Туяк Эрназар уулу

(1856-1912)

Туяк Эрназар уулу 1856-жылы азыркы Кадамжай районунун Пум айлында туулган. Эне-атасынан эрте ажырап агасы Эшназардын колунда өсөт. Байлардын малын кайтарып күн өткөрөт.

Туяк тез эле төкмө акын катарында элге таанылат. Туяк ичкилик акындардын ырдоо ыкмасынан сырткары комузда, кыякта ойной билген.


Туяк ырчы жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Туяктын кайтып келиши

Акын Туяк Эрназар уулу жөнүндө кызыктуу алты факты. Даанышман жана ойчул

“Даанышман, көсөм, ойчул акын”

Тууруна конгон Туяк ырчынын дүбүртү


Ырлар

АКЫР ЗАМАН

Акыр заман болордо
Уулуң кетет Урумга,
Кызың кетет Крымга.
Мингениң темир ат болот,
Окуганың кат болот.
Береке кетип үйүңдөн
Агайын тууган жат болот.
Жокчулук келип жылоолоп,
Загыра наның кант болот.
Аялың укпай сөзүңдү,
Бетиңе карай дап коет.
Ыймандан чыгып кары-жаш
Ыдыраган чак болот.
Акыр заман болордо
Көзү ачыктар көп чыгат,
Жерден кайнап өрт чыгат.
Биябан чөлдөн көрк чыгат,
Жалган айткан көп чыгат.
Күйөөгө чыкпай кыздарың
Үйүңдө төрөп олтурат.
Күндө айылда чуу болуп
Арак агат суу болуп.
Жата калып ичишет
Жакпаса да уу болуп.
Атасынан баласы
Өтүп турат куу болуп.
Акыр заман болордо
Темирди жиптей өрөсүң,
Ааламды үйдө көрөсүң.
Желмогуз менен бир басып
Жакалашып жүрөсүң.
Кой-ай деген кожоң жок,
Өзүңө-өзүң төрөсүң…
Арам-алиш нерсени
Арам деп асти сезбейсиң.
Уят-сыйыт жоготуп
Катып калган бездейсиң,
Базарга кетсе аялың
Кайсы бурчтан издейсиң?
Акыр заман болордо
Эркектен кубат, күч калат.
Катындар чыгып иш кылат.
Барака-пайиз жоголуп,
Беймаза жолго туш кылат.
Кара далы кыздарың,
Көчөдө кетип бараткан,
Жигитти көрсө ышкырат.
Бир динди бекем тутпайсың,
Бириңди бириң укпайсың.
Ынтымагың ыдырап
Пайитин тапсаң муштайсың,
Өзүңдү ойлоп өзгөнү
Палакатка туштайсың.
Акыр заман болордо
Шариятты билбейт жакының.
Жалап болот катының.
Омбуга кетет ойт берип,
Табам деп үйдүн татымын.
Арам тамак жеп-ичип,
Ажырайт эстен акылың
Жалганды чындай сүйлөйсүң,
Пайдасыз ишке жүрбөйсүң.
Кембагал өлсө капилет
Жаназа окуп кирбейсиң.
Сынып калса таш казан,
Балаңды сөгүп тилдейсиң.
Акыр заман болордо
Тараза таштан алдашат,
Айыкпас илдет жармашат,
Бирин бири каргашат.
Кусурга калып акыры
Караңгы көргө жайлашат…

 

НЕ БОЛОСУҢ ЗАМАНА?

Аш-тойдо жүрүп ырдадым,
Аламан элди жыйнадым.
Көпчүлүк элди жыйнадым
Көкөлөп көңүл ырдадым.
Туяктын ырын угам деп
Туш-туштан келген эл болду.
Тулпардай тынбай туйлаган
Туяктын ыры сел болду
Карапайым адамдын
Кадырына илиндим.
Кайда барсам сый болуп
Каймагын таттым тилимдин.
Бул дүйнөнүн жыргалын
Булбулдай сайрап ырдадым.
Бозомук бопбоз тумандай
Болумсуз заман кыйнадың.
Ботодой боздоп зар какшап
Боорумду эзип ыйладым.
Адамзатка эмне үчүн
Тең болбодуң замана?
Көк асмандай жайылып
Кең болбодуң замана?
Coo адамдан оору көп
Эм болбодуң замана.
Жалгыз-жарым жардыга
Дем болбодуң замана.
Эшигиңде эч ким жок
Элеңдеген көбөйдү.
Бирөөлөрдү бирөөгө
Тукургандар көбөйдү.
Камчы кармап биймин деп
Кутургандар көбөйдү.
Жалган сөздү шыпырып
Учургандар көбөйдү.
Бирөөлөрдүн акысын
Жеп кеткендер көбөйдү.
Өз жолуңда баратсаң
Бут тепкендер көбөйдү.
Жараткандын бардыгын
Унуткандар көбөйдү.
Өз ыйманын өздөрү
Куруткандар көбөйдү.
Аба жетпей аптыгып
Дымыккандар көбөйдү.
Бара берип ушинтип
Не болосуң замана?
Айыкпаган балээге
Ээ болосуң замана.
Аттан түшүп салпактап
Жөө болосуң замана.
Боз чөлдөгү тентиген
Чөө болосуң замана.
Айдай жүздөн айрылып
Көө болосуң замана.

