Тубаса

Омор СУЛТАНОВ ким? Адегенде эле түз, «алагушту атынан чакырып» айтыш керек. Омор Султанов кыргыз улуттук кыртышынан өнүп чыккан нукура, тубаса акын, ушул эле учурда чыгармаларынын баасы-баркы дүйнөлүк бийик чен-өлчөмдөр менен өлчөнүп баалана турган эл аралык масштабдагы чоң акын. Бир сөз менен айтканда — классик. Улуттук поэзиянын соңку классиги.

Биринчи. Омор Султанов кайнаган турмуштун өзүнөн, кара кыргыздын көзүнөн төрөлүп-төгүлүп чыккан нагыз улуттук кыргыз акын. Бул касиет анын 1961-жылы жарык көргөн «Тоо күндөрү» ырлар жыйнагында эле ачык байкалган.

Бул тунгуч жыйнактын баасы, ал — жаш автордун Алыкулдун мектебинен каныгып өткөнүн каңкуулап турган эле. Омокең да ушул мектепти учурунда мыкты жана анда кармалып калбай эрте өттү, өз жолуна бат түштү. Буга анын экинчи ыр жыйнагы — «Жылдыздуу түндөр» (1966) күбө.

Жыйнак дароо көзгө түштү. Андагы салттуу ырлар менен катарлаш:

«Асман турат театрдай көшөгөсү ачылган,
А жылдыздар — актрисалар чачылган!» — өңдүү саптар өз кезеңи үчүн жаңы мезгилдин жалындуу демин кармап турган жаңычыл, жанар эркин ырлар болгон. Эркин поэзияга кайрылуу Омокеңдин чыгармачылыгындагы өзгөчө этап.

Анткени бул аны: биринчиден, Алыкулдун айылынан эртелеп бөлүнүп, узап, анын эпигону болуп калуудан сактады; ошол эле учурда, Омокеңди дал Алыкулчасынан өз жаратылышына, өз айылына, өз көлүнө, бир сөз менен айтканда, акындык өз жан дүйнөсүнөүңүлтүп алып кирип, омордук мөөр басылган кайталангыс поэзиясына кең дарбаза ачты; экинчиден, бул дарбаза өз улуттук тереңдигине гана карай эмес, сырткы кеңирсиген аалам — дүйнөлүк поэзияга карай да түшүп, суналган жаңы султановдук жолго салды.

1968-жылы жарык көргөн үчүнчү жыйнак — «Отузунчу станция» дал ушул дарбазадан кубаттуу кагылган улут поэзия айдыңын жаңыртып, дүйнөлүк мейкинге сүрөп чыккан коңгуроо доош жыйнак болду.

«Отузунчу станция» бийик поэзиянын бардык талабына бар жагынан толук жооп берген бышкан жыйнак. Жыйнактагы ырлар акын өзү бир ырында:

«Өрдөктөй күүгүм талаш көлгө конгон,
Белгисиз каяктандыр уйку келет», — деп карамыгып туруп айткандай.

Бар менен жоктун, өлүк менен тириктин, жакшылык менен жамандыктын, сүйүү менен жек көрүүнүн, балбан турмуш менен көр оокаттын, кыскасы, уч менен түптүн милте жигинде бул морт өмүрдү аны менен эң алгач көрүшүп да, эң соңку ирээт коштошуп да жаткандай, эң бир муңайым да, салтанаттуу да ырдайт — омор султанаттуу!

Эгерде жазмыш буйруп, бир ырдын дүйнөлүк сынагы жарыяланып калар болсо, анда Пушкиндин атактуу «Я помню чудное мгновенье», же Лермонтовдун «Выхожу один я на дорогу», болбосо, Петрарка менен Шекспирдин кайсы гана сонеттери менен болбосун үзөңгү кагыштырып, тайманбай жарышка салып ийүүгө жарамдуу, кеменгер тереңдиктин жана гениалдуу жөнөкөйлүктүн нагыз үлгүсү, бир сөзүн же үтүрүн да козгоого эч мүмкүн эмес “Кышындагы батар күн” элегиясы баштаган ырлар дал ушул улуу тунжурга тунган ырлар, жок, ыр эмес, тагдырдын сырдуу тамчылары. Мындай дүйнө төгөрөк сыйган тамчы ырларга жыйнактагы «Добул болордун алдында», «Койчунун түнү», «Алтын Күнгөй», «Ошондо тоолор бизге көзүн салып», «Кайда жүрсөм жанымдасың», «Айыл сүрөттөрү», «Жамгырлар», «Абышкалар» жана «Отузунчу станция» поэмасынын өзүн кошууга болот. Булар жыйнактагы кадимки салттуу формада жазылган, терең, турмуштук философиялык ырлар.

