Астайбек Бутанаев: Теңир-Тоо менен Эне-Сайдын кыргыздарынын данакер кулуну

“Теңир-тоолук кыргыздар менен хакастар Эне-Сай Кыргыз каганатын негиздеген орто кылымдардагы кыргыздардын орток урпактары” деген илимий пикирдин ырааттуу жактоочусу, хакас этнографы, профессор Астайбек (Виктор) Бутанаевдин 70 жылдык торколуу тоюна карата тарыхчынын блогу.

Залкар жазуучу, маркум Чыңгыз Айтматов (1928-2008) “тарыхый мурасыңды үйрөн, ата-жотоңду таанып жүр, манкурт болбо!” деген осуятты көркөм чыгарманын күчү менен дүйнөгө таанытса, хакастардын чыгаан этнограф окумуштуусу, тарых илимдеринин доктору, профессор Астайбег Бутанаев дал ушул идеяны өзүнүн талыкпас илимий эмгектери аркылуу чагылдырып келет.

Эгерде хакастын чыгаан илимпозу, түрколог Николай Фёдорович КатановдуXIX кылымдын акыры – XX кылымдын башындагы хакастын көзгө басар окумуштуусу катары бааласак (ал 1862-жылдын бугу (май) айынын 6сында (Григорий календарына ылайык 18-майда) Түштүк Сибирде Аскиз кыштагынын жанындагы Үзүм жергесинде туулган – 1922-жылы жалган куран (март) айынын 9унда Казан шаарында кайтыш болгон), ал эми Астайбек (Виктор Яковлевич) Бутанаев агабыз XX кылымдын соңундагы – XXI кылымдын башындагы хакас элинин чыгаан окумуштуусу, энциклопедиячы этнографы катары баалоого татыктуу.

Кыскача өмүр таржымакалынан

Тек-жайы

Астайбек (хакасча Астайбег)  агайдын атасын көрүп калдым. Теги хакас Алабарс (Яков Николаевич) Бутанаев кезинде аскер кызматында иштеген. Уулу Астай 1946-жылы 12-мартта (жалган курандын 12синде) туулганын, ал кезде өзү Ыраакы Чыгыштагы Камчатка жергесинде кызмат өтөп жаткан кезең болгонун айтып берди. Анын айрым маалыматтарын кийинчерээк “Википедияга” да жарыяладым.

Алабарс (Яков) ата 1918-жылы туулуп, 2001-жылы дүйнөдөн кайткан. Анын жубайы Валентина Ивановна 1924-жылы туулуп, 1995-жылы дүйнөдөн өткөн. Экөө экинчи дүйнөлүк согуш аяктап бара жатканда Камчаткада таанышып, ошол 1945-жылы үйлөнгөн экен.

Окумуштуунун хакасча ысымындагы “Астай” сөзү “бак-таалайлуу” жана “жолдуу” дегенди туюнтат. Атасынын ысымы болсо “Алабарс”, бул – “арстан” дегенди туюнтат. Түпкү маанисинде, бул сөз “барс” деген тотемге барып такалса керек.

Хакастын сагай уруусунан болгон бабасынын ысымы “Бутанай” болсо – кыргызча “бото” сөзүнүн эркелеткен түрү (төөнүн ботосу, боточосу) деп которулат. Хакастар ата-тегинин атын гана тегаттарында (фамилияларында) сактап, ал эми өз ысымдарынын орусчасын гана жаздырып калышкан.

Бирок Астайбек агай менен Эркине (Ирина Исаевна) жеңе өздөрүнүн уул-кыздарына ат койгондо орусча ысымдардан баш тартышыптыр. Алар уулуна Азархан, кыздарына – Дарига жана Алангоа деп ат коюшкан.

 

Илимде чапкан өзгөчө жолу

Астайбек агай 1964-1969-жылдары Өзбекстандын борбору Ташкен шаарында жайгашкан Ташкен мамлекеттик университетинин Тарых факультетинде таалим алган. Студент кезинде Самарканд жана башка жерлердеги археологиялык казууларга да катышкан.

Жогорку билим алган соң, ал өмүр бою Түштүк Сибирде этнографиялык изилдөөлөр жүргүзүп келет.

1969-жылдан тартып Хакасиянын борбору Абакан шаарындагы Хакас Чөлкөм таануу музейинде этнограф болуп иштеген.

1970-72-жылдары Орусиянын Приморье чөлкөмүндө (крайында) Иман шаарында аскердик кызмат өтөгөн.

1972-92-жылдары ал кездеги Хакас автоном облусунун борбору Абакан шаарында Хакас Тил, адабият жана тарых илим-изилдөө институтундагы тарых бөлүмчөсүндө ага илимий кызматкер болуп иштеди.

