Нуржигит Кадырбеков, “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы: “Акыл, билим жана маданият болбосо, кайдагы өнүгүү”

Кээ бир китептер бар, окуган сайын окугуң келет. Ошол сыңары кээ бир адамдар менен баарлашууда дилиң агарып, көңүлүң тазара түшөт. Алардын сөздөрүн уккан сайын ар бир сөзүн көңүлгө кыттай уютуп, көкүрөккө түйүп алууну максат кыласың. Мына ошондой адамдардын сап башында тургандарынын бири бир канча китептердин автору,“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков менен болгон маекке назар салыңыз.

– 2016-жыл өлкөбүздө Тарых жана маданият жылы деп жарыяланды. Маданиятты өнүктүрүүдө алгачкы кадамды эмнеден башташыбыз керек деп ойлойсуз?

– Маданият дегенде эле опера, балет, театрды түшүнбөш керек деп мамлекет башчыбыз туура айтты. Маданият деген- биринчи кезекте адамдын ыйманы, жүрүм-турум адеби, адамдык сапаттары. Күч, эрктүүлүк, тайманбастык, акылдуулук сыяктуу сыпаттар башка макулуктарда деле болот. Бирок маданият – бул адамзатка гана мүнөздүү дөөлөт. Ошол үчүн коомдогу адеп-ахлакты жакшыртууга, жүрөктөрдөгү ыйманды тазартууга, адамдык сапаттарды өнүктүргөнгө басым жасаш керек. Анан да маданият жылы себеп болуп, элибиздин китеп окууга кызыгуусун күчөтүп алсак сонун болмок. Китепти көп окуган өлкөлөр бир гана социалдык-гуманитардык жактан эле эмес, экономикалык жактан да өнүгөрүн көрүп жүрөбүз. Акыл, билим, маданият жогору болбосо, кайдагы өнүгүү. Бирок китепти туура тандап окуу абдан маанилүү. Адабият деген сөз арабдын “адаб”, бизче “адеп” деген сөзү менен байланыштуу. Адепке каршы келген бузукулук, зомбулук, кыянаттык тууралуу канча китептер бар. Окусаң пикириң бузулуп, көңүлүң кирдей түшөт. Ошондой вирустардан аң- сезимди, акылды сактоо – ар бирибизге аманат.

– Мамлекет канчалык деңгээлде жарандарынын интеллектуалдык жана руханий дараметинин өнүгүшүнө көңүл буруш керек деп ойлойсуз?

– Ар бир мамлекет адамдардын коопсуздугун коргоп, саламаттыгын сактап, билим берет. Бирок бирөөсү да атуулдарынын “Кайдан келдим? Кайда барам? Бул беш күндүк жашоодогу максатыбыз кайсыл? Жашоонун маңызы эмнеде?” деген суроосуна жооп табууга жардам бербейт. Жан дүйнөдөгү ушул боштукту толтурам деп ар ким ар башка жолго түшүп кетип жатканы – ачуу чындык. Руханий тарбияга мамлекет ошон үчүн өзгөчө көңүл бөлүш керек. Бул ишти мамлекет колго албаса, көрүнгөн чоң-кичине жамааттар, секталар колго аларын көрдүк. Бул элди бөлүп-жарып, коомдо идеологиялык тирештин күчөшүнө алып келет экен. Аскери кубаттуу эмес, адамдардын жүрөктөрүн бириктире алган мамлекет күчтүү.

Көп учурда өнүп-өсүш үчүн экономиканы көтөрүү керек деп эсептейбиз. Жок, адегенде ыйманды көтөрүү керек. Адамдардын жан дүйнө көрөңгөсү бай болбосо, инвестиция, кредит, ссуда, ипотека дегендер жашоону оңдой албайт. Буга бир мисал келтирейинби? Айыл тараптарда бир кезде көчөнү жарык кылып турчу электр чырактары азыр талкаланып, иштебей турат. Чагылган тийди дейсиңби, таш ыргытып, чоймо менен атып адамдар эле талкалашты да. Кичинекейимде бактан тыйын чычкан көрүп калып, кой-ай дегенге болбой айрым балдар кубалап жүрүп өлтүргөнү эсимде. Эгер маданият, өзгөчө руханий маданият өнүкпөсө, өз жетишкендиктерибизди ушинтип өзүбүз эле жок кыла беребиз.

– Жаштардын көпчүлүгү батыш маданиятынын агымы менен өсүп жатат деп калабыз. Ал эми улуттук маданиятты, улуттук духту көтөрүүдө эмнелерден аксап жатабыз?

