Эмне үчүн Чыңгыз Айтматов Нобель сыйлыгын албай калган?

Өткөн кылымдагы көркөм сөз чеберлеринин ичинде Чыңгыз Айтматов дүйнөгө эң кеңири белгилүүлөрдөн гана эмес, тынчтыкты чыңдоого, эл аралык мамилелерди гумандаштырууга жана өнүктүрүүгө активдүу катышкан көрүнүктүү коомдук ишмерлерден да болгон. Эгерде чыгармачылык жагына токтоло турган болсок, Ч.Айтматовдун чыгармалары көзү барында эле дүйнөнүн 174 тилине которулуп, жалпы нускасы 80 миллиондой даанада басылып чыккан. Фантастикалык, детективдик чыгармаларды жазган авторлор үчүн мындай нускалар көндүм нерселерден болгон менен чоң адабиятта сейрек кездешчү көрүнүштөрдөн.

Ал 1960-2000-жылдарда гуманитардык чөйрөлөрдө өткөрүлгөн эл аралык иш чараларга активдүү катышып жүрдү, 1986-жылы өзү “Ысык-Көл форумун” уюштурду. Адабиятка, кино жана театр искусстволоруна кошкон чоң салымы үчүн мурдагы Союздагы гана эмес, дүйнөдөгү көптөгөн эл аралык сыйлыктарга ээ болду, ар кандай академияларга мүчө болуп шайланды. Бир гана өкүнүчтүү жагы, дүйнөдөгү эң абройлуу болгон Нобель сыйлыгын албай өтүп кетти. Анын себеби эмнеде? Же Ч.Айтматов ага толук татыктуу эмес беле?

Биздин оюбузча, бир эмес Лайнус Полингдей, эки жолу татыктуу болчу. Бири адабиятты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн берилсе, экинчиси тынчтык үчүн күрөшкөндүгүнө ыйгарылса деле туура болмок. Анткени, ХХ кылымдын 80-жылдарындагы кайра куруунун, жаңыча саясый ой жүгүртүүнүн парадигмаларын коомдук аң сезимге бекемдөөдө Айтматовдой салым кошкондор аз. Ал эми өткөн кылымдын экинчи жарымындагы прогрессивдүү эң чоң окуя – кайра куруу, дүйнөнүн саясый картасынын кескин өзгөрүүсү болгондугу шексиз. Бирок, эмне үчүн мурдагы Союздагы бир катар адабий институттар, кийинчерээк түрк тилдүү өлкөлөрдүн президенттеринин, абройлуу уюмдарынын бардыгы көрсөтүшкөндүктөрүнө карабастан ага Нобель сыйлыгы ыйгарылган жок?

Биздин оюбузча, көркөм адабиятка, тынчтыкты чыңдоо ишине эч кандай тиешелери жок бир катар обьективдүү жана субьективдүү себептерден улам жердешибизге Нобель сыйлыгы ыйгарылбай калды. Андай өксүктөр бул сыйлыктын тарыхында мурда деле болуп келген. Алсак, убагында Нобель Л.Толстойго да ыйгарылбай калган. Аны Толстой кабыл алат беле, албайт беле, ал өзүнчө маселе, бирок ага, андан кийин орус адабиятындагы Максим Горький, Михаил Булгаков, Анна Ахматова, Андрей Платонов сыяктуу дүйнөлүк маанидеги көркөм сөз чеберлерине да берилген эмес. Ошол эле мезгилде аталгандардан сүрөткер катарында дареметтери кыйла төмөн тургандарга ыйгарылган. Эмне үчүн?

