Нарын облустук драм театрында «Онтоосу көп – Общий дом» трагедиясы элдин суранычы менен 3 күн көрсөтүлдү

od1

Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драма театрында КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Чынар Калыбекованын «Онтоосу көп – Общий дом» трагедиясы элдин суранычы менен 3 күн коюлду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

«Онтоосу көп – Общий дом» трагедиясы азыркы замандын турмушуна багыттап жазылган, «Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз» аталышындагы турмуш чагылдырылган.

Анда багаар-көрөөрү жок, турмуштун азабына кабылган селсаяктардын баш баанек табышы менен бийликтин үстөмдүгү, кайдыгер инсандардын кылган мамилелери чагылдырылат. Ошондой эле, акчанын курманыдыгына кабылган жарандар адамдын жан дүйнөсү менен турмуштун ысыгы менен суугуна чыдап, арууланган жашоодо өлүм менен карч урушат.

Баш каармандардын бирин аткарган Саадат Көгөева, бул спектакль театрдын жаңы төрөлгөн ымыркайындай эле элес калтырганын белгиледи.

saadat«Мындай каарманды биринчи жолу аткардым. Бул каарманды жаратканда абдан кыйналдым, себеби сөздөрү да катуу экен, тубаса сокур кемпирдин ролун аткаруу мен үчүн абдан оор болду. Театрда иштегенимен бери 40-50дөй башкы каармандын ролун аткардым. Мен театрда иштегениме 35 жылдын жүзү болуп калды, азыр 55 жаштамын. Биздин театрда бул спектакль жаңы төрөлгөн ымыркайдай эле элести калтырды», – деди сокур кемпирдин ролун аткарган С.Көгөева.

Дудук кыздын ролун аткарган Асель Мүдүнова, дудук кыздын каарманын аткарууда кыздын жан дүйнөсүнүн тазалыгын баалаган.

asel«Мен айта албайм, кандай деңгээлде аткарганымды эл баалайт. Мага дудук кыздын каарманын аткаруу жакты, себеби кыздын өзүнүн жан дүйнөсүнүн тазалыгы бааланды. Ал кандай жерде жашабасын кыздын тазалыгы сакталды. Театрда иштегениме 4 жыл болду, ушул жыл аралыгында 5-6 каармандын оюнун аткардым»,- деди А.Мүдүнова.

 

od2

od3

od4

od5

od6

Turmush, 02.03.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.