Манастын хан көтөрүлүшү

“Манас” эпосунундагы кыргыз элинин мамлекеттүүлүгү жөнүндөгү кээ бир маалыматтар Сиздерге сунушталган бул макала кыргыз элинин белгилүү жана даңктуу манасчыларынын бири — Сагынбай Орозбак уулунун (1868-1930-жж. өмүр сүргөн) айтуусу боюнча 1978-1980-жылдары басмадан жарыкка чыккан «Манас» эпосунун 4 томдук басылышынын биринчи бөлүгүнүн негизинде даярдалды. Максатыбыз, жогоруда белгиленген автордун вариантында жолуккан маалыматтардын негизинде, кыргыз элинин өз алдынча мамлекети болуп, анын атрибуттары: ханын тандап, дайындоо жөрөлгөсү, ага таажы кийгизүү, өкмөтү – бийлик эгедерлери аким, бек, баатыр, кеңешчилери (кырк чилтен), асаба, туулары, жетекчилердин өздүк мөөрлөрү жөнүндө баяндама берүү менен эпостун негизги нугу кыргыз элинин мамлекетин кайрадан жаралтып, калыбына келтирип, сактоо экендигин ачыктоо.

Дүйнөгө даңкы чыккан Кыргыз эл жазуучусу, академик Чыңгыз Айтматов «Манас» эпосунун Сагынбай Орозбак уулунун вариантынын баш сөзү катары берилген «Байыркы кыргыз рухунун туу чокусу» деген кириш сөзүндө мындай деп баса белгилейт: «Эпостун бүткүл көркөмдүк түзүлүшү, пафосу эң негизги идеяны баштан аяк улап, өөрчүтүп-өнүктүрүп отурат, ал эркиндик идеясы, көз каранды эместиктин идеясы» (Манас. Т.1.Б., 1978. 9-б.). Өзүңүздөр көрүп тургандай, эпостун эң негизги максаты — бул кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүн кайрадан калыбына келтирип, өнүктүрүү болуп эсептелет.
«Манас» эпосунун Сагынбай бабабыздын вариантында муну даана байкасак болот. Мисалы: Манас эр жетип Жакып атасын куугунтуктап басынткан калмактарды (батыш монголдор уруулары же башкача айтканда — ойроттор) бир далайын жок кылып, калганын сабап кубалагандан кийин Жакып: «Кой балам, биздин абалыбыз кыйын, калмактарга көз карандыбыз», — деп ал-жайды түшүндүрсө, бала ызаланып өз бабаларынын тегин сурайт. Ошондо Жакып:

«Оо балам, уругуң кыргыз — түрк деп,
Өкмөт кылган бабабыз,
Кытайдын журтун сүрүп — деп,
Айрылганбыз эл журттан.
Ар кайсыбыз ар жерде,
Аким болуп жүрүп — деп.
Чоң атаң аты Ногой — деп,
Каратып турду Кашкарды,
Кара Шаарга жеткенче,
Хан атаң Ногой башкарды.
Санатын алган Сары-Колду,
Ага самаган душман сап болду,
Ордо кылган Ополду,
Даң-дуң тоонун оюна,
Далай журтун которду.
Соонар көлдү бойлогон,
Балам, бабаң Ногой тушунда,
Согушкандар сойлогон,
Лоп жакасын жердеген
Ойротко намыс бербеген”.

Ушундай бейкуттукка алдырып кытайдын Эсен канынын чабуулуна туруштук бере албай Багдатты көздөй эл качты. Азыр: «Балам, чачылган сенин тууганың» — деп хан Жакып сөзүн аяктайт. Ошондо Манас тегерегин караса, көзүнө:

«Кызыл байрак көтөргөн, кырк киши чыга калганы (кырк чилтен)» көрүнгөндө, каткырып күлүп сүйүнөт. Андан ары ал алды-артын караса:

«Көз жеткен жердин баарында
Көп-көк темир кийинген,
Көп аскер курчап туруптур.
Алтындуу таажы башында,
Агала сакал бир – тур,
Аскеринин кашында”.