Жыйнактын экинчи бөлүгүн эркин, ак ырлар түзөт. Жыйнактын баалуулугун дагы да арттырган — дал ушул эркин поэзия. Бул жыйнак ошол кездери «акындарга үч суроо» салынып (кыргызга «ак ыр» керекпи же керек эмеспи?» деген), адабият майданын ата мекен согушундай эле кызытып жиберген улуттук зор талашка дал ошол жаңы поэзиянын өзү аркылуу дадил жооп болгон. Чынында, кеп мында – поэзиядагы жаңы форма эле эмес, ошол жаңы форма аркылуу улут жашоосуна ургундай агылып кирген жаңы дүйнөлүк кеңдик, тездик, учкулдук жаңы философия тууралуу жүрүп жаткан. Уитмендин, Мистралдын, Неруданын, Верхарндын, Аполлинердин, Элюардын, Хикметтин, Межелайтистин ж.б. жаңы формага эриштелип өткөн жаңы мазмундуу кубаттуу духун улут поэзия айдыңына агызып буруп келүүдө турган. Сап башында Р.Рыскулов, С.Эралиев, С.Тургумбаев, кийинкилерден Т.Муканов, Р.Карагулова, С.Акматбекова, А.Токтомушевдер турган жигердүү ага-ини муун акыры жаңы поэзияны кыргыз кыртышына байырлатып тынышты. Мындагы артыкча орун, дагы кайталайлы, эркин, ак ыр формасын «Отузунчу станция» жыйнагында эле жете өздөштүрүп, аны «улуттук классикалык» дегидей даражада ийине жеткире иштеп салган дал бүгүнкү маараке ээси — Омокеңе таандык!

Кийинки «Чарчоонун жүзүнчү ыры» поэтикалык цикли жана соңку жыйнактары “Отузунчу станциянын” демин уланткан, автордун кыргыз улуттук поэзиясын формалык да, мазмундук да жактан жаңы деңгээлге аргытып чыккан китеп болду!

Сүрөткер чыныгы устаттыктын (мастерликтин) сересине көтөрүлгөн кезде ал эмне жөнүндө гана жазбасын, эски-жаңы формаларга кайрылбасын — улуттук, не эл аралык темаларды ырдабасын аларды кыргыз рухуна чайып, “арыстандын изи” ачык түшкөн личносттук деңгээли дайым ачык көрүнүп турат.

Бая, Омор Султановду кыргыздын өз кыртышынан өнүп чыккан нагыз улуттук акын деген элек. Омокеңдеги мына ушул касиет, колдонбосун, кыргыздын дилинде, тилинде гана айтууга мүмкүн болгон ой туюнтмалары – ай караңгысында оморкыргыз омогун, же улут колоритин таанытып турат. Маселен: Отелде, Париждин чет жагында ал түнү уктап жатсам уйкуну сүттөй жутуп Ала-Тоом түшкө кирди (От. стан. 301-б).

Омокеңдин поэзиясындагы эң бир айжаркын барак — бул арзуу лирикасы. Арзуу ыр — акындын анык ички күзгүсү болот. Анткени чыныгы поэзияда жалган жасалмалуулук деген болбойт. Чыныгы сүйүү да дал ошондой — ал БАР же ЖОК. Арасат абал жок мында. Сүйүүдө жалган айтуу эч мүмкүн эмес. Арийне, эки ортодо сүйүү сымак жалган абал да жашайт.

