Кыргызстандын китеп мурастары

Bektour га рахмат, ушундай аталыштагы сайтты тапканга жардам берди. Менимче, эң керектүү жана пайдалуу сайт. Кыргызстандагы төрт ири китепкана: Улуттук китепкана,  Илимдер академиясынын китепканасы, Баласагын атындагы Улуттук университеттин жана Ысык-Көл университетинин китепканалары Кыргызстанда басып чыгарылган же болбосо Кыргызстанга тиешелүү тарыхый сейрек китеп мурвстарын санариптеп, Интернетке жайгаштырууну колго алган экен. Эң жакшы жөрөлгө. Бир гана өкүнүчтүүсү – санариптелген китептердин саны азырынча өтө эле аз – менин санагыма караганада – 115 китеп. Бул, сөзсүз түрдө, фонддордо сакталып турган баалуу китептердин чети гана болуш керек. Дагы бир кейиткен жагы – сайттын кыргыз тилдүү бети болгону менен, андан  кыргыз тилинде дээрлик эч бир маалымат таба албайсың.

Кызыккандар үчүн, “Кыргызстандын китеп мурастары” сайтынын дареги: http://rarebooks.net.kg.

http://bektour.com/
Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.