9 – Эл аралык айтыш сынагы жыйынтыкталды

Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата 9 – Эл аралык айтыш сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Анда финалга казак тараптан 8 акын, кыргыздардан 8 акын баш байге үчүн ат салышты.

Улуу акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата Бишкек шаарында 9 – Эл аралык айтыш сынагы кечээ жыйынтыкталды. Эки күндөн бери уланып жаткан айтышка Казакстандык жана жергиликтүү кыргыз акындары катышты. Анда финалдык беттеште казак тараптан 8 акын, кыргыз тараптан 8 акын баш байге үчүн ат салышты. «Айтыш» коомдук фондунун тең төрагасы Азамат Болгонбаевдун айтымында, уюштуруу жагынан мыкты даярдык көрүлгөндүгүн баса белгилеп, буларга токтолду. Саамалык Республикалык «Айтыш» коомдук фонду, «Ак» фонду жана Диалог Евразия платформасы тарабынан уюштурулган болчу.

Ал эми акындар болуп өткөн айтышка ар кандай бааларын беришти. Алардын бири биринчи орундун ээси Аалы Туткучев айтыш тарыхында биринчи болуп, ачылыштардын жасалгандыгын белгиледи. Өз сөзүндө ал байге фонду айтыш тармагына 3 млн сомдук каражат биринчи ирет бөлүнгөнүн айтып, бул багытта кыргыздар айкөл экендигин иш жүзүндө көргөзө алды дейт. Казакстандан келген акын Бозубай Орзумбетов болсо, былтыркы жылга караганда, көрүүчүлөрдүн келгени аз санда экендигин кошумчалады.

Сынактын жыйынтыгында баш байгеге кыргыз тараптан Аалы Туткучев жана Элмирбек Иманалиевдар 90 упай менен тең чыгышты. Бирок акындардын салты менен сыйлашып, Аалы акын Элмирбек Иманалиевге берилүүсүн айтты. Ошентип 1-орунга Аалы Туткучев 90 балдык упай менен 400 миң сом менен сыйланды. 2-орунга Жеңишбек Жумакадыр илинип 250 миң сом тапшырылды. Ал эми 3-орунга 150 миң сом менен Амантай Кутманалиев жетишти. Ал эми казак тараптан Балгынбек Имаш аттуу акын баш байгеге татыды. Жалпысынан калыстыкты мыкты жүргүзгөндүгүн Анатай Өмүрканов белгиледи. Кошумчалай кетсек, калыстар тобуна казак тараптан мүчө болгон эмес.

Маалым болгондой, жалпысынан тандоо туруна катышкан 36 акынга 2 миң сомдон, ал эми финалга чеийн келген 8ден акынга 40 миң сомдон кызыктыруучу байгелер берилди.

Чолпон Бейшелен кызы, «МаралFM», 16.10.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.