Алты мектепке тыгылган кыргыз тил

Бишкекте 6 гана мектеп кыргыз тилдүү. Бул туурасында парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын 13-майдагы жыйынында билим берүү министри Элвира Сариева билдирди.

Болгону 6 мектеп

Анын айтуусунда, баш калаада жалпысынан муниципалдык 100 мектеп болсо, анын алтоосу мамлекеттик тилде сабак өтөт. Калгандары орус тилинде окутулат. Министр кошумчалагандай, борбордо мындан сырткары, 47 жеке мектеп бар. Мамлекеттик мектептердин алтоосунда гана кыргызча окутулса, жеке менчик билим уялары албетте, орус же англис тилдеринде экени белгилүү. Ал эми өлкө боюнча жалпысынан 2200дөн ашык жалпы билим берүү мекемеси бар. Анын 1443ү кыргыз тилинде окутат.

Эсептөөлөр боюнча Бишкекте 840 миңге жакын калк жашайт. Жашоочулардын 60 пайызын титулдук улут саналган кыргыздар түзөт. Ички миграциянын өскөнүнөн улам борбордо жашагандардын саны расмий эсептөөлөрдөн эки эсеге көп экени айтылып келет. Ошентип миллиондон ашык эл жашаган Бишкекте болгону 6 мектептин кыргыз тилинде окутулуусун “Уят көрүнүш жана мамлекеттик тилге кайдыгер мамиле”, – деди эл өкүлү Зиядин Жамалдинов. Ал баласын мектепке киргизүүдө мамлекеттик тилде окуткан мектепти таппай кыйналганын айтты. Кыргыз тилдүү мектепти таппай депутат кыйналган болсо карапайым элдин абалы кандай экенин өзүңүз элестете бериңиз.

 

11 жыл окуса да кыргызча билбейт

Министр Элвира Сариева Бишкекте кыргыз тилиндеги эле эмес, жалпы эле мектептер жетишсиз экенин айтты. Анын белгилөөсүндө, стандарт боюнча борборго азыркы күндө дагы 16 мектеп керек. Окуучунун көптүгү менен мектеп аздыгынан класстарга балдар араң батышат, же кошумча класстар ачылып, билим берүүгө болушунча аракет кылынып жатат.

Чынында, кыргыз мектептеринин аздыгы мамлекеттик тил жалпы билим берүү мекемелеринде окутулбайт дегенди түшүндүрбөйт. Ар бир мектеп билим берүү министрлиги бекиткен программанын негизинде кыргыз, орус, англис тилдерин окутат. “Президент көп тилдүү мектеп программасын бекиткен. Ага ылайык, ар бир мектеп кыргыз, орус жана англис тилинде бирдей окуткан мектеп болот. Бул боюнча атайын программа кабыл алынды. Быйылкы жылдын сентябрынан баштап пилоттук долбоор катары 36 мектепте ал программа окутууга киргизилет”, – деди Сариева.

Анткени менен сапатка көңүл бурган эл өкүлү Абдумежит Юсуров “Орус тилдүү мектепти бүтүргөндөргө 11 жыл бою кыргыз тил сабагы окутулганы менен алар кыргызчаны таптакыр билбейт, түшүнбөйт. Мисалы, Чүй облусунун Москва районунун бүтүрүүчүлөрүн жөн эле текшерип, сурап көргүлөчү”, – деди.

Буга жооп кылып Сариева: “2017-жылдан тарта балдар кыргыз, орус, англис тилдерин билбесе жоопкерчиликти мектеп директорлору тартат”, – деди.

 

Агартуучулук – улуу милдет

Түрдүү программалар кирип, реформа жасайбыз деген менен анын натыйжасы жакшы болбой жатканы белгилүү. Соңку жыйырма жылда өзгөчө айылдардагы мектептерде билимдин сапаты өтө төмөндөдү. Тил билүү мындай турсун, туура жазганды, жөнөкөй математикалык эрежелерди билишпейт. Сапаттуу билим берүүчү мугалимдер да аз. Адискөй окутуучулардын жоктугун айлык акынын аздыгына байланыштырып келишет. Ушул жерде жакында эле Финляндиянын өнүгүү жолу тууралуу жазылган китепти окуп, андагы агартуучунун, элдин сабатын жойгон инсандын айтканы эске түштү.

Финляндиянын атактуу философу жана саясатчысы Жохан Вилгельм Снелман бир убакта Орусия жана Швеция тарабынан басып алуу коркунучунда турган Финдер “айланадагы зор коңшулардан жогору маданиятка ээ болсо гана жеңишке жетебиз. Жогору маданиятка ээ болуу үчүн калктын билими бийик болушу керек” деп өмүрүнүн акырына чейин элдин сабаттуулугун жоюуга шакирттери менен күрөшкөн.

Агартуучу деген чоң жоопкерчилик, адамдын аң-сезимин өзгөртүүчү инсан. Айлыктын аздыгын шылтоо кылып, өз кесибин сүйүп, балдарга жакшы билим бере албаса ордун башка жактан издебейби?! Жоопкерчиликсиз мамиледен улам балдар убактысын, ата-эне акчасын текке кетирүүдө. Жыйынтыгында, жалпы өлкөдө сабатсыздардын чоң армиясы пайда болду. Бул мамлекеттин келечеги үчүн чоң өкүнүч.

Бурулай Пусурманкулова, “Саресеп”, 19.05.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.