Үркүн: кандуу 1916-жылды унутпагын, кыргыз?!

Редакциядан: Үркүн – улуттук тарыхыбыздын эң эле трагедиялуу учурун бири, буга тарыхый далилдер, ошол кыргыз көп кырылган окуяга катышып калган адамдардан алынып калган маалыматтар күбө. Режиссер, сүрөтчү, кыргыз анимациясын негиздөөчүлөрдүн бири Сагын Ишенов агайыбыз өзгөчө адам, кыргыз дегенде ичкен ашын жерге койгон киши. Мындай кишилер кыргызда өтө эле аз калды. Тирүү кезинде сыйлай албасак, “кыргызбыз” деп төш каккандан пайда жок. Сагын агайдын чоң атасы Жүкөш мерген Үркүн окуясына, кандуу салгылаштарга катышып, кылыч мизинде кылтылдап ажал аңдып турган сааттарды өз башынан өткөргөн экен. Ал кишинин айтып бергенин жазып алган Сагын аганын Үркүн темасына арнаган “Жүкөш мерген баяны” кеңири макаласын баш сөзү менен сандан-санга берип турууну туура көрдүк.

“Баба тарыхын билбеген адам деле бактысыз. Байыркысын унуткан эл деле шордуу. Ошондуктан намыскөй кыргыз баласы өткөн тарыхты куп билиши керек. Тарых бизге кубат, жан берген кан тамыр. Аны үзүүгө да, унутууга да болбойт”.

Кеңеш Жусупов, Кыргыз эл жазуучусу,
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты

1916-жылкы Үркүн кыргыз элинин башына түшкөн эбегейсиз өлчөп болгус зор трагедия… Карапайым калк окко кабылып, кылычка чабылып, кызыл кыргынга бөлөнүп падышалык баскынчылардын жазалоочу армия күчү менен ырайымсыз, аеосуз кырып жойгон геноциди болгон.

Кыргыздар Ата мекендик согушка караганда Үркүндө көп өлгөн. Ата мекендик согуш жылдарында жалпы кыргыздардын өлгөн саны 156 миң кишиге жетсе, 1916-жылдагы Үркүндө 9 айдын ичинде эле 158 миң кыргыз падышалык Орусиянын курмандыгы болгон.

1913-жылдагы бүткүл россиялык эл каттоодо кыргыз жеринде 864 миң киши катталган. 1916-жылдын башында кыргыз жеринде 900 миңге жакын адам жашаган. Булардын арасында сырттан отурукташкандар: орус, украин, дунган ж.б. 15-20% ды түзгөн же тагырагы 130 миңге жакыны, демек, калган 770 миңи кыргыз болгон. 1916-жылкы көтөрүлүш кыргыз элинин боштондук күрөшү феодалдык-монахиялык орустарга каршы каршы реакциячыл көтөрүлүш деп аталып бир жактуу бааланып, күнөөнү көтөрүлгөн элге оодарып, козголоңдун уюштуруучулары жетекчилер жергиликтүү феодалдык төбөлдөр, бай-манаптар болушкан делип алиге чейин Республикабыздагы орус гезиттери жана өзүбүздөн чыккан “тайкылар” безеленип айтып келишет. Көтөрүлүштү жетектеген бай-манаптардын, бийлердин тың чыккан өкүлдөрү болгону ошол мезгил, ошол шартка жараша болгону бул – тарыхый чындык. Андан тайсалдап кеталбайбыз. Такай мал артында жүргөн карапайым малчы же жөнөкөй дыйкан болобу, ошол кандуу кагылыш Үркүндө улуттук чоң маселени көтөрүп падышалык эзүүчүлөргө каршы элди үгүттөп, элди баштап ээрчитип, күтүрөгөн колду башкаруу, буйрук берүү, ал үчүн эл ишенимине арзыган сөзү өтүмдүү, темирдей кайраттуу, уюштургуч касиетке ээ болгон билерман адам гана башкара алат.

1916-жылкы Улуттук Боштондук көтөрүлүш падышалык баскынчыларга багытталган эң бир мыкаачы деспотизмге каршы каарман күрөш болгону бул тарыхый чындык. Тилекке каршы, 1930-жылдын биринчи жарымынан кийин Үркүндү эскерүү жакшы далалаты сууп, жабык темага айланып, ал жөнүндө кеп козгоштун өзү коркунучтуу маселеге айланып калды. Орус империясынын эң бир кандуу кылмыштарынын бири экендигин, болгон чындыкты ачык айткандарга тыюу салынган. Анткени көтөрүлгөн элди кыруу саясатынын түпкү максаты ачылса, чоң улут – орустардын абийирине шек кетип, бедели түшкөндөй жоорушкан. Өткөндөгү окуяларды чагылдырган эскерүү чыгармаларды кайра “оңдоого” тикелей мажбур кылышкан.