 

ЗАМАНА

Камчы чаап жекирип,
Кайратымды кетирип,
Калың элдин ичинде
Кайра-кайра өкүрүп
Карайлаттың, замана.
Калыстык кылбай таш урган,
Кайгы кетпей башымдан,
Көйнөгүмдү бит басып
Көп кыйналып жашымдан
Жанга баттың, замана.
Адал менен арамды,
Ашына күткөн жаманды.
Акыретти ойлобос
Акылы кем адамды
Алдуу кылдың, замана.
Аргымак атты мингизип,
Аземдүү тонду кийгизип,
Алайды беттей көчүрүп
Акмончок кызды сүйгүзүп
Малдуу кылдың, замана.
Бий, болушка бийлетип,
Биротоло ийлетип,
Бечара болгон карыпты
Булдуратып сүйлөтүп
Кордоп алдың, замана.
Колуңдагы эчкисин
Карактап кирип кечкисин,
Кой-ай десе болбостон
Көк жибин берип койбостон
Зордоп алдың, замана.
Карабай калктын жөнүнө,
Кулак сал бай сөзүнө,
Карышкырдай качырып
Короосунун төрүнө
Кирип алдың, замана.
Пара болуп бармагың,
Парасатсыз балдарың.
Пайитин таап балит иш
Бажарип жүрсө чалдарың,
Чирип алдың, замана.
Жалаң байдын мал-мүлкүн
Кооруп турган, замана.
Кедейлерин оп тартып
Соруп турган, замана.
Эки жакка бастырбай
Тооруп турган, замана.
Айыкпастан жүрөгү
Ооруп турган, замана.
Көк эшектей курт басып
Жооруп турган, замана
Жарылам деп шишиги
Толуп турган, замана.
Токуму жок сөздөргө
Тоюп турган, замана.
Төрт туягы бүрүшүп
Тоңуп турган, замана.
Ынсап кетип адамдан
Ыйлап барат, замана.
Этек-жеңин кагынып
Жыйнап барат, замана.
Дасторконго нан койбой
Сыймап барат, замана.
Мээнет болуп айыккыс
Чырмап барат, замана.
Котур болуп чурайын
Тырмап барат, замана.
Кудаярхандын ырларын
Ырдап барат, замана.
Кедейлерди кем кылып
Мүңкүрөттүң, замана.
Манаптарды ашкере
Дүңгүрөттүң, замана.
Асмандагы жылдыздай
Бүлбүл эттиң, замана.
Дара толгон элимди
Алсыраттың, замана.
Дарман, демин кетирип
Кансыраттың, замана.
Исфайрамдын шарындай
Күркүрөп тур, замана.
Туяк ырчы сыяктуу
Ыр күрөп тур, замана.
Исфайрамдын шарындай
Түбөлүк бол, замана.
Туяк ырчы ырындай
Укум менен тукумга
Күбөлүк бол, замана.

 

