Рахат Аманованын чыгармаларынан

САГЫНДЫМ

Адал сүйүү ак никеден жаралат,
кеги-муңу, кечирими аралаш,
кечпейт, кеспейт, түбөлүккө кыялбайт,
жаны бирге жарың гана санаалаш.

…Түндүгүбүз күлүп түтүн булаткан,
түгөй элек нике буйруп кайыптан,
түркүгүмдү – сени кыйып кулаткан
айың кептүү арсыз ооруң айыптайм…

Бул дүйнөнүнө түйшүгүнө кайдыгер,
чоочун элең чоо-жайыңа үңүлбөс,
көр оокатка колду шилтеп узадың,
көрксүз жайга күздө гүлү күбүлбөс.

Сылап-сыйпап, жылуу-жумшак бөпөлө,
эркелетип сүйөт элең ак шамдай,
…куюн элең түнөргөндө түйшөлтүп,
сапырыкты салган көңүл бакчама…

Эр көкүрөк берешеним, эси жок,
ээси келсе ээрчип кеткен эсилим,
көшөгөмдү өзүң менен көгөргөн,
көрктөп өтөөр көгүн кийген жесириң.

Ккөшөгөмдү өзүң менен көгөргөн,
Көрктөп өтөм көгүн кийген жесириң.
29.11.2017-09.01.2018

 

ЭССЕ

* * *

Бул дүйнөдө жашоо кандай ырахаттуу жыргал экенин билем. Бул дүйнөгө бир жаралып, бир келебиз, анан түбөлүккө кете беребиз, муну да билем. Жан улам жаңыланып жаралат дешет, бул сөзгө ишенем. Бирок мен азыркы мен болуп бир гана жолу жаралдым жана кайталанбайм. Мага азыркы мен, өмүрүм, жашоом кымбат, баалуу жана кызыктуу. Ошон үчүн жашоомдогу сүйүүм, жакшы көргөндөрүм, жакындарым жана жакшы санаалаштарым менен жакшы күндөрдө бирге, чогуу узак өмүр сүрүп, күлүп-жайнап, жадырап-жайнап, ден соолукта, берекелүү, бейпил, агыл-төгүл жашап өткөргүм келет жана ошондой жашап өткөрөм буюрса. Жыргалдуу ырахаты менен эки дүйнөдө Бактылуу болоюн буюрса. Кудай тилегиме жеткирсин ылайым.

 

* * *

Бара-бара өзүңдү, өмүрүңдү, жакшы адамдарыңы, жакындарыңы аябай баалай баштайт экенсиң. Анткени өмүрүң өр таяган сайын, эртели-кечпи барса келбес жайга сөзсүз кетээриңди билесиң. Көзүң жетет. Жаш кезде өмүр бою күлүп-жайнап, түбөлүк жашай тургандай боло бересиң. Жаштыктын деми-күчү ушунда – бир гана бийик, улуу, таза, сулуу жана түбөлүктүү ойлор, кыялдар, тилектер менен жашайсың. Дүйнөнү, адамдарды ошондой кабыл аласың. Учасың, кыялдарың менен канат байлап ай-ааламга учасың. Жаштыктын сыйкыры – ай-ааламда кыялың менен учканыңда.

 

* * *

Анан өмүр өтүп, жаштыгың өткөндө, учпай калганыңда бир улуу чындыкты түшүнөсүң. Ал улуу чындык – үй-бүлөөң, балдарың, жүрөгүңдөгү улуу, таттуу сезим, жакшы көргөн жакындарың менен жылуу-жумшак үйүңдө бапырап, берекелүү дасторкондо ысык чай ичип, даамдуу тамак татып, таттуу сүйүүң менен тынч жашагандан өткөн Бакыт жок экенине көзүң жетет. Бакыт жөнөкөй эле нерседен турат – бала-бакыраң менен жылуу уяңда курсагың ток, ден соолукта тынч, өмүрүңө жарык чачкан сүйүүң менен жашаганың. Ушудан өтөөрү жок. Балдарымын бактысын азыр тынбай тилейм – бактылуу бүлөлү болушсун деп. Жакындарым аман болушсун ылайым. Дүйнөм түгөл, жан дүйнөм мемиреп тынч экенине Кудайга миң мертебе шүгүр, Кудайга ыраазымын.

 

Рахат Аманованын башка чыгармаларын бул жерден окуй аласыздар!

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.