Кыргыз шырдагы АКШнын мурунку приезидентинин үйүндө салынып турат

shyrdak

Кыргыз шырдагын дүйнөгө тааныткан Самара Токоева бизге шырдактын жасалышынан тарта кирешесине чейин төкпөй чачпай маек куруп берди.

-Шырдак жасоо өнөрүн кимден үйрөндүңүз эле?
-Мен көлдүк болгондуктан Ысык-Көлдө шырдак көп жасабайт. Нарынга келин болуп калгандыктан шырдак жасаганды кайненемден үйрөндүм. Кайненем мурун эле шырдак жасап жүрчү экен. Ал союз учурунда шырдакты үйгө эле жасап келсе, базар экономикасына өткөндөн тартып сатыкка чыгара баштаган. Мен шырдак жасаганды мурун билбесем дагы апам тон тиккенди билчү. Апаман тон тиккенди үйрөнүп, шырдак жасаганды бат эле өздөштүрүп кеттим. Ошондой эле бул өнөр унутта калып калбасын деген таризде шырдак жасоону кийинки муундарга да өткөрүп берели деп мындан ары да өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Азыркы тапта 6-8 класста окуган кыздарыма шырдак жасаганды үйрөтүп койгом. 17 жылдан бери шырдак жасап өз өнөрүмдү элге тартуулап келем. Шырдактан кесилген өөндөрүн ыргытпастан кичинекей боз үй, кыздар көтөргөн сумка, куурчак, сувенирлерди жасайбыз.

-Шырдак жасоо абдан эле көп мээнетти талап кылабы?
-Албетте, шырдак жасаш жеңил-желпи иштерден эмес. Шырдак жасаш үчүн атайын 20 чакты кыз иштетебиз. Бир шырдакты бир аял 2 айда жасап бүтөт. Биз чогуу жасагандыктан 4 күн тынбастан иштеп бүтүрөбүз. Шырдак дароо эле жасалып калбайт. Алгач жүндөрүн өзүбүздүн малдыкынан кыркып алабыз. Ал жетпегендиктен айылдардан жүн алып келебиз. Андан соң жүндү сабайбыз. Андан кийин жөрмөп, ойгондон кийин анан шырыйсың. Андан соң гана шырдак даяр болот. Бир кичинекей боз үйдү бир күндө араң экини жасап бүтүргөнгө үлгүрөм. Шырдак жасалып бүткөн соң аларды сатыкка чыгарыш үчүн көтөрүп жүрүш керек. Мен болсо 20 чакты шырдакты көтөрүп жүрүп белимди оорутуп алдым. Ошондон кийин күйөөм жардам бере баштады. Шырдакты жасаш үчүн ден соолугубузду кетиребиз. Бирок шырдакты сатып алып отургандардын ден соолугуна пайдалуу. Шырдактын жээктерин адам баскан сайын таманга массаж болот. Шырдакты жасаш үчүн сүрөтчүлүк өнөр керек. Ошондой эле адамдын фантазиясы күчтүү болушу кажет. Мен жасаган буюмдардыкына окшош үлгүдө Ош базарында кийиз, сувенир саткандар толтура. Бирок мен жасаган шырдак, кийиздер менен алар жасаган шырдактардын айырмасы асман менен жердей.

-Шырдакты сатып алгандардын саны арбын эле болсо керек?
-Шырдак жасап көп киреше тапса болот. Бир кичинекей шырдактын баасы 10 миң сом. Шырдактарды көргөзмөлөргө коюп сатабыз. Ошондой эле дүкөндөргө сатыкка коёбуз. Орто Азия кол өнөрчүлөр Ассоциациясынын мүчөсү болгондуктан ай сайын Казакстанга барып шырдактарыбызды көргөзмөгө коюп сатып турабыз. Кайненем жасаган буюмдарын чет өлкөлөргө барып сатып келип турат. Кардарларыбыздын көпчүлүгү чет өлкөлүктөр болуп саналат. Алар биздин буюмдарды баалап алышат. Анткени алар жүндүн адамга пайдалуу экендигин изилдеп чыгышкан. Чет өлкөлүктөр, кыргыздын шырдактарына бир дагы химиялык зат кошулбастан колго жасаларын билишет. Айрыкча, Германиядан, Сауд Арабиясынан келишип шырдактарды алгандардын саны арбын. Кайненем чет өлкөгө барып жасаган буюмдарды сатып келип турат. Ошондой эле өткөн айда шырдак көргөзмөсүн өткөргөндө 150 шырдак сатылды. Ал эми кыргыздар эми гана шырдактын касиетин билип сатып ала башташты. Чоң шырдактарды колунда барлар алат. Кызга сеп бериш үчүн шырдактарды сатып алгандар да арбын.

-Шырдак жасоо менен кандай ийгиликтерге жеттиңиздер?
-Кол өнөрчүлөрдүн 4 жолку сынагында жеңүүчү аталдык. Шырдак жасоо менен көпчүлүк элге таанылдык. Ошондой эле чет өлкөлөргө барып өзүбүздүн чеберчилигибизди көрсөтүп турабыз. Президент Алмазбек Атамбаевдин инагурациясында биз жасаган шырдак анын алдында салынып турду. Биздин шырдактар Азербайжанда өткөн Юнесконун маданий мурастарынын тизмесине киргизилди. Ал жыйынга апам, депутат Карганбек Самаков менен бирге барып келди. Роза Отунбаева биздин шырдактарды баалап, аябай көп алып турат. Ал президент болуп турган убагында биздин шырдактарды АКШнын мурунку президенти Билл Клинтондун жубайы Хиллари Клинтонго алып барып берген. К.Самаков Азербайжандын президенти Илхом Алиевге жана маданият министрине биздин шырдактарды беллеке берди. Биздин колубуздан жаралган кыргыз шырдактары, Б.Клинтондун, И.Алиевдин үйүндө турганына албетте сүйүнөбүз.

Сапар Акунбеков, “Кыргыз ордо”, 25.04.14

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.