Нобелдин керээзи

nobel270x390

Көпчүлүк адамдар сыйлыктын адабият боюнча номинациясы көркөм сөз өнөрүндөгү чоң жетишкендик үчүн гана ыйгарылат, калган саясый, идеологиялык жагдайдар эске алынбайт деп ойлошот. Чындыгында андай эмес. Альфред Нобель өзүнүн керээзинде сыйлыктын номинацияларын санап келип “… төртүнчү – идеалисттик багыттагы өзгөчө көрүнүктүү адабий чыгарманы жаратканга берилүүсү керек” деп сыйлыкты ыйгарууда, биринчи кезекте, саясый-идеологиялык мотивди эске алуу керектигин ачык көрсөткөн. Демек, Нобель сыйлыгын алуу үчүн улуу романдарды жана повесттерди жаратуу гана аздык кылат, ал үчүн автордун саясый, идеологиялык көз караштары Швециянын Королдук Академиясынын мүчөлөрү артыкчылык бере турган позицияларга ылайык келүүсү керек. Аны Россияда адабият боюнча Нобель сыйлыгын алгандардын тизмеси эле ырастап турат. Алар кимдер? И.Бунин, Б.Пастернак, М.Шолохов, А.Солженицын, И.Бродский. Булардын ичинен И.Бунин, А.Солженицын, И.Бродский совет бийлигине ачыктан ачык каршы чыгышкандар, Б. Пастернак – диссидент, ал “Доктор Живагосунда” революцияны кабыл алгысы келбеген интеллигенттин трагедиясын көрсөткөн. Ал эми М.Шолоховго келе турган болсок, маселе жогорудагылардан да татаалыраак.

“Тынч Дон” – казак орустардын Октябрь Революциясына чейинки кылымга жакын убакыттагы турмуштарын, андан кийин эки оттун ортосунда калган трагедияларын агынан жаргандай реалисттик өңүттө, кеңири масштабдуу философиялык тереңдикте ачып көрсөткөн улуу эпос. Андай эпос Л.Толстойдун, Ф.Достовскийдин улуу романдарындай эле эч кандай сыйлыкка муктаж эмес. “Тынч Донго” сыйлык ыйгарылбай калса, анда М.Шолохов үчүн эмес, Нобелдик комитет үчүн уят болмок, анын беделине гана доо кетирмек. Экинчи жагына келгенде өтө этияттык талап кылынат. Ток этерин айтканда, М.Шолоховго Нобель сыйлыгы ыйгарылгандан кийин Батышта ага асылуу мурда болуп көрбөгөндөй күчөп, “Тынч Дон” М.Шолоховдуку эмес, чыныгы автору жарандык согуш мезгилинде курман болгон дондук жазуучу Федор Крюков дегендей жалаалар күчөгөн. Орус адабиятчыларынын арасында деле андай версияны жактоочулар аз эмес. Андай жалаалар убагында жазуучуну депрессияга учуратып, ден соолугунун кескин начарлаткан.

И.Бунин көркөм сөздүн кайталангыс чебери, феномалдуу стилист. Бирок ал эмиграцияда жүрүп совет бийлигин каргап-шилеген “Арсеньевдин турмушу”, “Каргыш тийген күндөр” деген сыяктуу чыгармаларын жарыялабаганда Нобелдик комитеттин ага ыкласы түшөрүн бир кудайдын өзү билет. Ал эми А.Солженицын келе турган болсок, чындыгында ал чоң жазуучу эмес, чоң публицист. Анын шедевр деп айтарлык “Матренин двор”, “Один день Ивана Денисовича” деген эки эле аңгемеси бар. Калган килтейген томдору, анын ичинде бир нече китептен турган “Архипелаг ГУЛАГы” да лагердик турмушту ачып көрсөтүүгө, совет бийлигин каралоого гана багытталган , өзүнүн кээде далилдүү болсо, көп учурда “баланча арестант айткан, ал мага минтип жазган” дегендей так фактылары жок, шектүү булактарга гана негизделген, болгондо да өз позициясынан башка бир да аргументти, көз карашты кабыл алгысы келбеген жаалдуу саясый публицистика.

А.Солженицындин шантажы

soljenicyn

В.Лениндин аныктамасы боюнча, совет бийлигинин Батыштагы эң элдешкис душманы У.Черчилль болгон. Бирок ал деле өзүнүн дүйнөлүк экинчи согуштун тарыхына арналган алты томдук эмгегинде И.Сталин өз каттарында аны кээде жаш баладай кагып-силксе, кээде ачыктан ачык мазактаганы, Улуу Британиянын кызыкчылыктары үчүн ал анын бардык жоруктарына чыдагандыгы, ал өмүр бою большевизмдин элдешкис душманы бойдон калгандыгы жөнүндө көп наалыса дагы, бирок баары бир Сталиндин, Совет өкмөтүнүн согуш согуш мезгилиндеги уюштуруучулук, жетекчилик иштерине, советтик жоокерлердин эрдиктерине аябагандай жогору баа берген. Ал эми А.Солженицындын томдогон публицистикаларынын бир жеринен да советтик бийлик жөнүндө жакшы сөз таппайсыз. Ал Россияга кайрылып келген алгачкы жылдарынын биринде “менден совет бийлиги жөнүндө эч качан жакшы пикир күтпөгүлө” деп ачык эле айткан. Ал мурда жаалдуу антисоветчил болсо, кийин андан да агрессивдүү улутчулга айланды. Анда чыныгы чоң сүрөткерлерге мүнөздүү калыстык, обьективдүүлүк болгон эмес.