Бирок бул, акындын өзүнүн бир сабы менен айтканда, «балыктын мала, шүйшүн, мээлүүн, өлүмсөк канына» окшош алдамчы, иллюзия абал. Сүйүүнү мала шүйшүн, шүйшүнүп эмес, кыпкызыл оттой жалындап, чоктой чачырап, чак түшкү Күндүн Жерге үзүлүп түшкөн бир сыныгындай жанкуурал азабына азаланып да, жанжыргал кумарына жазаланып да ырдап берет, ыйлап берет. Акындын арзуу ырлары, анын анабашы «Сен жөнүндө поэманын» сүйүүнүн чыныгы гимнине айланып калганы ошол. Сүйүүгө чындап кабылган жан өзүнө чейин сүйүүнү эч ким мынчалык билелектей, эч ким мынчалык элжиреп сүйөлектей, бу зор Аалам экөөнүн энчисине гана жаратылып калгандай, бу карт дүйнө экөөнү жолуктуруш үчүн гана кыйрап кетпей эмкиге эсен келгендей сезет — өзүлөрүн! Омокеңдин ырларында дал ушул дем, ушул ишеним, ушул кубат, ушул биринчилик!

«Сен жөнүндө поэма» – бул Омор Султановду арзуу ырларын дүйнөлүк дулдулдарынын катарына кошот!

«Сен жөнүндө поэма» – бул кыргыз поэзиясынын дүйнөлүк адабиятка кошкон салымы!

Автордун эң соңку олуттуу чыгармасы -»Адамдын турмушу» ыр романы. Бул бир кыргыз адабиятындагы эле эмес, жалпы түрк асманындагы, кала берсе дүйнө мейкининдеги эң бир кызык, уникалдуу чыгарма. Нагыз ыр-роман. Уникалдуулук мында эмнеде?..

Эрксизден эл эркеси Байдыкеңдин — Сарногоевдин:

«Эгерде, тоолорумду жазып-жайып жиберсем,
Ашып кетет Азияңдын теңинен», – деген тамашалуу ыр саптары жадыбызда жаңырып өтөт. Ырас эле, ушул тамашаны чынга айландырып «Адамдын турмушу» ыр-романын ушул турушундагы ыр саптарын жазып-жайып жиберип, туташ кара сөзгө айлантып ийип окусак, анда, өтө кызык бир көрүнүшкө туш болор элек. Чыгарма — муун саптарынын сындырылып, сөздөрүнүн уйкашталып эле турганы болбосо, ал кара сөздө ыргакталып жазылган кадимки зор көркөм полотнону көз алдыга тартат. Мында, анын «Ак Жол, Көк Асман» прозасында шаңкая ачылган кашкая реализм, болушунча, эми, поэзияда ишке ашкан. Сүрөттөлүп жаткан окуялардын кармалап көрсөң болгудай деталдарга ушунчалык жыш ширелгендиги, образдардын жасалмасыз нукуралыгы, турмуштук тактык — мына ушунун баары элдик тилдин ширесинде берилиши — чыгарманы кадимки кара сөздө жазылган эпос-романды окуп жаткандай таасир калтырат. Кара сөздө гана берилиши мүмкүн болгондой ээн-жайкын турмуш картиналарды акындык керемет талант аркылуу жандуу поэзияга айландырылып салынат. Дүйнөлүк адабияттын тарыхында мынчалык поэзиялашкан прозаны, же тескерисинче, прозалашкан поэзияны табуу кыйын. Ич менен сырттын, лирика менен эпиканын мынчалык жыш синтезинен бүткөн ушул касиет «Адамдын турмушу» ыр-романын бая айтылган кайталангыс уникалдуулукка чайып турат.

