Шабдан Сулайманов

1972-жылы Талас районундагы Талды-Булак айылында туулган. 1995-жылы КМУУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүткөн. Үй-бүлөлүү, 2 кыз 1 уулдун атасы. Учурда Талды-Булак айылында жашайт.

 

Ырлар

ЖАЙЛООДОГУ СҮРӨТ

Каарыган күндү сындырып,
Калкылдап учуп сур булут.
Кыйшаят төрдө жылкычы,
Кымыздан жутуп кылгырып. 

Жон тери менен мал тапкан,
Жок издеп жолду чарчаткан.
Жогортон түшүп келатат,
Жолоочу болуп салт атчан.

Караанды көрсө бир замат,
Капталдан суурлар үн салат.
Талпактан өчүн алчудай,
Татына келин жүн сабап. 

Өкүртө тоюп чөпкө көк,
Өкүрөт ноопаз өпкөлөп.
Кучактап уктайт куйругун,
Кууашык болгон көк дөбөт. 

Кургак күн өтүп денеге,
Кулундар ыктайт желеге.
Аялды кечке акмалайт,
Аяк кап илген кереге. 

Бозүйдүн болбой бош жери,
Болпоёт салган бостеги.
Баканда бала күрмөсү,
Байланган бекем кош жеңи. 

Сары май анан бышкан нан,
Сабанын жыты ышталган.
Каржилик башы кылтыят,
Капшытка бекем кыстарган. 

Тартактап чуркайт тайган ит,
Таз жоору көктө айланып.
Кармалган короо сыртында,
“Каракчы” турат байланып. 

Баласын атка жиберип,
Бак сурайт чабан тиленип.
Тегизде жаткан калың кой,
Тескейди көздөй тирелип. 

Козусун союп шашылып,
Конокко казан асылып.
Кылаалап батып барат күн,
Кырдагы ташка жашынып.

 

КЫРМАН 

Союз деген чоң атам курган эле,
Солкулдабай эчен жыл турган эле.
Күндү жутуп томсоргон дал ушул жер,
Күркүрөгөн бир кезде кырман эле. 

Кырман эле көп элге жагып турган,
Кыйма-чийме унаалар агып турган.
Бириктирип бардыгын эмгек менен,
Бир айылдын мал-жанын багып турган. 

Тоют болуп ташылып канчасы улам,
Толуп кетчү бат эле аркасынан.
Артып турчу пейили ал ан сайын,
Арпа-буудай төгүлүп кампасынан. 

Үйдөн чыксам таң менен, иңир менен,
Үнү угулуп күрүлдөп, дирилдеген.
Кыялданып отуруп кичинемде,
Кырман болуп кетчү элем дилимде мен. 

Чоң максатты алдыга коюп терең,
Чогуу өстүк, чоңойдук тоюп кенен.
Чок баскандай чоочутуп бир күнү эле,
Чоң атабыз көз жумду Союз деген. 

Менчиктеди ал анан тамын бирөө,
Мээнет кылбай айдады малын бирөө.
Кошо талап турушту туш-тушунан,
Кой дегенге жарабай жарым бирөө. 

Баш аламан турмуштун закымында,
Баш-аяксыз иш кылып сапырылма.
Кышын сатып талкалап, ичин сатып,
Кырманды да жок кылдык акырында. 

Токтото албай өмүрдү зымылдаган,
Толкун келет угулуп, угулбаган.
Үй сыртында баягы эски тааныш,
Үн жаңырып тургансыйт уңулдаган. 

Баркың сенин билбедим мурда неге,
Балалыкты көрчүмүн кырдан эле.
Буруп турган ажайып бир мезгилге,
Бул мен үчүн эң кымбат кырман эле.

 

КЫЗГАНЫЧ

Дегдеп жүрөк, жолукканда жаркыным,
Делбе болуп, демим жетпей сүрдөнүп.
Сүйлөй албай, тилден калып, тартынып,
Сүйөөрүмдү кайдан билдим бир көрүп? 

Кайдан билдим? Кара баскыр ошол күн,
Каңтарылып кеткен өңдүү дүнүйөм.
Карайладым, жер кучактап төшөлдүм,
Кайтып бара жатып сенин үйүңөн. 

Жоопсуз сүйүү. Жол басылбай токтогон,
Жогум, барым билинбестир сулууга.
Күндөргө мен бир чайналып жок болом,
Күчүм жетпей кайра экинчи турууга. 

Түгөнөмүн, түгөл жашоом өтөлбөй,
Түнөк таппай махабаттын айлында.
Куюлармын чөлгө төккөн нөшөрдөй,
Кумга сиңип күйүтүм да, кайгым да. 

