Жылдызча: Арзуу

  • ЖЫЛДЫЗЧА

АЙ-ААЛАМ ЖЫЛМАЙГАН КҮН
(миниатюра)

— Бактысызсың… — дейт, акылым.
— Бактылуусуң! — дейт, жүрөгүм.

ХХХ

— Мени бактылуу кылып, мага тандап берген өзүңсүң да… — деп толкуп, толкунданып, ыраазы болуп айтам, Жүрөгүмө.
— Ал — ай-ааламды дайыма жылмайып карайт, ээ? — дейт.
— Ошондон улам, ай-аалам да түркүн-түстө кубулуп, мени карап жылмайып калган! – дейм.
— Ага чейин кандай эле, эсиңдеби?
— Эсимде. Агы аз, карасы көп, мага кайдыгер эле караган ай-аалам эмес беле…

ХХХ

— Жүрөгүң экөөң шыбырашып ага эмне тилейсиңер? — деп сурайт, Акылым.
— Өмүрү, ден соолугу анан жылмаюусу кемибей толуп-ташып турса экен деп тилейбиз.
— Бир көргөндө эле жүрөгүңө жагып калды беле?
— Көрө электе эле жактырчу.
— Кантип? Андай болбойт да… — дейт, Акылым.
— Элеси жашачу…
— Канча жашыңдан?
— Эс тарткандан… Балким, андан да эрте…
— Элесин кайдан издечү эле жүрөгүң?
— Бала кезимде — балдардын арасынан. Чоңойгондо — чоңдордун арасынан…
— Менин эсимде жок…
— Акыл менен жүрөк дайыма эле бирге сезип, бирге боло бербейт…
— Макул, макул, анан…
— Издеп жүрө берди, издеп жүрө берди… Жаштыгым башталганда, “Монголия”, “Япония” деген журналдардын ичин кыдырып издеген. “Якутия кайрыктары” деген китептен да издеген. Жер кыдырбаса да, журнал, газета, китептер аркылуу эл кыдырып издеген…
— Балким, мен таап бергендирмин.
— Андай эмес! Жүрөгүм өзү таап берген…

***

Арзуу
(Ал жигиттин элин, жерин кошо сүйөм)

Асман бирдей баарыбызга,
Колду сунса кармалчудай.
Сен жашаган жерде гана башкадай…

Тынч уйкуга элиң киргенде,
Түйшүгүңдү түнгө карматып,
Мен суктанган асманыңды карап гой…
Жазылгансып, тамгалардай булуттар,
Уланышып-уланышып баратса —
Жүрөгүмдүн сага жазган ырлары…
ХХХ
Мекениң да Мекенимден алыста,
Өз элим деп соккон менен жүрөгүм,
Башка элдин келининдей жүрөмүн…

2-Апрель. 2004-жыл.

Кыял
Кыялымда келинчегиң болуп алгам…
Түнөгүбүз булуттардын арасы.
Колубузда мөндүрлөрдөн шакек бар,
Жер үстүнө батпай көлгө айланган,
Тоюбуздун чачыласы жамгырлар…

1990-жыл

***

Кичинемде, жаштыкта көп жолу суицидге баргым келчү… Ошондо, ушул адамдын жылмайган элеси сактап калчу мени… Ушул жылмайган элесин таштап кетким келчү эмес…

***

Көрө электе, көрүш үчүн өлгүм келген жок, көргөндөн кийин, көрүп туруу үчүн жашап калгам… Ай-аалам мага жылмайып карап калган ал аркылуу…

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.