(Орус офицери Г.И.Бройдонун 1916-жылкы кыргыздардын көтөрүлүшү жөнүндө 1916-жылдын 3-сентябрында Ташкент шаарынын Сот Палатасынын тергөөчүсүнө берген далилдери). Г.И.Бройдо бекеринен 1916-жылкы орус империясынын геноциди, ал баарынан мурда элдин эсине эч нерсе калбасын, эч ким эч нерсени эскербесин деп атайлап жасалган зордукчулук деп даана айткан эмес. Өзүбүздүн жогорку бийлик башында турган партиялык жетекчилер “оруска каршы” деген сөздөн чокусуна чок түшкөндөй чочуп, тарых чындыгынан тайып саясий пикир чүргөп, тарыхты бучкактап чоюп бурмалап келишкенин кантип танууга болот. Үркүн окуясын болгонун болгондой далилдүү фактыларга таянып маалымат беттерине жазгандарды “улутчул” деген жарлыкты жабыштыра чаптап ооз ачтыртпай келген. Кыргыздын каны суудай аккан кыргында шейит кеткендерди ыйык тутуп эстеп жүрүүгө, зыярат кылууга мүмкүн болбогон. Ырас, 1916-жылдагы Улуттук боштондук кыймылдын аялуу дыңга чыйыр салышкан илимий изилдөөчүлөрдүн башында Ю.Абдырахманов, Т.Рыскулов, Б.Ысакеев өңдүү алгачкы интеллигенттер туруп, кезегинде Үркүндүн 10 жана 20 жылдыгы да белгиленген. Бирок бара-бара тарыхтын жарык барагы караңгылап түн түшүп турган.

Алар ал эмгектери үчүн кандуу репрессиянын курмандыгына чалынган. Улуу Үркүнгө арнаган “Кандуу жылдар” ыр менен жазылган романдын автору Аалы Токомбаев 1916-жылы 12 жашта болгон. Ошол алаамат кыргынды өз көзү менен көрүп, азап-тозогуна аралашып Кытайга чейин үркүп барып келген. Жүлүндү титиреткен, жүрөктү канаткан кыргыз элинин башынан өткөргөн оор күндөрдү даана тарткан “Кандуу жылдар” чыгармасын 25 жашында жараткан. 1935-жылы басылып чыккан. Ошол китеби үчүн “эл душманы” деген айып коюлуп, 1937-жылдары 2 жыл камакта болгон. Аны менен чектелип калбай, китептин алгачкы нускаларынын баары эл окубасын үчүн “жабык фондуга камакка” алынып, 1986-жылы гана эркиндикке чыкты. 1947-жылга чейин партиянын тапшырмасы менен төрт жолу “оңдолуп-түзөлүп”, кайра басылган.

1957-жылы Мукай Элебаевдин “Узак жол” китебин КП БКнын буйругу менен “улуу элге шек келтирген” жерлерин бүт сызып салып, кайра басып чыгарганга мажбурлашкан. Буга окшогон мисалдар көп болгон…

Партиялык доордо канчалаган тоскоолдуктарга карабай, тарых илиминин калыстыгын жоготпой, тарых чындыгынан тайбай, ал үчүн далай партиялык чоң жыйындарда, пленумдарда ага зыяндуу эмгектерди жаратуучу катары күнөө коюлуп, сынга алынып, сый ордуна жеме, таяк жеп келген, Үркүн жөнүндө далай илимий эмгектерди жараткан тарыхчы адамдардын бири Кушбек Үсөнбаев болгон.