Дале салыштыра айтпасак, түшүнүксүз калат. Маселен, Пушкиндин атактуу «Евгений Онегин» ыр романы, сөз жок, дүйнөлүк поэзиянын эң ири көркөм туундуларынын бири болуп саналат. Ошону менен бирге чыгарманын чыныгы орду — орус рух мейкининде гана чындап билинет, бааланат, өзүнүн айжаркын поэтикалык ажарын ачат. «Евгений Онегин» нукура орустук көрүнүш-кубулуш, улуттук колоритке нагыз улуттук чыгарма. Дал ушунусу сыңары, Омор Султановдун «Адамдын турмушу» ыр романы чачынан тырмагына чейин нукура төл кыргыздык кубулуш. Бул да «Евгений Онегин» сыяктуу кыргыздык колоритке белчесинен эмес, кокодон карк! (баса, Омокеңдин ыр романы «онегиндик ыкманы» толук колдонуп жазылгандыктан, мында да ал «мына эмесе!» деп чоң Пушкиндин өзү менен маданияттуу эрегишке (эрөөлгө!) чыгып койгонбу дейсиң). Бул чыгарманы нагыз кыргыз турмушунун поэзиядагы энциклопедиясы деп койсоң жарашат. Бул чыгарманын баасы бүгүнкүдөн да артылып эртең күчтүү билинет. Эсеби, биз бүгүн өткөн XIX кылым аягы, XX кылым башындагы тартылган документ фото сүрөттөргө, кинохроника материалдарына кандай суусап кайрылсак, кырк жылдан кийинки кыргыз мууну «Адамдын турмушу» ыр-романына дал ушундай, же көркөм-хроникага кайрылгандай эле кайрылат. Андан кыргыздык рухий азык алат. Анткени мында кыргыздын боелбогон, сырдалбаган, апыртылбаган, кемитилбеген накта турмуш чындыгы кыргыздык нукура тилде, дилде, зилде ташка тамга баскандай таамай мөөрлөнүп калган. Бир сөз менен айтканда, «Адамдын турмушу» ыр романы кыргыз баласы жер үстүндө жашап турганда түбөлүк окулар чыгарма.

Жакында Астанада түрк мамлекеттери баш кошкон саммитте: «Кыргызстан – көчмөн цивилизациянын борбору» деп таанылды. Көчмөндөр цивилизациясына жалпы дүйнөлүк көңүл улам кызуу бурулууда. «Көчмөндөр цивилизациясы» деген түшүнүк азырынча «этнографиялык» пландан анча аша албай турат. Алдыда байыркы көчмөндөр философиясынын, көчмөндөр адабиятынын, анын ичинде поэзиясынын жаңы негизде кайрадан жаралуусу күтүп турат. Накта «улуттук» жана «дүйнөлүк» маани-маңызга канык жаңы адабият өсүп чыгууга тийиш. Улуттук духтун өнүгүүсү ушул тегиздикке бурулууга тийиш.

Айтматов өмүрүнүн соңку жылдарында: «мен космополит жазуучумун» деп көп айта баштаган. Бул эми сөздүн жакшы маанисиндеги «космополитизм», же жалпы адамзаттык темалар, проблемалар мени улам көбүрөөк оп тартып, соруп баратат дегени эле залкардын.

Алдыда ушул соңку айтматовдук жалпы адамзаттык адабият же сөздүн эң жакшы маанисиндеги космополитизм мындан да эң жакшы маанидеги чыныгы кыргыз улуттук турмушу, психологиясы, колорити, этнографиялык-хроникалык дегидей тактык тереңдиктери менен байытыла баштоого тийиш. Ушунда биздин көңүлүбүзгө кайрадан Омокеңдин айтылган «Адамдын турмушу» ыр романы оролуп келет.

Бу роман поэзиядагы жаңы багыт берип турган алгачкы карлыгач чыгармалардан болуп саналат. Демек, Омор Султановдун белгиленип жаткан 80 жылдык мааракеси – бул анын чыгармачылык жолуна карата чыгарылган белгилүү тыянактар гана эмес, жалпы кыргыз адабиятынын, анын ичинде поэзиясынын алдыга өнүгүү багытына карай нускоо дагы.

Эгерде мындай болбосо ар кандай мааракелер өзүнүн идеалдуу максатына жетпей калат. Утурумдук дата менен чектелип калат. Омокеңдей залкардын мааракеси бизди жогорудагыдай улут адабиятынын алгы проблемаларынын тегерегинде өтө терең ойлондурганы, толгондурганы менен да баалуу.

Омокеңдин жүзү кең келечекке бурулган. Ал нагыз улуттук калемгер сүрөткер катары алгы муундар тарабынан улам терең тааныла жана ачыла берет!

Чоюн Өмүралиев,
Кыргызстан мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты,
Эл аралык коомдук Ч.Айтматов жана «Манас» академиясынын академиги,
“Кутбилим”, 13.11.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.