Алмазбек АТАМБАЕВ: «…ашкере исламдашуу – кыргызды маңкурт кылуунун амалы»

«Мен айрым молдокелерге, саясатчыларга айткым келет: Кыргыз элине бирөөнүн кийимин, тилин, үрп-адатын таңуулабагыла! Кыргыз эли, кыргыз жери жакпаса, ошо сизге жаккан элдерге, өлкөлөргө барып жашагыла, эч ким каршы эмес. Биз мусулманбыз. Ислам дини дүйнөдө дайыма болоруна ишенебиз. Бирок, ошол эле учурда биз кыргызбыз! Кыргыз эли, кыргыз тили да дүйнөдө дайыма болсун деп тилейбиз. Ошондуктан биз элибизди, жерибизди, тилибизди, дилибизди коргоп, сактап калуу үчүн эң чечкин кадамдарга даярбыз! Муну эч ким унутпасын!”

Бул сөзүн КРнын Президенти А.Атамбаев Бишкекте Кыргызстандын Коргоо кеңешинин диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты жана чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө маселелерди караган жыйынында айтты.

Ушул эле сөзүндө өлкө башчысы “Манас” эпосубуз, ыр-күүлөрүбүз, кыргыз бийибиз, боз үйүбүз, комуз, чоор, кыяк, ат оюндарыбыз, тамак-ашыбыз, үрп-адаттарыбыз, салт-санааларыбыз, оймо-чиймелерибиз, башыбыздагы ак калпагыбыз, улуттук кийим-кечегибиз жана эне тилибиз бардыгын, мунун баары – улуттун руханий дөөлөттөрү экенин, буларды жоготсок, бара-бара эл болуудан каларыбызды баса белгиледи. “Сакал өстүрүп, дамбал кийип, намаз окуса эле мусулман болуп калбайт. Деги эле “мусулман кийими”, “мусулман эместердин кийими” деген чектөө ыйык куранда жок! Исламда жарашыктуу, таза кийинүү талап кылынат. Сакал да жарашыктуу коюлушу керек!” – деди Президент.

Мындан сырткары, кайсы бир радио уктуруудагы журналист менен молдонун диалогун мисал келтирди. Анда: ”Халал – адал, харам – арам” деген эле сөз эмес­пи, андыктан “адал” деп эле айтканыбыз туура го”, –деген журналистке молдо оозу-мурду кыйшайбай туруп эле: “Биз курандын тилинде сүйлөөгө милдеттүүбүз!” – деп кесе жооп бериптир. Антип айтканын, араб тилине өтөлү деп түшүнүшүбүз керек да. Элди акырындап маңкурт кылгысы келген молдолор бар”, – деди Президент.

Мындан сырткары биз, кыргыздар, исламды өз менталитетине жараша, кулк-мүнөзүнө, жашоо-шартына, дүйнө таанымына ылайыктап, байыртан башынан өткөргөн оош-кыйыштардын оң-тетири жактарын эске алуу менен калчап, он жолу өлчөп, бир кесип, боюбузга сиңирген калк экенин айтып, Президент улуттук майрам күндөр тууралуу да токтолду: “Белгилүү саясатчы Орозо айт менен Курман айт гана майрам, калган майрамдардын баарын – Ноорузду, жаңы жылды исламга жат жосундар катары жарыялап салды.

Аны ээрчип, жаңы жылды майрам деш ислам динине каршы экенин да бир молдо теледен айтып чыкты. Анда эмне, жаңы жылды тоскондугубуз үчүн кыргыздардын бардыгы каа­пырбызбы? Эгемендүүлүк күнү, Жеңиш күнү жана башка майрамдарыбыз бар”, – деген Президент ашкере исламдашуу – кыргызды маңкурт кылуунун дагы бир амалы, улуттук касиеттерди жоготуу максаты экенин билдирди.

“Ар-Намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов сөз алып, Президенттин бул баяндамасы тууралуу: “Чындыгында өтө көрөгөчтүк менен так, таамай айтылган сөздөр болду. Мен Президентке чын ыкласымдан ыраазычылык билдирем”, – деди.

Өлкө башчысы төрагалык кылган жыйында диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясынын долбоору каралып,  жактырылды.

Эске сала кетсек, өлкөдө радикалдуу диний агымдардын активдеши менен диний кырдаал кооптуу болуп баратканы көптөн бери талкууланып келаткан маселе.

Бул маселелер тууралуу буга чейин, 3-февралдагы жыйында эле Коргоо кеңеши диний кырдаалды кооптуу деп баалап, мамлекеттин диний чөйрөгө кийлигишпей келгени чоң жаңылыштык болгон деп билдирген. Ар кандай диний агымдардын көзөмөлсүз иш алып барышы өлкөнү бөлүп-жарып, коркунучтуу кырдаалга кептеп жатканы айтылган.

Айрыкча четтен каржыланган жана башкарылган, биринчи кезекте исламдын Кыргызстанда салттуу эмес багыттагы идеоло-гиясын жайылткан уюмдардын таасири катуу кооптонууну жаратып жатканы тууралуу сөз болгон.

Жыйындын күн тартибиндеги экинчи маселе: “Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун камсыз кылуу тууралуу” жабык эшик артында улантылды.

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”

P.S. 2014–2020-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы боюнча материалдар гезиттин кийинки сандарында улантылат.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.