– Моюнга алыш керек, батыштын улуу маданияты бар. Гете, Майн Рид, Дюма, Драйзер, Киплинг, Сервантес, Хэмингуэй, Байрон – батыш маданиятынын өкүлдөрү. Бирок адепке сыйбаган поп-музыкаларын, кинотасмаларын, видеоклиптерин маданият деп айтпас элем. Маданият деген акылга, жан дүйнөгө, пикирге пайдалуу болуш керек. Эгер зыяндуу болсо, же пайдасы болбосо, анда ал маданият эмес.

Улуу Кыргыз каганатын курган, “Манас” дастанын жараткан бабалар бизге даңазалуу тарыхты, улуу, бай маданиятты мурас калтырды. Бирок биз алардын жолун татыктуу улап жатабызбы? Манас атабыз балан-түкүндөй чоң, бакубат мамлекетти чаап, каратып алган деп маашырланабыз. Ал Манас атабыздын, анын замандаштарынын эмгеги. Биз кийинкилер сыймыктанчу, же Манас атабыздын руху кубана турган эмне иштерди жасай алдык же жасап жатабыз? Кеп мына ушунда. Бир кезде аскерий держава болуп, чоң мамлекет курсак, азыр ушул чакан өлкөбүз менен руханияттын, маданияттын жана илим-билимдин державасы болушубуз керек. Убагында аскерий кубаты менен Европаны титиреткен шведдер, азыр акылы, билими, адеби менен дүйнөлүк аброй күтүп жатпайбы. Ошондуктан улуттук маданиятты байытыш үчүн өткөн тарых менен мактанып олтура бербей, өзүбүздүн акыл жана жан дүйнө казынабызды, адеп-маданиятыбызды тынымсыз өнүктүрүүбүз керек. Ар бир кыргызстандыктын мекенге кылган эң чоң салымы – өзүн руханий, интеллектуалдык жана физикалык жактан өстүрүүсү. Анан туура жазылган тарыхты окуш керек. Азыр кээ бир “тарыхчылар” өз урууларын, ата- тегин даңазалаш үчүн тарыхты бурмалап жатпайбы. Кудай берген тагдырды, чындыкты бурмалаганыбыз үчүн келечек муундун алдында кантип жооп беребиз, билбейм…

– Руханий боштукту толтуруу үчүн жаштардын деңгээлин кантип көтөрө алабыз?

– Адамды тарбиялоону ата-энелер менен мугалимдерге эле калтырып койбош керек. Ар бирибиз жашоодо устатпыз жана шакиртпиз. Шакирттин өзүндө талап болбосо, ага айткан насыят, берген билим жуга бербейт. Бирок акыл укканга, илим алганга каалоосу жоктордун баарысын өз эркине коюу – устаттардын кыянаттыгы. Бул – адамдардын аң-сезимдүү коомун калың жунглидеги эреже-мыйзам сакталбаган коомго айлануусуна жол берүүгө тете. Ошон үчүн билгендер аманат билимин билбегендерге үйрөтүш керек. Укпагандар уккудай, кызыпкагандар кызыккыдай кылып таалим берүү – бул устаттардын милдети. Акыретте адамга “Алган билимиңди кандай пайдаландың?” деген суроо берилет тура. Анан да, кемчилдигин кээде бетине айтып турбасак, жаштар ката иш кылып жатканын кайдан билсин. Ошон үчүн көчөдө түкүргөн же таштанды ыргыткан жаш адамды көрсөм уяткарып коюп жүрөм. Аларды жек көргөнүмдөн эмес, тескерисинче, Жараткан үчүн сүйгөнүмдөн ошентем. Бул денеге жабышкан чаян чага электе эскертип койгондой эле нерсе.

– Коомчулукта ажырашуулар көп болууда. Мунун себеби эмнеде деген ойдосуз?

