Жаңыл Мырза туурасындагы жети факты

“Жаңыл Мырза” — эпосу баатыр кыз Жаңылдын тагдырына арналган. Ал баатырдык эпостордун арасында өзгөчө орун ээлейт. Бул чыгармадан баатырдыкты, патриоттуулукту, акылмандыкты, намысты, куру намысты жана армандуу сүйүүнү кезиктирүүгө болот.

Бүгүн Sputnik Кыргызстан агенттиги окурмандарга Жаңыл Мырза туурасындагы жети фактыны сунуштайт.

Кыскача сюжет.

Кыргыздын нойгут уруусунун өкүлү, даңазалуу баатыр кыз Жаңыл Мырза XVII кылымда жашап өткөн деп айтылат. Ал эми эпос ХVII-ХVIII кылымдарда Ойрот-Жунгар доорунда пайда болгондугу туурасында айтылган маалыматтар бар. Сюжеттин жүрүшүндө Жаңыл калмактардын чабуулун токтотуп, элине тынчтык алып берет. Баатыр кыздын ашкан эрдиги, кайраттуулугу тез эле көп жерге тарайт. Катагандын ханы Турсун, кыргызга белгилүү хандары Үчүкө, Түлкү, Кудаяр Жаңыл Мырзаны алабыз деп келип, анын колунан ажал табышкан. Анын эрдигин, кайратын көрө албаган душмандар аны аңдып жүрүп колго түшүрөт. Бирок өз намысын өтө жогору баалаган кыз туткунда да кадимки кайратынан жазбайт. Баатыр кыз баарынан эркиндикти жогору коёт. Кыз да болсо өз уруусунун намысын коргоп, жеке тагдырын, өмүрүн өлүмгө байлап кызматын кылат. Эпосто намыскөйлүк деген түшүнүк анын өзөгүн түзөт. Ал өзү ашык болгон Түлкү баатырды жаа менен атып, кийинки тагдырын азаптуу да, армандуу да нукка бурган. Анын кайгылуу тагдыры кыргыз адабиятында ар кыл жанрда окурмандарга сунушталып келе жатат.

 

“Жаңыл Мырза” эпосунун төрт варианты бар.

Улуттук Илимдер Академиясынын Манас таануу борборунун кол жазма фондусуна Тоголок Молдонун, Ыбрай Абдракмановдун, Абдыкалык Чоробаевдин, Молдобасан Мусулманкуловдун варианттары сакталган. Чыгарманын варианттары бир нече ирет басылып чыгып, окурмандарга сунушталган.

 

© РЫСБЕК ИСАКОВ ЖАЗГЫЧ АКЫН ТОГОЛОК МОЛДОНУН ЭСКЕРҮҮСҮНДӨ ЖАҢЫЛ МЫРЗА XVI КЫЛЫМДА ЖАШАГАН ДЕГЕН МААЛЫМАТ БАР.
© РЫСБЕК ИСАКОВ
ЖАЗГЫЧ АКЫН ТОГОЛОК МОЛДОНУН ЭСКЕРҮҮСҮНДӨ ЖАҢЫЛ МЫРЗА XVI КЫЛЫМДА ЖАШАГАН ДЕГЕН МААЛЫМАТ БАР.

 

Тарыхый инсан.

“Жаңыл Мырза” эпосун кээ бир айтуучулар аны тарыхый болгон окуялар менен байланыштырышат. Жазгыч акын Тоголок Молдонун эскерүүсүндө Жаңыл Мырза XVI кылымда жашаган деген маалымат бар. Абдрахманов аны XVII кылымда жашаган тарыхый инсан деп белгилейт. Тоголок Молдо Жаңылдын доорунда “кара багыштарда Калматай баатыр, иниси Төлөк, хан Шырдакбек, Үчүкө, Түлкү, карабейиттердин ханы Тейиш, анын балдары Аккочкор, Үлбүрчөк, Бургуйлар жашаган” деп жазган экен.

 

Баатыр кыз 1670-80-жылдарда жашаган.

Бул туурасында кыргыз тарыхчысы, адабиятчысы Белек Солтоноев төмөнкүчө эскерген.

“Черик мекен Нойгут бир тууган болуп, эзелден Турпан, Какшаал чегинде болгон. Эгерде Кытай жагынан кысталса чериктер Кыргызияга, Атбашыга жете келип, бу жактан кооптуу болсо Какшаалга кетип турган. Нойгут кыргызы болсо, ал тууралуу көп кабар жок, Манастагы Акбалтанын уулу эр Чубак нойгут болгон. 1670—80-жылдарда болгон Жаңыл Мырза нойгуттун кызы болгон “,— деп айтылат.

 

Гендердик маселеге да кайрылган.

Тарыхка көз жүгүртсөк, элдин баатырдык идеалы да элдин дүйнөгө, айлана-чөйрөгө болгон көз караштарынын негизинде улам өзгөрүлүп, эволюциялык баскычтардан өтүп турушу мыйзамдуу көрүнүш. Ошондуктан элибиз кыздар темасын өз айтымдарында чагылдыруу менен бирге бүгүнкү күндөгү гендердик маселелерге да кайрылып келишкендигин “Жаңыл Мырзадан” байкоого болот. Бул туурасында адабиятчы Абдырасулова белгилеген.

 

Баатыр кызга арналган чыгармалар.

Агартуучу, кызыл профессор Касым Тыныстанов 1924-жылы “Жаңыл Мырза” деген тарыхый-лирикалык поэмасын жараткан. Кыргыз ССРинин эл акыны Тенти Адышева 1960-жылдарда “Жаңыл мырза” чыгармасын жазган. 1996-жылы тарыхчы Калкан Керимаалы уулу “Жаңыл Мырза” аталыштагы эки китептен турган тарыхый-лирикалык изилдөөсүн жарыялаган. Адабияттын алптарынын бири Кубанычбек Маликов менен акын Эгемберди Эрматов да бул темага кайрылып, “Жаңыл Мырза” драмасын жаратышкан.

 

Айрым түшүнүксүз сөздөр кездешет.

Алар:

Бедөө — күлүк ат,
Жамбы — акча ордуна жүрүүчү уютулган күмүш.
Кыса — аңгеме, жомок.
Манат — илгери Бухарада чыгарылган түктүү кызыл кездеме.
Масилет — кеңешме, акылдашуу, пикир алышуу.
Машыроо — кийим.
Үртүк — ат жабуу.
Чеге — 1) майда, кооз мык, 2) таяныч, арка-жөлөк деген маанини түшүндүрөт.

Кээ бир маалыматтар интернеттеги ачык булактардан алынды.

Sputnik Кыргызстан, 30.04.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.