1983-жылы Новосибирск шаарында этнография тармагында кандидаттык диссертациясын жактады. Анын диссертациялык эмгегинин темасы: “ХIХ к. – ХХ к. башындагы хакас айылынын социалдык-экономикалык өнүгүшү” («Социально-экономическое развитие хакасского аала в конце ХIХ-начале ХХ в.») деп аталган.

1980-жылдардын соңунда Астайбек агай Кыргызстанга байма-бай каттай баштаган. Анын ар бир келиши бишкектик интеллектуалдар үчүн майрам болду.

Анын себеби эмнеде? Ошол кездери Кыргызстандын Илимдер академиясында чыккан кыргыз тарыхына арналган көп томдуу академиялык эмгекте Кыргызстан Компартиясынын жетекчилигинин кысымы менен Эне-Сай кыргыздарынын тарыхынан баш тарткан жобо таңууланган болчу.

Астайбек агай менен анын үзөңгүлөшү, археолог Юлий Сергеевич Худяков (Новосибирск ш.), Кыргызстандан – булак таануучу, профессор Өмүркул Караев, этнограф Имел Молдобаев сыяктуу азганактай гана тарыхчылар бул таңууланган жоромолго каршы ачык чыгышканы белгилүү (бул жерде жазуучулар Түгөлбай Сыдыкбек уулу, Чыңгыз Айтматов, Кеңеш Жусупов, Ашым Жакыпбеков сыяктуу айдыңдардын алиги жоромолго каршы чыгышканын кеңири токтолуп айтып отурууга мүмкүнчүлүгүм жок).

Л.Р.Кызласовдун тайкы жоромолун Хакасияда расмий колдоп жатышкан кезде Астайбек агабыз тайманбастан кызласовчул жоромолго да, Бишкектеги расмий жоромолго да каршы чыгып, орто кылымдарда Хакас мамлекети жана хакас эли болбогондугун, Түштүк Сибирдеги кубаттуу каганатты түзгөн эл – кыргыздар эле деп аталгандыгын жазып чыкты. Азыр да Астайбек агай бул пикирди баса белгилеп келет. Ошондуктан Кыргызстандагы расмий жоромолго нааразы болгон алатоолук айдыңдар аны 1988-жылдан тартып эле кучак жайып тосуп алып, ардактап келгенинин чоо-жайын аңдоо кыйын эмес.

Кайра куруулар доорунда этнограф Астайбек агай хакастын “Тун пайрам” аттуу улуттук майрамын калыбына келтирүүгө жана үгүттөөгө чоң салым кошкон. Ал пост-советтик доордо Орусия Федерациясынын автономиялык жумурияты болуп калган Хакасиянын улуттук гербинин долбоорун түзүүгө да катышкан.

Астайбек агай 1991-94-жылдары Орусиянын Сибир бөлүмүнүн Филология институтунда фольклор бөлүмчөсүндө (Новосибирск шаарында) этнограф катары эмгектенди. Өзүнүн докторлук ишин да тамамдады.

Ал 1993-жылы Новосибирскиде Орусия ИАсынын Сибир бөлүмүнүн Археология жана этнография институтундагы Окумуштуу кеңешинде тарых илиминин доктору наамын алуу үчүн доктордук диссертациясын жактады. Диссертациясынын темасы: “Хакастардын этностук маданияты жана алардын тарыхый өнүгүшүнүн негизги баскычтарын калыбына келтирүү көйгөйлөрү” («Этническая культура хакасов и проблемы реконструкции основных этапов их исторического развития»).

Бул эмгек Түштүк Сибирдеги этнография тармагында жарыяланган жаңычыл диссертация катары жылуу сөзгө арзыды.

1993-жылдан тартып Абакан шаарында Н.Ф.Катанов атындагы Хакас мамлекеттик университетинин Илим изилдөө бөлүмүндө Этнография лабораториясы ачылып, Астай Бутанаев анын жетекчиси болуп дайындалды. Чын-чынында, Астайбек агайды бул университетте 1994-жылы ачылган Археология, этнография жана тарыхый чөлкөм таануу кафедрасынын демилгечиси жана уюштуруучусу деп кароо керек. Аталган кафедраны ал 2011-жылга чейин жетектеп келди. Ал Саян-Алтай түрк калктарынын этнографиясы тармагында илимий мектеп түзүүгө жетишти.

 

Илимий сапарлары

Астайбек Бутанаев бүткүл Түштүк Сибир жергесин кыдырып, кыргыз жана хакас этнографиясына байланыштуу маалыматтарды жеринен иликтеген ири адис.

Астайбек агай 1994-жылы Монголияда да илимий сапарда болду. Монгол жергесиндеги кыргыз тарыхынын издерин иликтеди, өлкөнүн түндүк-батышындагы айтылуу Кыргыз-Нор көлүн да кезди.

