Поэзия берметтеринен. Үч ыр
Айнагүл Базарбаева
АСТА-СЕКИН МЫШЫКТАЙ ЖЫЛА БАСКАН...
Айтар сөзүн кыш сымал кынап айткан,
Аста-секин мышыктай жыла баскан.
Тажадым мен тажаал адамдардан,
Сырын дагы сызгырып, сынап айткан.
Карай берип алардын куу көздөрүн,
Өзүм дагы куу болуп бара жатам.
Келет менин турмушта түк өзгөргүм,
Наристедей төрөлгөн, жылаңач жан.
Чыккым келет пенделик “протоколдон”,
Айтылбаган мээмде турат ойлор.
Айранды же ичким бар айран бойдон,
Жууратты мен ичким бар жуурат бойдон.
26-ноябрь, 2014-ж.
Бурулкан Сарыгулова
КАЙРАТ
Ушунчалык ыйлагым келип, бирок,
Өзүмдү алдап аттым.
Ызаны айдап аттым.
Сыр билдирбей,
Кабак түйбөй,
Теребел төп кишидей
жайнап аттым…
Ак шайы көйнөгүмдүн коюнунда
Жүрөгүм үшүп турду,
Ишеним бүтүп турду
Бүт өлгөндөй
Ийге келбей
Карарып ичим көөдөй…
Түтүп турду!
11.05.2016-ж.
Жыргалбек Касаболотов
ТҮНКҮ ЖАМГЫР
Көптөгөн жылдыз көрүнбөй бүгүн карааны
Көнөктөйт жамгыр, көлчүктүн үстүн чегелеп.
Сергитип, тыптынч уйкуда жаткан калааны,
Себелеп атат, себелеп атат, себелеп…
Талпынып төмөн, таштаган бойдон денесин
Тамчылар кулайт, тагдырга моюн сунушуп.
Ушунча жылдар, узаган күндөр элесин
Унутуп барам, унутуп барам, унутуп…
Таң калып койдум, эстутум өчкөн жан сымал.
Таба албай турдум, тааныла турган тарапты.
Алардын баарын акырын жааган тамчылар
Асмандан түшүп, агызып кетип баратты.
Теребел — жамгыр. Терезе тартат мезгилдер.
Тептегиз болуп термелет, тунук көңүлүм.
Уйкусуз түндө учурдун баасын сездирген
Умтулган сайын уучумдан аккан Өмүрүм.
10.05.2016-ж.