Кушкана канаттуулардын жайы эмес

“Сөз дайра” берүүсүндө бүгүн куш деген сөздүн бир нече маанисин чечмелейбиз.

“Куш” сөзүн чечмелейли. Чымчык аттуулардын түрүнө кирген жырткыч канаттууну “куш” дейт. Куштун бир канча түрү бар.

“Куш” сөзүнүн башка маанини түшүндүргөнү да бар. Мисалы:

– Кандайсың? – десе,

– Куштаймын, – дейт. “Деним сак, көңүлүм чак, өзүмдү жакшы сезип турам” дегени.

“Колуна дөөлөт кушу конду” дейт. “Бакыт кушу конду” деп да коет. Бул жерде учуп келип конгон куш жөнүндө сөз болуп жатат. “Бактылуу болду” дегенди түшүндүрөт.

“Куш тилиндей кабар” деп коет. Аз, чакан маалыматты айтып жаткандагысы.

“Куш уйку сала коюп эле туруп кетти” дейт. “Бир аз уктай калып туруп кетти” деген мааниде.

Эми иран тилинен биздин тилге кирип, башка маанини билдиргендери да бар. Маселен, жаңы окуу жылы башталганда же жаңы имарат пайдаланууга берилген учурда “Куш келиңиздер!” деген жазууну окууга болот. Бул деген орус тилиндеги “Добро пожаловать” деген каалоо-тилекти туюндурат.

“Эмнегедир бүгүн анын кушу жок окшойт” десе, “Эмнегедир бүгүн анын табы жок окшойт, көңүлү жок окшойт” дегенди түшүндүрөт.

Жаңы үйлөнгөн жигитке “Куш бооң бек болсун!” деген каалоо айтылат. Мында кызды учуп келип жигиттин колуна конгон бакыт кушуна салыштырганы.

Шайлообек Дүйшеев, “Азаттык”, 30.04.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.