1990-жылдардын ичинде Астай агай Түркияга да байма-бай каттап, түрк тилин үйрөнүп, илимий иликтөөлөр жүргүздү. Алгачкы жолу ал Эркине жеңе экөө Түркияга Бишкек аркылуу барганы эсимде. Биздин үйдө конок болуп, тамашалуу окуяларды саймедирлеп айтып жатты. Анын шайыр мүнөзү дароо башка кишилердин көңүлүн көтөрөөр кереметке ээ.

Ал эми 2005-жылы бугунун аягы – кулжанын башында Астай агай Кытай Эл Республикасынын Хэйлуңжаң аймагында байырлаган Фу-йү кыргыздарын кыдырып, өзгөчө олуттуу илимий иликтөө жүргүздү. Ага бээжиндик кыргыз таануучу, профессор Мухаммед Ху Чжэнхуа жана өз аспиранты, учурда Кытайда эмгектенип жаткан Михаил Чертыков көмөк кылышты.

Астай агай Фу-йү кыргыздары Эне-Сайдан Жуңгарияга, андан соң Манчжурияга айдалган кыргыздардын урпактары экенин, тили жагынан азыркы хакастарга жакындыгын тастыктап, бул тууралуу даректүү тасмалар да жарыялады.

 

Ала-Тоо менен байланышы

1988-2015-жылдары Астай агай Кыргызстанда бир нече ирет илимий сапарда болду. Ар кыл кыргыз университеттеринде дарстар окуду. Анын ичинде Кыргыз улуттук университети, Кыргыз мамлекеттик университети, Бишкек гуманитардык университети, эл аралык Кыргыз-Түрк “Манас” университети ж.б. бар.

Ал кыргызстандык айдыңдардын Эне-Сай аймагына саякат жасашына ырааттуу көмөк кылып, өзүнчө эле данакер кызматын аркалап келет десек болот.

Астай агай Абаканга келген кыргыз тарыхчылары, этнографтары (Имел Молдобаев, Тынчтыкбек Чоротегин, Олжобай Каратаев, Сынару Алымкулова, Баяс Турал, ж.б.) жана жазуучулары (Кеңеш Жусупов, Кердегей – Кубат Жусубалиев, ж.б.), журналист Султан Абдыракманов ж.б.  үчүн Хакасияга, Алтайга жана Тывага этнографиялык сапарлар уюштурган.

 

Хакасияда Астай ага менен

1995-жылы кулжа (июн) айынын соңунда Хакасияга үй-бүлөм (маркум жубайым Нургүл, уулум Алмаз) менен чогуу барып калдым.

Тывага бара жаткан жолдо өргүүгө токтодук да, Астай аганын уулу Азархан менен уулум Алмаз ойноп калышты.

Алмаз “мойнуңузга көтөрүп чуркаңыз” десе, Азархан: “Анда сен мага “Манастан” үзүндү айтып бер!” деди. Менин да оозумду ачырып, уулум “Манастан” анча-мынча сапты айтып, анча-мынчасын эптештирип жамактап кошуп жиберсе болобу!

Ыраазы болгон Азархан келип Алмазды кучактап, мойнуна мингизип алып чуркап кетти. Биз кыраан каткы болуп жатып калдык.

Дагы бир жерде Эне-Сайга куйган Абакан дарыясынын боюнда буйткараак болуп чыккан жеринен Астай ага менен Азархан сууга түшүп калышты. Оболу ала-тоолуктар аларды карап турдук.

Көзү кычышып кетти окшойт, менден уруксат сурап алып, уулум аларга кошулуп сууга чекирди да, алеки заматта суудан жээкке ыргыган балыктай кайра атып чыкты. Барып колумду салсам, суу тим эле муз менен кара таш экен! Энесайлыктардан уялып, мен да сууга түштүм.

Кийинчерээк Ысык-Көлдө бештин айында (декабрда) деле сууга түшкөн учурум болду, бирок кулжа айындагы Абакан суусунун муздактыгына салыштырмалуу кыш мезгилиндеги көл суусу тим эле жып-жылуу болуп жатты.

Энесай Кыргыз каганатындагы орток бабаларыбыз (Барсбек жана башкалар) деле Астай ага менен Азархандай чыдамкай болушса керек деп ичимден ойго батканым эсимде.

Хакасияда дагы, Тыва жергесинде дагы Астай байкени кастарлап тосуп алып жатышты. Ал ар бир жолуккан кишиден анын тиши өткөндөй этнографиялык маалыматтарды сурамжылап чогултуп алып жатты. Кээде талаада чатыр тигип жаттык, кээде айылдагы үйлөрдө конуп жүрдүк. Хакастар менен тывалыктардын айтылуу архи аттуу суусундугунан ооз тийдик.