АКТОЛГОН

Чавайдын башы Чапкоргон,
Аминдин кызы Актолгон.
Ай жүзүңдү көралбай
Айылдын баары дак болгон.
Өйүз менен бүйүздү
Араладым Актолгон.
Айжамалдуу сендейди
Табалбадым Актолгон.
Каражыгач ичини
Араладым Актолгон.
Кара көз сендей сулууну
Табадбадым Актолгон.
Камзириңдин ичинде
Көйнөгүң бар Актолгон.
Көңүлүмдү жазалбай
Көйгөйүм бар Актолгон.
Көркөмдүү сендей парига
Көп жигиттер дак болгон.
Атаң элдин улугу,
Апаң элдин сылыгы.
Айта берсем түгөнбөйт
Актолгондун кылыгы.
Дал ортоңо чачыңды
Өрүп алдың, Актолгон.
Көңүлүмдү гаш кылып
Бөлүп алдың, Актолгон.
Корооңдун жанынан
Кападар болуп баратсам
Көрүп алдың, Актолгон.
Кара мейиз жегениң,
Карайласам келбедиң.
Карасан болуп калсам да
Кабагың кандай дебедиң.
Кызыл мейиз жегениң,
Кылыктанып келбедиң.
Кыш өтсө да кылчайып
Кабарың кандай дебедиң.
Эшигиңдин алдында
Тытың болуп калсамчы.
Очогунуңа от жаксаң
Түтүн болуп калсамчы.
Өзүң менен биригип
Бүтүн болуп калсамчы.
Босогоңдон кетпеген
Итиң болуп калсамчы.
Жүрөгүңдү жүгүрткөн
Күчүң болуп калсамчы.
Дидарыңды көралбай,
Өлөйүн деп өлөлбай.
Бүтпөс болду арманым
Бетиңден бир өбалбай.
Эшигиңдин астына
Чыкпай койдуң, Актолгон.
Эки-үч жолу гап айтсам
Укпай койдуң, Актолгон.
Эзелтен жаштык нарк ушул,
Тутпай койдуң, Актолгон
Ашыглыктын замзамын
Жутпай койдуң, Актолгон.
Өмүр шерик болууга
Көнбөйсүңбү, Актолгон?
Көкүрөктөн дартимди
Бөлбөйсүңбү, Актолгон?
Туягыңды туйлатып
Чанасыңбы, Актолгон?
Чайкоочу болгон сартка сен
Барасыңбы, Актолгон?
Көп пул берип атаңа
Алып кетсе Коконго
Туяктын ырын ойлобой
Каласыңбы, Актолгон?
Белиң ничке чүрөктөй,
Кашың чийген сүрөттөй.
Экөөбүздү жараткан
Бирге кылып койсочу
Бактыбызды түгөтпөй.
Бир төшөктө жатсакчы,
Таң атпай да күн өтпөй.

 

ЖАКШЫ АДАМГА ЖОЛУКСАҢ

Жакшы адамга жолуксаң
Жарыгы тийет жаныңа.
Жан жолдош болуп бир жүрөт
Жарпыңды жазып дайыма.
Жамандык кылбайт эч качан
Жайылган дүйнө, малыңа.
Кемтигиң болсо толтурат,
Кадырыңды зор кылат.
Кеп-кеңеш берип ар качан
Кашыңа келип олтурат.
Кожой Кызыр сыяктуу
Кыйналган күнүң кол сунат.
Жаман сөздөн калкалап
Жылдыздай сага жаркырайт.
Жалгыз жолго таштабайт,
Жалдыратып кор кылбайт.
Жарты нанын тең бөлөт,
Жүрөгүн эзел тар кылбайт.
Маанилүү иштин баарысын
Масилет менен чечесиң.
Майдаланып кетпестен
Максатка маарып жетесиң.
Май чайнайсың бир күнү
Майрамдап жашап өтөсүн.
Жакшы адамга жолуксаң,
Жолуңдун жолдуу болгону.
Жоомарттык менен достошуп
Жыргайсың минип жоргону.
Жигиттин гүлү атыгып
Жолборсуң жүргөн тоодогу.
Тулпарды минип туйлайсың,
Торгойдой сайрап ырдайсың.
Тууганды күтүп туш жактан
Туз-даам татып жыргайсың.
Тузакка түшпөй жайылган,
Түндөсү күйгөн нурдайсың.
Азаптын барын билбейсиң,
Адилет сөзүн сүйлөйсүң.
Акмактардын ичинде
Арачы болуп жүрбөйсүң.
Арманда жашап өтпөйсүң,
Агарган таңдай гүлдөйсүң.
Жакшы менен жанашсаң
Жайылган канат, шактайсың.
Жал-куйруктуу аттайсың.
Жалаага калып жок жерден
Желмогуз сазга батпайсың.
Жин ургандай делөөрүп
Жөн келди жакка баспайсың.
Кудайым колдоп ободон,
Кут болуп турат зоболоң.
Кем эмессиң эч качан
Кадимки кырк чородон.
Кутулуп аман кетесиң
Куйтулар казган ородон.
Кир болбойт көңүл, жүрөгүң,
Кер сары болбойт иреңиң,
Кайкыган куштай асмандап
Канаттуу болот тилегиң.
Кубатка кубат кошулуп
Кайраттуу болот билегиң.
Жакшыга жүрсөң жанашып
Жылдызың күйөт жарашык.
Жаамы журт турат алдыңда
Жарданып сени карашып.
Жароокер сулуу кыздардын
Жүрөгү дегдеп сага ашык.
Мажирөө болбойт кыялың,
Мүдүрүлбөйт туягың.
Мертинбей өтүп кетесиң
Мизинен бийик кыянын.
Мелмилдеп жаткан деңиздей
Мерчемсиз тияк, буягың.
Бир келген оомат өмүрдү
Жакшылар менен өткөргүн.
Сый-урматты көп көргүн.
Азынатып ат чапкын,
Байгесин алып бөктөргүн.
Акылыңдан адашпай
Элиңе бекем түптөлгүн.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.