчукпай ала берчүбүз. Албетте китеп дээрлик өтчү эмес. Айрыкча Брежневдин, Лениндин 1-томунан 40-томуна чейин киши албай складдарда чаң басып, үйүлүп жатчу. Күндөрдүн биринде Матен Сыдыкович Ат-Башыны кыдырып келатып бир маалда парторгуду:

– Жүрү үйүңдү көрсөт, – деп калат. Парторг «жок» демек беле, «ары карап ыйлап, бери карап күлүп» үйүнө алып барат.

Кичинекей балдары бир колу менен көйнөктөрүн кармап алып, бир колу менен жерге сүрөт тартып, ар кай жерди дөбө кылып заңдап олтурган болот. Улам бир дөбөгө жетип келип, «ырыскысын» жула чуркаган тооктун оозундагысын капталдан качырып чыккан дагы бирөө  жула качып, андан аркы агороттун саргарып какшып жатканын байкабайт Матен.

Ошол эле күнкү жыйналышта парторгду ордунан тургузду. Чарчы бойлуу, ак-саргыл, тегерек курсак жигит эле.

– Карагылачы турганын, балыктын жаңы сатып келген консервасындай болуп. Агороту болсо ирип-чирип жатат. Эшикке чыксаң олтура турган чычтымканасы, үйүнө кирсең эжелеп окуй турган китеби жок. Өзү болсо парторг. Кебетеси бул. Немедленно маселесин карап, партбилетин алгыла! – деп акесин окутту.

Эртеси ишке келсем, кудай бетин салбасын, Райпонун алды өчүрөт. Райондун чарбаларынан келген парторгдар КПССтин пленумдарынын, съезддеринин материалдары басылган брошюралардан тартып Лениндин томдоруна чейин эчтеке калтырбай талап кетишти. Өмүрү китеп планын аткарбаган Ат-Башы керек-жарак союзу ошол жылы китеп планын ашыгы менен аткарып, борбордун алкышына татыдык.

Баса ошондон кийин райондун жетекчилеринин агороттору куурайдан арылып, сабиз, картошка айдалып, жыгач дааратканалар салынып, окубаса да үйлөрүндөгү шкафтары китепке толуп чыккан болучу.

МАЛДЫБАЙДЫН АҢГЕМЕЛЕРИ

Ошол жылдары түнкү сугат деген балекети чыкты. Ат-Башынын жогор жагындагы айылдардын жарымынын чөбү сугарылбаса деле жамгыр менен чыга берет. Ал эми батыш жагындагы Пограничник, Кызыл Туу, Кара Суу деген үч айыл жылыга суунун азабын тартабыз. Келтебик менен Шырыктыдан келген суу графикке түшүп калат да суу келчү кезегибизди күтөбүз. Ашып кетсе бир айда он күн сугарабыз. Андан ашык суу тийбейт. Ошон үчүн биздей чарбалар үчүн түнкү сугат тим эле абадай керек. Анын үстүнө барган сайын малдын туягы көбөйүп барат. Күндүр-түндүр сугарып, тоютту көп камдап албасаң, кышта кыйналып каласың, тоютуң мол болсо кайгың да жок, жутту да тоготпойсуң.

Бийлик планды, план менен кошо бизди кубалайт. Бензин, солярка деген ит бекер арзан. Алтургай өзүбүзгө бөлүнгөн бензин менен солярканы тартып-талашып алганга чолобуз тийбей калат. Талаачылык болобу, малчылык болобу, бардык шарт жетиштүү. Иштеш гана керек. Ошол жылы мен кайсыл жетекчи барса эле начарлай берип өөдө болалбай өбөктөп калган чарбага парторг болуп бардым. Эртең Ат-Башыга Матен келет экен деп тийешеси бары деле, тийешеси жогу деле кара өпкө болуп аркы-терки чапкылап жүрөт. Түнкү сугатты текшерип атыптыр, азыр Пограничникте экен дешти. Менин Ленин колхозум так Бишкек-Торугарт жолунун боюнда эмеспи. Борбордон келатканы деле, борборго баратканы деле адегенде мага келип бир тийчү. Начар колхоздун эли да начар иштейт экен. Жалынып-жалбарып жатып 5-6 сугатчыны эптеп талаага алпкелдим да колдоруна асма чырак карматып:

– Айланайындар, жок дегенде түнкү саат 11-12лерге чейин чыдап туруп бергиле?- деп макулдатып коюп, башка жумуштарыма чапкылап кеттим. Саат он жарымдан өтүп калганда чакыртып жатат дегенинен жетип барсам, сага жалган мага чын, Матен Сыдыковдун өзү турат. Жүрөгүм шуу эле дей түштү.

– Башта сугатчыларыңа, – деди. Бутунда резинка өтүк. Баштап жөнөдүм. Көңүлүм жайында. Анткени биз бараткан сугат талаасында эки-үч чырагым ордунан жылбай турса, бир-эки чырагым ары-бери басып, күйүп жүрөт. Ичимден «сугарып жатышкан экен, азаматтар» деп сугатчыларыма ыраазы болуп баратам. Барып эле адегенде бакка асылып турган эки чыракты көрдүк. Дагы эки чыракты эшектин ээрине байлап кеткен экен. Эшектер ары-бери басып оттогон сайын алыстан киши басып жүргөнсүп көрүнгөн экен. Кирерге жер табалбай туруп калдым.

– Сугатчыларың  мыкты экен баатыр! Эртең саат алтыда деректириң менен штаттагы кишилериңдин бүт баарын алып мейманкананын алдында турасың!-  деп буйурду да бизден аркы үч колхозу кыдырып кетти.

«Коммунизим» колхозу Матендин тырмагына илинбей жакшы өтүп кетиптир, Болот Исаев деген уюштургуч жигити бар эле, текшерүү келатканын укканда эле 50-60 окуучунун колуна чырак кармата салып талаага тизе койгон экен, дароо Матендин мактоосуна илинди. «Пограничниктин» башкармасы барса үйүндө коңурук тартып уктап жаткан экен дейт, түнү менен тургузуп, машинасына салып алып Ат-Башынын кызыл көпүрөсүнө чейин алпкелип, көпүрөгө келгенде «түш машинеден» деп, караңгыда ээн жерге таштап салып андан ары айдап кетиптир.

– Эртеси тизип алып калп Сариев, шыпыр Асаналиев,-деп аябай ийледи.

(Уландысы бар)

“Де-факто”, 04.11.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.