Экинчиден, А.Солженицын өзүнүн “Бодался теленок с дубом” деген 770 беттен турган мемуарында жадабай жазгандай, Нобелдик сыйлыкты Батыштагылар менен ачыктан ачык соодалашып жүрүп алган. Ал 1966-1970-жылдардагы Батыштык журналисттерге берген интервьюларында, алар аркылуу жиберген каттарында “Нобелдик сыйлыкты мага тезирээк бергиле, антепесеңер мени бул жактагылар жок кылышат, эгерде берсеңер Нобелдик союл менен бул системаны дагы катуурак урамын” дегендей маанилерде бир чети суранса, экинчи жагынан шантаж да кылып жүрүп алган. Алардын баары убагында басылмаларга жарыяланган.

Бул жакка Айтматовду аралаштырбай эле коёлу, орус адабиятындагы М.Булгаков, А.Платонов, А.Ахматова, Л.Леонов, В.Астафьев, А.Твардовский сыяктуу жазуучу, акындар көркөм сөз чеберлери катарында А.Солженицынден кыйла эле жогору турушат, бирок алар системанын элдешкис душманына айланышпагандыктан же Нобелдик комитеттин Уставындагы “идеалисттик” деген талапка ылайык келишпегендиктен улам ал сыйлыкты алышкан эмес. Андай Уставдык сын-ченем турганда канча ирет көрсөтүлсө да Айтматов ал сыйлыкты ала алмак эмес. Улуу жазуучубуз советтик түзүлуштүн терс жактарын өз чыгармаларында түз жана каймана түрдө сындаган менен анын элдишкис душманына же тажаал оппонентине айланган эмес. Тескерисинче, советтик системанын эң абройлуу башкаруу органдарынын (БК, Жогорку Совет, жазуучулар союзу, сыйлыктарды ыйгаруу боюнча комитеттин мүчөсү ж.б.) активдүү мүчөлөрүнөн болуп келген.

Батышта агартуучулардын мезгилинен бери калыптанган салтка ылайык, сүрөткер расмий бийликке карата дайыма оппозицияда болушу, эң бери дегенде дистанцияланган калыс позицияда туруусу талап кылынат. Маселен, Э.Хемингуэй, У.Фолкнер, Г.Гессе сыяктуу сүрөткер лауреаттардын бийликтегилер менен кенедей да мамилелери болгон эмес. Бийликтегилер менен сүрөткерлердин ымалалашып ысык болуп кетүүсү дайыма аларда шек туудурат, талант ээсинин коомчулуктун алдындагы аброй-беделине терс таасирин тийгизбей койбойт. Ал эми улуу жазуучубуздун башкаруу органдары, коомдук уюмдар аркылуу мурдагы Союздун ички турмушуна активдүү аралашып, айрым учурларда компартиянын тигил же бул чөйрөдүгү саясатынын апологети да болуп келгендигин жакшы билебиз. Нобелдик комитеттегилер анын талапкерлигин кароодо сөзсүз бул жагдайга да көңүл бурбай коюшкан эмес.

