Китеп – билим булагы. С.Рысбаевден жаңы окуу куралдары

s_rysbaev111Китеп – билим булагы демекчи, азыркы учурда Билим берүү тармагына заманбап зарыл методикалык куралдар жетишсиз болуп жаткандыгы барыбызга белгилүү. Ушундай өксүктүктү эске алып, жаӊы 2015-жылдын алдында окумуштуу-методист, педагогика илимдеринин доктору, профессор Рысбаев Сулайман филолог адистиги багытындагы студенттер жана окутуучулар үчүн керектүү 4 томдуу окуу куралын чыгарган. Ал китептер мазмундук жактан «Педагогикалык технологиялар» деген топтомду түзөт жана төмөндөгүдөй аталат:

 

folk_ped

1. «Кыргыз балдар фольклорунун педагогикасы», көлөмү 293 бет, кыргыздын улуттук фольклорундагы этнопедагогикалык идеялар, элдик тарбия маселелери, тарбия түрлөрү, методдору, принциптери, аларды окуу-тарбия иштеринде колдонуу жолдору ж.б. тууралуу.

Китепте кыргыз балдар фольклорунун изилдениши, анын идеялык мааниси, өзөгүндөгү тарбия-таалим идеялары, тарбия принциптери менен методдору. аларды учурга жараша жаш муундарды тарбиялоодо колдонуу багыттары тууралуу кеңири сөз болот.

Китеп ЖОЖдордун педагогикалык факультеттеринин окутуучулары, студенттери, мектеп мугалимдери жана усулчуларына арналат.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги бекиткен.

 

suyloo_jazuu

2. «Окуучунун сүйлөө жана жазуу ишмердиги», көлөмү 335 бет, сүйлөө ишмерлиги, жазуу иштеринин түрлөрү, типтери, жазууга үйрөтүү технологиялары, нормативдер, үлгүлөр ж.б.

Китепте эне тилиндеги сөздүн маани-маңызы, сөз билүүсү, аны колдоно алуусу, андан ары окуучунун сүйлөө жана жазуу ишмердиги, анын илимий мүнөздөмесү, ага коюлуучу дидактикалык талаптар, сүйлөө, жазуу ишмердигине, анын ичинде дилбаян, баяндама, жат жазууга үйрөтүүнүн теориялык практикалык маселелери камтылды.

Изилдөөдөгү көтөрүлгөн маселелер ЖОЖдордун окуучуларына колледждердин, орто мектептердин мугалимдерине, аспирантгарга жана студенттерге усулдук жардам берүү максатын көздөйт.

Китептин 2-бөлүгү доцент А.Акматова менен бирге иштелген.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги бекиткен.

 

praktika

3. «Кыргыз тилин экинчи тил катары окутуунун теориялык жана практикалык маселелери», көлөмү 302 бет, тилди үйрөтүүнүн дүйнөлүк технологиялары, деңгээлдик система, анын дидактикалык талаптары, теориялык-практикалык аспекттери (кыргыз тилинин мисалында) ж.б.

Китепте окуу орус, өзбек жана тажик тилинде жүргүзүлгөн мек-тептерде кыргыз тилин экинчи тил катары окутуунун илимий негиздери жана методикалык маселелери, анын ичинде, окуу-ңормативдик багьттагы материалдар менен бирге, кыргш тилинен системалык-деңгээлдик негизде окутуунун талаптары, окуучулар ээ болуучу теориялык жана практикальж компетенцнялар, аны текшерүу принцшггери, методдору, шарттары, каражаттары, окутуунун коммуникативдүүлүгү, коммуникативдик минимум, лексикалык-грамматикалык жана фонетикалык материалдар менен иштөө, текстти өздөштүрүү жумуштары, сүрөт, дидактикалык оюндар аркылуу кеп өстүрүү, ошондой эле тил жатыктырууга машыктыруучу көнүгүүлөр системасы ж.б. орун алган. Ошондой эле, кыргыз тилин экинчи тил катары окутуунун концепциясы жана мамлекеттик ставдарты тиркеме катары киргизилди.

Китеп мектеп мугалимдерине, методисттерге, изденүүчүлөргө, аспиранттарга жана кыргыз тилин экинчи тил катары окутуу маселе-лерине кызыккан окурмандарга арналат.

 

100kenesh

4. «Кыргыз тили, адабияты мугалимине жүз кеңеш», көлөмү 231 бет, аталган предметти окутуунун азыркы технологиялары, окуучунун билимин баалоо маселелери, класстан тышкаркы аткарылуучу иштер, алардын үлгүлөрү, ж.б.

Китепте кыргыз тили жана адабиятыбоюнча окуутучуларга жана мектеп мугалимдерине жардам иретинде илимий-методикалык жана жалпы педагогикалык багыттагы талаптар, андан соң күндөлүк практикада эске алууга тийиш болгон предметтик-методикалык негизги компетенциялар, үлгү болуучу көрсөтмөлөр, тарбиялык сабактардын иштелмелери камтылган.

Ушулар менен бирге, китепте алгач ирет Кыргызстан мугалиминин анты, Кыргызстан мугалиминин ар-намыс кодекси, мугалимдин этикалык принциптери, инсандык жана кесиптик сапаттары тууралуу ойлор менен сунуштар да киргизилген.

Китеп жалпы эле кыргыз тили жана адабияты боюнча кесиптенген мугалимдерге, методисттерге, мектептин окуу бөлүмдөрүнүн башчыларына, айрыкча, жаш мугалимдерге жардам тиери шексиз.

Кыргыз билим берүү академиясынын Окумуштуулар кеңешинин 2012-жылдын 28-ноябрындагы № 8 отурумунун чечими менен басууга сунушталган.

Эгемендик жылдарынан бери кыргыз тилин, адабиятын окутуу методикасынан жалпы көлөмү 81 басма табакты түзгөн мынчалык көлөмдөгү жана мазмундагы методикалык окуу куралдары чыга элек болчу.

!!!

С.Рысбаевдин аталган томдуктарынын бет ачар аземи ушул жылдын 20-февралында Кыргыз Улутук университетинде өткөрүлүүсү пландаштырылууда.

Асель Мукамбетова

Соц тармактар:

One thought on “Китеп – билим булагы. С.Рысбаевден жаңы окуу куралдары

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.