Бишкекте тарых жана маданият жылына карата театрлардын өз ара чыгармачыл атаандашуусу өтөт

27-февралда Бишкекте алгачкы жолу театрлар “таймашы” өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигиндеги жыйында белгилүү болду.
Идеянын автору жана долбоорду иштеп чыккан Бишкектеги Б.Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик Жаш көрүүчүлөр театрынын жетекчиси Эгемберди Чалабаев.

Таймаш Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан өткөрүлөт.
27-февраль күнү Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрда болуучу алгачкы таймашта, Б.Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры менен Мамлекеттик Учур жаштар театры беттешет.

Жобо.

1. Таймашка өлкөбүздөгү театрлардын баары катыша алат.
2. Катышкан театрлар үч жанрдагы чыгарма даярдоого тийиш (драма, трагедия, комедия).
3. Ар бир чыгарма 10 минутадан болушу керек.
4. Чыгарманы таймашка түшүүчү тетатрлар өздөрү тандап алат жана калыстарга алдын ала маалымдалат.
5. Беттешүүчү театрлар чүчү кулак аркылуу аныкталат.
6. Арбир таймашта экиден театр ат салышат.
7. Калыстардын тапшырмасы менен кошумча чыгарма аткарылат (убактысы 2 мин,даярдануугу 1 мин).
8. Калыстар деректолор кеңешинде сунушталып , бекитилет.
9. Калыстардын курамы 10 кишиден турат .
10. Калыстар 10 баллдык системада баа коюшат.
11. Театрлар таймашы айлампанын негизинде өтөт.
12. Таймаш эки сезонго бөлүнөт Жаз жана Күз болуп.

Жеңишке жетишкен театрларга акчалай сыйлыктар берилет.

“Кабар”, 08.02.2106

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.