Дагы бир өксүгү эмнеде эле?

nobel1_270x390

Нобелдик комитеттин статуттарына же бизче айтканда Уставына ылайык, талапкерлерди Швециянын Академиясынын мүчөлөрү жана ЖОЖдордун адабияттын жана тилдердин тарыхтары боюнча профессорлору, адабият боюнча уюмдардын жетекчилери гана көрсөтө алышат. Калган институттардын талапкерлерди көрсөтүүгө укуктары жок. Айрым маалымат булактарына ылайык, адабият номинациясындагы талапкерлердин саны жыл сайын жүзгө жакынды түзөт. Бирок мында кимдер тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлерге артыкчылык берилет? – деген мыйзам ченемдүу суроо туулат. Болбосо өзунүн өлкөсүндөгүлөрдөн башкалар жарытылуу билбеген жазуучу, акындарды талапкерликке көрсөтүп жаткан адабий уюмдар деле аз эмес. Биз билгенден мурдагы Союзга кирген өлкөлөрдөн эле жыл сайын 5-6 дан кем эмес жазуучу, акындын талапкерлиги көрсөтүлөт, бирок дайыма эле алардын бардыгы аутсайдерлерден болушат. Биздин Кыргызстанда деле түрк улутундагы өзүн өзү “Нобелдик талапкер” деп жарыялап алган бир окумал бар. Талапкерлерди иргеп, ылгап, кийинки талкууларга киргизүүдөгү сын-ченемдер эмнеден турат?

Комитеттин бардык процедуралары аябагандай жашыруун шарттарда жүргүзүлөт, бирок маалымдоо каражаттары аркылуу таркап кеткен айрым маалыматтарга ылайык, Шведдик Академия жана мурда Нобелдик сыйлыкка ээ болгон адабиятчылар тарабынан сунушталган талапкерлер өзгөчө дыкаттыкта каралат экен. А.Солженицындын сыйлыкка жетишүүсүнө Франциянын лауреат жазуучусу Франсуа Мориактын кошкон салымы абдан чоң болгон. Эгерде талапкерди мурда Нобель сыйлыгына ээ болушкан 3-4 акын, жазуучу расмий түрдө колдогондугун билдирип кат жөнөтүшсө, анын шансы аябагандай жогорулап, каршылыктарын билдиришсе, ошончолук төмөндөй түшөт дешет. Мында баса белгилей кетчү нерсе, Нобель сыйлыгына арзыган адабиятчылар негизинен социалисттик системага, компартияга каршы элдешкис позицияда турушкандардан болушкандыктан алар Ч.Айтматовдун талапкерлигине колдоо көрсөтүшкөн эмес.

Мына ушундай жогоруда айтылгандардай себептерден улам улуу жазуучубуз өзү аябагандай урматтаган М.Булгаков менен А.Твардовскийдей болуп Нобелге ээ боло албай жарыкчылыктан өтүп кетти. Эгерде “Гүлсараттагы” Танабайды партбилет үчүн күрөштүрбөй, “Тынч Дондогу” Г.Мелехов мылтыгын сууга ыргыткандай, адилетсиздиктерден жадаган Танабайды “жылуусу жок тонуңду урайын” дегендей кылдыртып партбилетин ыргыттырып жиберсе эле Нобелди Альбер Камюдай болуп, кырктан жаңы ашканда эле алмак. Антпеген күндө деле көркөм сөз өнөрүндөгү эң мыкты чеберчилиги үчүн гана эмес, өзүнүн “Гүлсарат”, “Деңиз жээгин бойлой жорткон ала дөбөт”, “Кылым карыткан күн”, “Кыямат”, “Кассандранын тамгасы” сыяктуу чыгармалары аркылуу дүйнөлүк ой казынасына эң жогорку экологиялык аң-сезимди, маданиятты жана мамилелерди, гуманисттик идеяларды киргизип, кылымдын тарыхый эс тутум, зордук зомбулук сыяктуу актуалдуу маселелерин көтөрүп, аларды кеңири масштабда, философиялык тереңдикте ачып бергендиги үчүн да Нобель сыйлыгына татыктуу эле. Ким кандай ойлойт билбейм, бирок менин оюмча Айтматовдун “Ала дөбөтү” Э.Хемингуэйдин “Чал жана деңизинен” көркөмдүк, эстетикалык касиеттери, философиялык жалпылоолору боюнча ашса ашып түшөт, бирок андан кем эмес. Айтматовдун башка чыгармалары менен дүйнөлүк адабияттын айрым мыкты үлгүлөрүнүн ортосунда да салыштырууларды, параллелдерди жүргүзсө болот, бирок алар бул макаланын милдетине кирбейт.

Папан Дүйшөнбаев, “ВВС” Кыргыз кызматы, 16.12.2015

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.