– Бир нерсени куруш аябай кыйын, бирок бузуш оңой эле. Бузуп алып кайра ордуна келтирүү андан да кыйын. Мамлекеттин уюткусу жана өзөгү, демек эң чоң байлыгы, дөөлөтү – бул адам. Адамзаттын укумдан-тукумга уланышынын бирден-бир себеби -бул үй-бүлө. Демек, үй-бүлөнү бузуу – бир мамлекеттин өзөгүн кыйраткандык. Үй-бүлө куруу илими – эбегейсиз чоң жана татаал илим. Ошон үчүн, адам үйлөнөөрдө же турмушка чыгаарда атайын экзамен алыш керекпи деп да ойлоп кетем. Даярданбай катышкан адам сынактан кулайт эмеспи. Өзүн даярдабай туруп эле жомоктой жашоону элестетип, турмуш курган адам майышып калышы мүмкүн. Турмуш деген турмуш: ачуу-таттуусу менен, ар кандай сыноолору менен кызыктуу. Ошону түшүнүп жашаш керек. Үй-бүлөлүк бакыттын сыры – шүгүр келтирип жашоодо. Ушунча миллиард адамдан багыңа туш болгон жарың, демек, сен үчүн эң мыктысы. Анын жакшы жактарын гана көрүп, ошого шүгүр келтире билсең, бара-бара кемчилдиктери да артыкчылыктарга айланып кетиши ажеп эмес.

– Сиздин оюңуз боюнча, коомубуз үй-бүлө мектебине муктажбы? Атайын үй-бүлө мектебин уюштуруш кажетпи?

– Үй-бүлө мектеби курулса жакшы болмок. Бирок ал мектепте ким эмнени окутат? Жакшы ниетте уюштуруп, пикири туура эместердин колуна берип койсок, акыбети биз күткөндөн тескери болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан маданиятыбызга, салтыбызга туура келе тургандай уюштуруш керек. Жубайлардын тең укуктуулугуна басым жасабай, бири-бирине адилеттүү, мээримдүү жана кайрымдуу болгонду үйрөтүү маанилүү. Анткени аял менен эркек табиятынан тең укуктуу эмес. Бир жагынан аялдын укугу, экинчи тараптан эркектин укугу көбүрөөк. Кыргыздарда боз үйдүн сол тарабында ашкана, оң тарабында эркектердин буюм-теримдери, ат жабдыктары турганы ушуну туюндурат.

– Кээде убакыт бизге жетпей калабы же биз убакытка жетпей калабызбы деген ойлор болот. Сиз убактыңызды кантип пайдаланасыз?

– Убакытты башкара билүү, менимче, адамдагы эң чоң касиет, эң чоң талант. Напси уктоону, фейсбук, смартфон чукулоону, достор менен ойду-тоону сүйлөшүүнү каалайт экен. Фейсбуктагы же достор менен отурган убакыттагы айтылган сөздөрдүн канчасы пайдалуу, талдап көрүңүзчү. Көпчүлүгү асманга атылган октой пайдасыз. Жыйырма төрт саат убакытты үчкө бөлүп: сегиз саат иштеп, сегиз саат уктап, сегиз саатты үй-бүлөгө, окууга, эс алууга, спортко, дегеле өзүмдү өнүктүрүүгө арнасам дейм. Бирок жашоо нугу убактымды ушундай бөлүштүргөнгө мүмкүнчүлүк бербей жатат.

– Окурмандарга бул жаатта кандай кеп- кеңештерди берет элеңиз?

– Эгер адам план менен жашаса алдыга озорун, максаттары бат орундаларын жана өсүп- өнөрүн изилдөөлөр эбак далилдеген. Өткөндө Манабу Мураками деген жапон карате мастери Кыргызстанга келди. “Эмдиги жылы да келиңиз” десек, 2016-жылга планы эбак түзүлгөнүн, колу бошоборун айтты. Ошон үчүн дүйнөгө белгилүү, ийгилик коштогон адам да. Биз болсо эртең менен туруп алып, бүгүн эмне кылсам деп ойлонобуз. Дагы бир кеңешим, ишти бат жана сапаттуу кылууга үйрөн. Америкада, Японияда клавиатураны карабай басканды билбеген бир дагы студентти көрбөдүм. Тез окуунун сырларын өздөштүр. Үч жүз бет китепти үч күндө окуп жүрсөң, эми үч саатта бүтүргөн деңгээлге жет. Анан жетекчинин тапшырмасын дароо аткаруу керек. Эң башкысы, жашоодо эмне мага маанилүү, эмне маанисиз деп аныктап ал. Маанисиз жүз иштен көрө маанилүү бир ишти бүтүргөн жакшы. Убакыттын баарын эле карьера кылууга, байлык табууга арнап койбо. Ата-энеге, балдарга, үй-бүлөгө, дос, тууган-урук менен катташууга убакыт бөл. Узун өмүр, көп ырыскы кааласаң, тууган менен жакшы мамиледе бол деген насаат бар го.

Маектешкен Жанара Каденова, “Полит клиника”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.