КП БК койгон талаптарды кыйшаюусуз так аткаргандардын, сыйлык-наак алгандардын саны арбын болгон. Жогорку административдик тескөөчүлөрдүн койгон талаптарын Үркүн багытын айткандарындай аткарса, Кушбек Үсөнбаев эчак эле академик болуп калмак. Бирок тарых илиминин доктору, профессор К.Үсөнбаев инсандык бийик адамгерчилиги, принципиалдуу чынчыл туруктуулугунан тайбаган. Эмгекчил ишмердик адатынан жазбай, тарыхый чындыкты баяндаган жаңы эмгектерди жаратып, Улуу Үркүндү жаңы фактылар менен толуктап улам тереңдетип турган. Жогорку жетекчилер Кушбек Үсөнбаев алчу Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденттигин негедир ал кездеги жаш окумуштуу Владимир Плоскихке ыйгарып тынышкан. (КМ, 17.10.1991-ж.Үркүн, изилдөө жана көтөрүлүш тарыхы) Кошомат оору менен ооруган адамдар, өз элинин улуттук тагдырына, тамырына, келечегине кызыкпагандар, “оруска каршы көтөрүлгөн” деген өзүбүздөгү кыргыз “билермандар” жана республикабыздагы орус гезиттер адилеттиктен, чындыктан тайып бир беткей көтөрүлгөн элге оодарып жанталашып келатышат. А бирок “кайсы орустарга” деген суроо өзү тикелей келип турат. Тарых барагындагы кыйшайгыс факталар менен көзгө сая көргөзө далилдерди келтирели.

А.Н.Куропаткиндин кыргыз элинин мындан аркы жашоосуна жана анын тагдырына байланышкан чечимин ошол чогулушта отургандар бир добуштан кабыл алышкан. Бул чечим баскынчылардын мыкаачылыгынын жеткен чеги, түбү барып кыргыз элинин тукумун курут кылуу максаты коюлган. Козголоң чыгарган кыргыздарды Пржевальск уездинен, Ысык-Көл тегерегинен, Кемин өрөөнүнөн, Чүй чөлкөмүнөн, Пишпек уездинин бөлүгүнөн тоолуу, катаал аймак Нарын өрөөнүнө көчүрүү болгон. Бул АКШ индеецтерге жасагандай эле резервация болмок.

Ошончо элди бир өрөөнгө шыкап тыгып, бийик тоонун катаал оор шартында, май жайганга жайыт жок, тар жерде оокат кылалбай эл акырындап жоголо баштамак. Козголоң чыгарган кыргыздарды көчүргөндөн кийин бошогон жерлерге жалаң орус калкын жайгаштыруу маселеси чечилген. Өзгөчө басым жасалып, Токмок шаарын, Ивановка селосун курчоого алып чабуул коюп каршылык көрсөткөн Атаке, сарбагыш болушундагы элди, Кемин элин кошо Нарын аймагына көчүрүүнү да ыраа көрбөй, аларды Балхаш көлүнөн ары сүрүп, ошол жакта жашатмак болгон. Боштондук үчүн күрөшкө чыккан кыргыздыр тагдыры акыры түбү ушундай болуп чечилмек. Көңүлгө кайталап суроо келет: Кайсы орустарга? Кыргызды кыргын кылып кырып-жоюп геноцид жасаган падышалык орустаргабы же Уруят, Азаттык алып келген, Октябрь төңкөрүшүн жасаган орустарбы?! А.Н. Куропаткинге окшогон баскынчы орус генералдарды түп-тамыры менен жулуп жоготкон кызылдардын орус генералдары Фрунзе, Чапаев, Буденный сыяктуулардын кайнаса каны кошулбаган эки ажырым орустар болгонун, ушул эки ажырымды ажырата билгенге баш мээлерин иштетсе болмок көтөрүлүштү күнөөлөгөндөр. Эгерде орус падышалыгынын үстөмдүк башкаруу убагы дагы узарып жашап турган болсо эмне болот эле аягы?!.. Ошондо бир миллионго жетпеген кыргыздын тукуму үзүлүп жер бетинен жок болуп кете жаздамак. Кыргыз элинин бактысына, таалай-тагдырына Улуттук мамлекет түзүүдө Октябрь ыңкылабынын тарыхый зор маанисин эске тутуп унутпасак! Бул улуу Чындык!

Чоң атам Жүкөш Төлөк уулу Үркүн жылы 35 жаш куракта экен. Шыңга бойлуу, кең далы, эр көкүрөк, бүркүт кабак, кочкор тумшук, кара сурунан келген кабелтең, сөөк-саактуу адам болгон. Өнө боюна өнөр-шык жугуп, көөрүк басып, темир жууруп, жыгач кармап устачылык кылып, өтүк да ултарчу.