Мен үчүн анын талаа материалдарын чогултуу тажрыйбасы өзгөчө алгылыктуу болду. Кийинчерээк Кытайдагы кыргыздардын айылдарын аралаганымда да Астай аганын айрым ыкмаларын колдонуп жаттым.

 

Жубайы Эркине тууралуу эки ооз сөз

Астай аганын жубайы – Ирина Исаевна (Эркине) Бутанаева да хакас тили жана адабияты боюнча мыкты адис, филология илимдеринин кандидаты. Менимче, илимпозго Эркине эжедей өмүрлүк жар туш болгону өзгөчө бакыт.

Бир ирет шакиртим Олжобай Каратаев экөөбүз Астай аганын жаңы китебинин бет ачарына интернеттен түз байланышып катышып калдык. Олжоке экөөбүз Бишкекте туруп эле Хакасиядагы туугандардын илимий-маданий чарасына үн кошуп жаттык.

Мен тамашалап:

– Астай аганын эки жубайы бар, – дедим.

Ары жакта тым-тырс эле болуп калышты.

Андан ары сөзүмдү уланттым:

– Бири – Эркине эже (Ирина Исаевна), экинчиси – этнография.

Кыраан каткы болуп күлүп жаткан калайыктын арасынан Эркине эженин азил сөзү угулду:

– Мен – экинчи эле аялымын, биринчи жары – этнография!

Кыргызстанда 2002-жылы Астай ага менен Эркине эженин биргелешип жазган китеби кыргызча которулуп жарыяланды. Аны этнограф Олжобай Каратаев которгон. Бул эмгекти интернеттен ээн-эркин окуй аласыздар.

Эркине эженин хакас фольклоруна арналган башка да бир катар эмгектери орус жана хакас тилдеринде жарык көргөн.

 

Астай аганын наамдары жана сыйлыктары

Этнограф Астайбек Бутанаев 1994-жылы Орусиянын Коомдук илимдер академиясынын анык мүчөсү болуп шайланган.

1995-жылы – Кыргызстан Тарыхчылар Коомунун (мурдагы Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын) ардактуу мүчөсү болуп шайланган.

1996-жыл – Хакас мамлекеттик университетинин профессору наамын алды.

1998-жылы – Түркологдордун эл аралык жамаатынын президиумунун мүчөсү (Түркстан шаары, Казакстан) болгон.

1999-жыл – И.Арабаев атындагы КМУнун Чыгыш тилдери жана маданияттары институту тарабынан бул институттун ардактуу профессору наамы ыйгарылды.

2002-жылы Кыргызстандын “Даңк” медалы менен сыйланды. Ошол эле жылы “Түрксой” уюмунун алгачкы Эл аралык сыйлыгына татыды.

2004-жылы “Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер” наамы ыйгарылды.

2006-жылы “Тыва мамлекеттик университетинин ардактуу профессору” наамы менен сыйланды. Ошол эле жылы “Орусиянын кесипкөйү” («Профессионал России») медалы менен сыйланды.

2006-жылы “Хакасия Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер” наамы ыйгарылды.

2008-жылы ал хакастар жана фу-йү кыргыздары тууралуу соңку китептери үчүн жалпы орусиялык жогорку окуу жайлардын окуу китептер конкурсунун диплому менен сыйланды.

 

Астай таануу

Астайбек ага менен макаланын автору ажайыпкананын жанында. 1995.
Астайбек ага менен макаланын автору ажайыпкананын жанында. 1995.

Буюрса, 2016-жылы чын куран (апрел) айынын 14үндө Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы КМУда профессор Астайбек Бутанаевдин 70 жылдыгына арналган эл аралык илимий жыйын өткөрүлмөкчү. Кыргызстандын Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссия быйылкы отурумунда ушул жыйынды өткөрүү тууралуу атайын чечим кабыл алган.

Жакында кыргызстандык жаш илимпоз Кайрыкан Жаныбекованын “Профессор В.Я.Бутанаев: Энесай кыргыздары жана алардын тарыхый тагдыры” аттуу китеби жарык көргөнү турат.

Биз Абаканда байырлап жаткан окумуштуу Астайбек Бутанаевге торколуу тою менен куттуктап телефон чалдык.

Кыргызстанда Астайбек Бутанаевдин өзүнүн илимдеги салымдары тууралуу изилдөөлөрдүн башаты ачылганын ыраазы болуу менен белгилей кетсек болот.

Маараке ээсине узак өмүр, үй-бүлөлүк бакыбаттык, мындан аркы илимий өрүшүнүн кеңейе беришин, эки элди ынтымакка чакырган данакерлик коомдук ишине мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз.

Тынчтыкбек Чоротегин, “Азаттык”, 13.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.