Жаңы агымдын шарпынан…

Абдысамат Сарала

* * *

Жалбырактар сапырылып тизеден,
Түнкү жаандан нымшыйт асфальт-тротуар.
Күтпөйт эч ким… Мен да эч кимди издебейм,
Эски ойлор… Жалгыз гана отурам…

Эске түштү алыстагы балалык,
Ушул жерден узатчу элем куштарды.
Мүмкүн бүгүн мен атайы адашып,
Мүмкүн дале ушул күзгө куштармын.

Куштар, куштар бүгүн анча тынчсыңар,
Жаптыңарбы коңур күздүн эшигин?
Силер күткөн, силер күткөн ырчы да,
Келди бүгүн бир аз, бир аз кечигип.

Ойго чөгүп мен ордуман басалбай,
Көз чаптырам алыстагы ашууга.
Жылдан-жылга чуркаганым басаңдай,
Жылдан-жылга кадамдарым катуулайт.

Жылдан-жылга ичим тарып кыялга,
Мага эми жер түз эмес, шар сымал.
Ошентсе да ушул күздү кыялбайм,
Ушул күздү жүрөгүмөн жактырам.

Кайсыл жерге куласам деп ойлонуп,
Жалбырактар каалгып учат мас сымал…
2007

 

Рахат Таштемирова

* * *

Сүйүү бүттү… өмүр бүтпөдү…
Токтободу саат түк дагы!
Жаздын жыты аба аңкытып,
Жаай берди жамгыр сырттагы.

Арман берди… ажал келбеди…
Аңтарылды аалам мендеги!
Жаз – дүйнөнү жылытты, бирок
Жан дүйнөмө жардам бербеди…

Эрдим тиштеп бүтпөс жарага,
Барксыз өмүр… өксүк… санаага.
Сынып калган сезимим менен,
Мен жашоого көнүп баратам…

 

Мезгил Исатов

* * *

Жарымы жок,
Аягы бар…
Ичимдеги оргуштаган ойлорум.
Сен сыяктуу шам чырак!
Бирде күйүп,
Бирде өчүп,
Бөлүп турат Аралык!
Карангылык,
Ак жарык…
Калып калды жалгыздык!
Келип калды Карылык!

 

Толук Бек Байзак

СҮРӨТЧҮ КҮЗ

Көрсөтө алган көркөм өнөр өрнөгүн,
Күздөй укмуш сүрөтчүнү көрбөдүм.
Көңүл чиркин күздө түшкөн жалбырак,
Көөдөн толгон ырымды укчу сен менин.

Кур бекерге өткөрдүм деп өмүрдү,
Көздөрүңдөн күз жамгыры төгүлдү,
Күз бечара ар нерсенин соңу эмес,
Куруп кетсин, көкөлөтчү көңүлдү.

Кимдер мынча көңүлүңдү муңайтты,
Кудай деген канча эшикти кыңайтты…
Көңүл ышкын күүлөндүрүп комуздай,
Күздө дагы жаз болбойт деп ким айтты?

Сансыз адам пейилдерин түздөгөн,
Санаалардан бакыттарын издеген,
Сагынычка, кусалыкка байыткан,
Сары алтын го, береке го күз деген.

Жаман ойлор көңүлдөрдү муз кылат,
Жабыктырат, жалгыз кылат, мыш кылат,
Жакшылыкты тилегин деп ар убак,
Күз шамалы кулагыңда ышкырат.

Көңүл толкуп, күүгө салып термеген,
Күзгө кулак төшөйлүчү сен менен,
Көрктөндүрүп табиятты бойогон,
Күздөй мыкты сүрөтчүнү көрбөгөм…

 

Айнагүл Базарбаева

* * *

Мелмилдеп жатасың көл,
Пейлиндей аялзаттын.
Кучакка кысып алгам,-
Мээрим көл, балам бактым.

Жээгинде турам көлдүн,
Балама тилеп өмүр.
Мамактын ак сүтүндөй,
Ак толкун ийип, көбүк.

Ысык-Көл ыйык көлүм,
Жээгинде бийик көңүл.
Сезимдер толкуп-ташкан,
Көзүңдөн сүйүү көрдүм…
2019

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.