Жигит кезинде, күчкө толуп турган чагында бир тойдо эр эңишке түшүп, каршысын ээрден оодара эңип, бир аздан кийин балбан күрөшкө чыгып кармашканын, жер жыттаткан балбандыгын теңтуш карыялар кээде кеп кылып айтып калышар эле. Өспүрүм кезинен эле колуна мылтык кармап, тоо-аскаларды аралап мергенчилик кылып жүрдү. “Тоого чыкпасам, тоону көрбөсөм өзүмдү жаман сезип ооруп калам сагынып” дечү улгайып калган кезинде да. Бурана, Кегети, Шамшы элине “Катуу мерген” деген сөзгө алынып, кыйлага таанылып калган. Үркүн окуясын көргөнүн, укканын күбө катарында айтканында эмес, ал кандуу салгылаштарда бетме-бет тирешип, каардуу кармаштарда өзү катышып, өмүр менен өлүм кылыч мизинде кылтылдап ажал аңдып турган сааттарды өз башынан өткөргөн. Жаш чагымдан бери Жүкөш чоң атамдын Үркүн жөнүндө кандуу окуяларды айткандарын нечен курдай укканмын, бирок өз оозунан чыккандарды өзүндөй, сөз калыбын сактап айткандарын сөз артынан ээрчип үлгүрүп жазып калалбадым, ага кудуретим, жөндөмүм жетпеди. Убакыттын учкулуна уттурдум. 1963-жылы Токмок ооруканасында чоң атам Жүкөш бөйрөгүнөн таш алдырып операция жасалды. Бирок операциядан кийин жакшы болуп тыңып кеталбай, ден соолугу убакыт өткөн сайын улам начарлап төшөккө жатып калды. Ошондо сестенткен кабатыр ой чүргөп чочутту. Чоң атам анык тарых күбөсү, эгер өмүр чынжыры үзүлсө билгендери белгисиздикке сиңип жоголот…

Совет убагында үн жазып алганга жарай турган бирден-бир “Днепрь-II” деген магнитофон болгон. Көлөмү орто сандыктай, ичине коргошун уюткандай нылдай оор, ташып көтөрүп жүргөнгө эң ылайыксыз, ошол магнитофонду шаардан айылга жеткирип, октябрь айынын орто ченинде, 1964-жылы 83 жаштагы Жүкөш чоң атамдын айткандарын, эстеген эскермелерин, эң алгач бала кезинде мылтык кармап мергенчилик кылганынан баштап Үркүн жөнүндө баяндамаларына чейин үналгыга толук жазып алганга аракеттендим. Үркүн темасында мурда маалымат айдыңында айтылбаган, көмүскө окуялар жана шейит кеткендердин ысымдары биринчи жолу эскерилип айтылып турганы тарыхтын дагы актай жерлери, бөксө орду дагы толуктанып турганы, кошумчаланышы жакшы жышаандын бири.

Улуу Үркүндө Эркиндик, Эгемендик үчүн курман болгондордун, бейкүнөө шейит кеткендердин арбактары ыраазы болсун…