Буга шерденген Манас жана анын талапташтары, калмактар менен чечкиндүү күрөшкө аттанышып, “Манас, Манас, Манас!” – деп, ураан чакырышып, чаабуулга киргенде:

“Ак Асаба, кызыл туу,
Айгайлаган ызы-чуу.
Көк Асаба, кызыл туу,
Көк жаңырган улуу чуу,” башталды – делет.

Манастын хан болушу да өзгүчө кызык, адегенде 84 курдаштары аны Чаркастандын ойунда ууда жүрүшүп, ак тердикке салып Манасты хан көтөрүп алышат (Манас. Т.1. 241-б.). Манас дароо өзүнүн максатын айтат. Алтай жана башка жерлерди өзүбүзгө алабыз деп, буйрук берип, мыйзам чыгарат. Каракчы, уурулардын, удуң-жудундардын азабын беремин дейт.

«Ара кошуп арага,
Өкүматы тийиптир,
Өткүр Манас балага»

«Өкүм болбой өнүкпөйт,
Өзүнчө бу журт көнүкпөйт,
Башчысы болбой марыбайт.
Баш аламан жарыбайт,
Ханы болсо кор болбойт,
Жарактуу киши зар болбойт.» («Манас».Т.1.264-б.).

«Тегерегиң баары жоо,
Тепсесе душман жан койбойт.
Калкалайм десең жаныңды,
Көтөрүңөр ханыңды!
Хан көтөрбөй болбос — деп,
Каптаса душман койбос – деп,
Хандуу журт болуп калалык,
Калаба кылса каапырлар,
Кайрат кылган бололук.

Бели катуу бирөөңдү
Бек көтөрүп коёлук!
Калкка кабар салалык,
Кайраты бар бирөөңдү
Хан көтөрүп алалык,
Калка кабар салалык,
Каапыр келип кол салса,
Каруу-жарак асынып
Каршысына баралык», — дейт бай Жакып. («Манас». Т.1.265-б.)

Чогулган эл аны шаңдуу кубаттап үн катышты:

«Көтөрөлүк ханды – деп, —
Хан көтөргөн жанды! – деп,
Алты кулач ак кийиз
Астына алып салышты, —
Агала сакал Жакыпты
Акбалта менен Бердике
Жетелешип алышып,
Көпчүлүк аны сүйрөдү,
«Көтөрбөңдөр мени» — деп,
Көсөл Жакып сүйлөдү.

Казак, кыргыз камалап,
Калмак, мангул жабылып.
Ак кийиздин үстүнө,
Бай Жакыпты салганы,
Баласы Манас баатырды
Ак кийиздин үстүнө,
Аны дагы биргелеш
Отургузуп алганы,
Көтөрүп көп журт алганы,
Жети кадам басканда
«Болду, балдар болду!» — деп,
Жеткелең Жакып карыя
Жерге түшүп калганы.
Жеке Манас Баланы,
Көтөрүп алып көпчүлүк,
Алиге турган жыйынды
Жети айланып барганы. (“Манас”.Т.1.272-б.)

«Хандуу журт болуп калдык – деп,
Кабылан Манас баланы
Хан көтөрүп салдык!» деп,
Тогуз күндө той тарап,
Үй-үйүнө кеткени.
Талапкердин баарысы,
Талабына жеткени. («Манас».Т.1.273-б.)

Жаңы хандын атасы Жакып токсон бээни сойдуруп, тогуз күнү той берип ата-бабасынан келе жаткан кызыл тууну көтөрөт, ханга караган элдин санын алуу башталат.

