Чыгармалары кыргыз менен кошо жашай берет

Көрүнүктүү жазуучу, чыгаан драматург Шатман Садыбакасовдун 80 жылдыгына карата Кыргыз эл жазуучусу Мелис Абакиров менен маек.

-Мелис ага, көрүнүктүү жазуучу, чыгаан драматург Шатман Садыбакасович бул дүйнөдөн эрте өтүп кетти. Мына быйыл 80 жашка чыкмак экен. Бирок өлбөй турган “Күндөр” аттуу романы, “Ак боз ат” жана башка драмалары калды. Белгилүү жазуучу жөнүндө шакирти катары пикириңизди айтып берсеңиз?
-Мен биринчи курста окуп жатканда “Ала-Тоо” жана “Жаш Ленинчи” журналы бар болчу. Ушул экөө эле. Ошол биринчи курста бир аңгемемди көтөрүп алып Шатман Садыбакасовго барып, натыйжада “Жаш Ленинчи” журналына алгачкы аңгемем жарыяланган. Чыгармам чыккандан баштап Шатман аганын айланасында болуп, таалим алдым. Мына мен жетимишке келдим. Ошол менин муунумдагы чыгармачыл жаштардын көпчүлүгү Садыбакасовдон сабак алышты.

-18 жашта экемин. Мен Шатман Садыбакасовго аңгемемди көтөрүп барганда ал деле 26-27 жашта экен. Бирок мага 50дөгү кишидей көрүнгөн. Маңдайы жарык, чачтары жок болуп, жибектей созулуп сылык сүйлөгөнүнөн элүүгө чыгып калган деп ойлоптурмун.

Бул кишинин тарбиясынын өзгөчөлүгүн айта кетейин. Эч качан көтөрүлүп, опурулуп сүйлөчү эмес. Ууртунан жылмайып, ошол күлкү көзүнө, анан жүзүнө жайылып, төгүлүп кетчүдөй болуп турчу.

Шатман ага кичинекейинен жетим калып, эр жетиптир. Бирок ошого карабай аристократ эле. Жетим болуп алгылыктуу тарбия көрбөсө, кантип ушундай деңгээлге жеткен деп таңгала берчүмүн. Менимче канында болсо керек.

-“Күндөр” романын кандай баалайсыз?
-Согуш жөнүндө жазылган романдардын эң мыктысы деп эсептейм. Себеби, согуш тууралуу жазылган чыгармаларды көп окудум. “Күндөр” таптакыр башкача. Мен эң мыкты стилист деп Чыңгыз Айтматовду, Шатман Садыбакасовду жана Мурза Гапаровду атап кетээр элем.

-80 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде уюштурулуп жатабы?
-Жок. Ага 5,6 жылкы союп даңазалоонун кереги жок. Китеби чыкса жакшы болот эле. Бирок, демөөрчү табыш да кыйын болууда.

-“Ак боз ат” драмасы эң мыкты драмалардын бири. Негедир кийинки жыйырма жылда коюлбай калды. Эмне үчүн?
-Ошондой кырдаал түзүлүп турат. Аны артынан чуркап жүрүп койдуртуш керек да.

-Чуркагандардыкы эле коюла берсе халтура драмалар көбөйүп кетпейби?
-Мүмкүн. Бирок анын чыгармалары кийинки муундарды тарбиялай турган күчкө ээ. Өзү эрте каза болсо да чыгармалары кыргыз менен кошо жашай берет.

Карбалас Бакиров, “Эркин-Тоо”, 22.05.2012-ж.

Соц тармактар:

3 thoughts on “Чыгармалары кыргыз менен кошо жашай берет

  • 14.04.2015 at 20:17
    Permalink

    Мен такыр Ш.Садыбакасовдун Ак боз ат драмасын таппай жатам го

    Reply
  • 23.04.2015 at 20:03
    Permalink

    Ак боз ат драмасын таппай жатам. Жардам берип коюнуздарчы, керек болуп жатат

    Reply
    • 27.04.2015 at 10:43
      Permalink

      Саламатсызбы.
      Тапсак бөлүшөбүз.

      Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.