Жүкөш мерген баяны

– Мынабу эски көрүстөн турбайбы, анда Төрт-Көл деп койчу эле илгери, мурун ошондой аталчу. Покровка деп атап жатпайсыңарбы азыр. Ошонун аркы шилисинде жайыкта ал жер ээн, калың караган-чер, бак-шактуу жер болгон. Ошол жерден Асанбай деген киши эчки-талдан токмок таяк кесип алат. Бир күнү эл арасында кеп болуп, “Адам эй, орус келиптир, орус келиптир” деп бирөө айтат. “Каякка келиптир?” деп бирөө сурайт. “Баяккы Асанбай токмок кыйып алган жер бар эмеспи, дал ошол жерге түшүптүр” дейт. Мына Токмок деген сөз, Токмок деген ат ошондон калган. Адегенде сегиз үй, анан жыйырмага жакын үй-бүлө көчүп келип отурукташкан. Анан келе берип, келе берип, Токмокко орус толуп кетти. Чоң шаар болду. Биз чоңойгондо эле тегеректин баары айдоо болуп, Токмоктун үйлөрү саман, камыш менен жабылган чоң калаа болчу. Ошондо мал короо тосконго керектеп мобу Кең-Булуңдан камыш орсок, орустар камышыбызды тартып алчу, өзүбүздү токмоктоп сабап уруп, камыш берчү эмес. Кыргыз жакага түшкөндө кышты боз үйдө жашап өткөрчү, мал камаганга таш короо кылып койчу. Жаз чыкканда кайта тоого көчүп кетчүбүз. Күзүндө кайтып келсек, ошол жерге орус там салып алган. Айланасы эгин талаа. Жайлоодон жакага түшүрбөй, кыргызды ошол жерден өткөрбөй тосчу. Жакага кыштатпай тоого камачу. Кегети менен Шамшы капчыгайынан отунга деп карагай кыйсак, тыюу салып ыштрап салып камап койчу. Зордук-зомбулукка, кордукка чыдабады кыргыз. Курал алып эл көтөрүлдү. Бурана, Кегети элине Турдубайдын Аалысы баштык болду. Кегетинин оозунда ачык талаага миңге жакын кол чогулдук. Орусча жакшы билген, орустун оез төрөлөрүнө тилмечтик кылып жандап жүргөн Мамбеталы кадыр-барктуу адам болгон. Шабдан баатыр орустун шаарына барса, Мамбеталысыз барчу эмес. Мамбеталыга кеп салды көпчүлүк. “Оо, эл-журт! – деди Мамбеталы. – Мен орустун түпкүрдөгү Петерборду, Оронборду көрүп келгем. Орустарга салыштырсак, биз аттын кашкасындай эле аз элбиз. Ээликпегиле! Азгырылыкка берилбегиле! Орустун замбирек, пиламити деген болот. Алдагы чокмок, найза менен эмне кылалабыз? Оруска ойлонбой ойрон болгон болбойт, бөөдө кырылып калабыз”. Күүлөнгөн көпчүлүк болчубу, “Биз аскерге барбайбыз, урушуп, атышып өлөбүз! Калжырабагын, бизге сенин керегиң жок, сен Мекелейдин кишисиң” дешти көпчүлүк. Мамбеталыны ошол жерге калтырышты.

Күтүрөгөн кол Шамшынын оозундагы Бакытай деген жерге бет алды. Көшөгөдөй болгон ак чүпүрөктү туу кылып желбиретип, топоздун куйругубу, аны тууга байлап көкөлөтүп Онбир-Жылганын аркы четине көк жайытка келдик. Кочкор, Жумгал эли Сарала-Саз деген жерде Канатты хан көтөрүштү. Канат хан жетектеген көтөрүлүшчүлөр августтун башында Кочкор Шамшы белин ашып Чүйгө түштү. Канат хан Онбир-Жылганын көк жайытына келип кошуунга өргүү берди. Чүй боорундагы Шамшы, Бурана, Атаке, Сарбагыш, Солто эли чогулуп ак кийизге көтөрүп, Канатты экинчи ирет хан шайлашты. Чүйдүн эли кошулганда Канаттын колу 3 миңдей болду окшойт. Журт мыктыларын чогултуп Канат хан кеңеш курду. Токмокко жүрүш жасоо, ат коюу күнү такталды. Сулайман уулу Үкү баатыр Канат хандын туу көтөрүүчү болуп дайындалды. Баарын чогултуп, тактап эсепке алынганда атууга жарай турган 20га жетпеген түтөтмө мылтык, эки-үч кош ооз мылтык бар экен. Менде гана бардаңке мылтык бар экен. Канатханга жеткирип айтса керек мен жөнүндө, мергенчилик өнөр кылып жүргөнүмдү. Канат өзү ошол 20дай мергенчиге мени баштык кылып дайындады.
Токмокко бет алып жөнөөрдө аксарбашыл акбоз бээ курмандыкка чалынды. “Теңир колдосун, Кудай колдосун!” деп дуулдап эл алакан жайып бата кылышты. Кара-Чекендин сайын бойлоп кылкылдаган кол ылдый карай алоолоп, Токмокту беттеп жөнөп калды. Азыркы кант заводу турган жерге жетип келдик. Ошол убакта Токмоктун батыш тарабындагы Бир-Булактын аягынан бир коюу чаң чыкты, асманга булап. Ошол көтөрүлгөн чаң созулуп уюлгуп чубалып отуруп, айланып Токмокко келди. Биз Токмоктун башындагы Кожо-Алыштын жээгине жетпей туруп калдык. Асманга жете уюлгуган коюу чаңды көрүп турабыз. Эл уу-дуу. “Эй, замбирек алып келатса керек” деген сөздөр. “Мейли, замбирек алып келсе да, Токмокко чабуул коебуз” деп көпчүлүк дуулдайт.

(Уландысы бар)

Сагын ИШЕНОВ, «Асаба» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 10.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.