manas2

Кээ бир тарыхый маалыматтарда маселен, XV кылымга тиешелүү булакта монголдордун ханын тандап мыйзамдаштыруусу төмөндөгүчө болот дейт: “ак кийизге отургузушуп, аны үч жолу көтөрүшөт. Андан соң аны менен боз үйдү үч жолу айлантышып такка отугузушуп колуна алтын кылыч карматышат. Ал өзүлөрүнүн жөрөлгөсү боюнча ант берет” (Караңыз: Султанов Т. Поднятые на белой кошме. Потомки Чингиз-хана, Алматы, 2001. С.70). Кыргыздардын XVI кылымдын башталышында ханы болуп көтөрүлгөн Мухаммед Кыргыз жана 1841-жылы хан болуп жарыяланган Ормон Ниязбек уулу да ак кийизге отургузулуп хандык бийликке мыйзамдуулукта ээ болгондору белгилүү (Караңыз: Усенбаев К. Ормон хан. Бишкек,1999. С.27; КРнын тарыхы. Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеп. Бишкек: Кыргызстан, 2000. С. 357). Дагы бир маалыматтарда,казак көчмөндөрдүн аземи боюнча, хан көтөрүүгө катышкандар, ханды көтөргөн кийиздин майда кесиндилерин же болбосо анын үстүндөгү мурунку көйнөгүнүн кесиндилеринен ырымдап ала кетишчү экен (Караңыз: Левшин А. И. Описание киргиз-казачьих, или киргиз-кайсацких орд и степей. Спб,1832.Ч.3.С.126-127).

Сагынбай Орозбак уулунун вариантындагы “Манас” эпосунда жогоркулардан тышкары мөөр, туу, асаба, байрак, желек ж. б. мамлекеттүүлүктүн атрибуттары жөнүндө бай маалыматтарды кездештиребиз. Бир жерде: “Катчыга катын жаздырды, кандык мөөрүн бастырды”- деп, мөөр жөнүндө баяндалса (Манас. Т.2. 1980. 78-б.), башка бир саптарда кыргыздарда мамлекеттик символ болгон туу атадан балага, муундан муунга мурас катары өтүп тургандыгы жөнүндө айтылат:

Кыргыздын кыйла тобунан,
Алыс жерден калган туу.
Башкы атасы Бабырхан,
Андан калган ушул туу. (“Манас”. Т.2. 28 б.).

Байыркы кыргыздарда хандык бийликтин болгону төмөнкү саптардан да көрүнүп турат:

Хан өкүмүн тийгизди,
Хан таажысы ушу деп.
Хан Манастын башына,
Жыгалуу бөрктү кийгизди. (“Манас”. Т.1. 272 -б.).

«Манас» эпосунун текстинде «хан», «баатыр», «бек», «аким», «төрө», «мырза» сыяктуу жолуккан титулдар жалпы эле түрк-монгол элдерине да таандык экендиги маалим. Ал эми «падыша» деген титулдун жолугушу болсо, кыргыздардын орус калкы менен жааматташ жашагандыгынын, эпоско тийгизген таасири экени даана көрүнүп турат. Дагы бир ушундай эле «паша» деген титулдун эпосто учурашы, аталган чыгарманын кагазга түшүрүү мезгилиндеги кыргыз элинин ичиндеги мусульманчылыктын жана Мустафа Кемаль Ататүрк жетектеген ошол кезде Түркияда күч алып жаткан жаш түркөрдүн «Биригүү жана Прогресс» партиясынын идеяларынын Түркстанга, анын ичинде Кыргызстанда жайылышынын чагылышы десек жаңылбайбыз.

Жыйынтыктап айтканда, «Манас» эпосундагы мамлекет жөнүндөгү маалыматтардан көрүнгөндөй, кыргыз элинин мамлекет куруу жөрөлгөсү тээ тарых тереңинен келүү менен бирге, ал ар тараптан өнүгүп-өскөн толук кандуу эл аралык мамилелердин субъектиси катары өмүр сүргөнүнөн кабар берет. Сагынбай Орозбак уулунун вариантындагы “Манас”эпосунун негизги өзөгү кыргыз элинин ураган мамлекетин кайрадан жаралтып, калыбына келтирип, сактоо экендиги талашсыз, ал эми келечектеги бул багыттагы изилдөөлөр өзгөчө атайын дыкат изилдениши абзел жана мында көп кызыктуу маалыматтар болоруна ишеничтемин.

Дөөлөтбек Бекиш уулу САПАРАЛИЕВ,
тарых илимдеринин кандидаты,
КРнын Илим жана техника жаатындагы
Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты,
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору,
Багыт.kg, 28.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.