Сезимсизим, сен бир убак ай жарык,
Сейил бакка чыккан кезде акырын.
Албууттанып мен шамалга айланып,
Алып учам колуңдагы чатырың. 

Жааган кардай жаның койбой кучактап,
Жазгы желдей алкымыңдан аймалап.
Күздү узатып, жазды коштоп, кыш аттап,
Күтүүм менин төрт мезгилге айланат. 

Көңүл муздап, таңды тосуп кеч менен,
Көөдөнүмдө жылдар тоңуп, ай үшүп.
Кыйрап турам сен келаткан кезде мен,
Кызганычтан сынып түшүп, майышып. 

Бар дүйнөдө бак айтпаган делбирим,
Байкабастан жамгыр жууган жашымды.
Башка менен колтукташып сен бүгүн,
Баратасың жөлөп коюп башыңды.

 

* * *

Ошондогу сага суктанам,
Оюңа кир жугуп-жукпаган.
Окуучу кыз аруу, таптаза,
Он сегизге чыгып-чыкпаган. 

Баёо мүнөз, күлүп, каткырып,
Байке десең сүрдөп, аптыгып.
Башкача бир сезим байырлап,
Байкабастан калгам жактырып. 

Мектеп жакка эңсөөм күч алып,
Мен да “окуучу” болдум күз айы.
Билип-билбей түркүн ой жооруп,
Бизди ушактап жүрдү бүт айыл. 

Күүгүм тарта күтүп эшиктен,
Күндөрүм шаң сага кезиккен.
Отуз жашка таяп калсам да,
Он тогузда өзүм сезип мен. 

Бир көрбөсөм күнүм батчу эмес,
Бир ишке да көңүл чапчу эмес.
Кошуналар таанып, а тургай,
Корооңдогу итиң капчу эмес. 

Канча сездим жайдын аптабын,
Канча кечтим кыштын ак карын.
Канча бастым сенин көчөңдө,
Канча жаздым сүйүү каттарын… 

Өтүп күндөр үшүп, үргүлөп,
Өтүгүмө жерди сүргүлөп,
Жолдон өлдү канча сааттарым,
Жолугушуу үчүн бир мүнөт. 

Жандырмагын чечип түйүндүн,
Жалындадык, сүйдүм, сүйүлдүм.
Кайып буйруп келдиң бир күнү,
Кадыркечи болуп үйүмдүн. 

Берсе кудай мага күч гана,
Берем дечүм баарын бүт сага.
Берекем ай, кайра мен үчүн,
Белек кылып бердиң үч бала. 

Тагдыр болду бизди жуптаган.
Тааныштардын сөзүн укпаган,
Тандап алган менин дүйнөмдү,
Табитиңе сенин суктанам… 

Табитиңе сенин суктанам…

 

* * *

Эх, ошол кез! Ошондогу айылда,
Эч ким илип олтурчу эмес эшигин.
Бөбөктөрдү коңшусуна дайындап,
Бөлөп коюп кете берчү бешигин. 

Чака-челек мелт-калт толгон айран, сүт,
Чакырылбай өзү келген коноктор.
Бүлүк түшкөн, күлүп түшкөн кайран кез,
Бүгүн менин балдарыма жомоктой. 

Жакындатып туруучу эле баарысын,
Жапыз үйлөр, жапырылган тор зымдар.
Жакшы адамдар акысыз да, кайрымсыз,
Жардамдашып бири-бирине кол сунган. 

Айыл жапырт чогулушуп түлөөгө,
Ала чуркап идиш-аяк, төшөгүн.
Келин алып, кыз узатса бирөөлөр,
Келип баары көркү чыкчу көчөнүн. 

Мезгил өттү. Мерестикти үйрөндүк,
Мен барбаймын телефондон чалбаса.
Басып бирөө алуучудай үйлөрдү,
Баарыбыз тең койдук темир дарбаза. 

Эсеп-чоттун эбин тапты келиндер,
Эзелкидей ичпей калдык айранын.
Саап-саабай, чыгып-чыкпай желинден,
Саалган сүттөр самын-чайга айланып. 

Жалпыбыз тең пенде экенбиз бир акма,
Жасап-түзөп үйдүн ичин оңдодук.
Кенен кылдык бөлмөлөрдү бирок да,
Кеткени жок пейилибиз чоң болуп. 

Эх, ошол кез! Мен кичине чагымда,
Эч ким кулптап бекитчү эмес эшигин.
Жөпжөнөкөй жыгач болчу каалга,
Жөлөп коюп кете берчү өтүгүн.

 

КЫШ БАРАКТАРЫ

Көөдөн бош, эмнегедир чөгөт көңүл,
Көчөнүн аяк-башын токуп туман.
Кар төгөт, кабыргамды сөгөт менин,
Качанкы ырларымды окуп турам. 

Эриктим, эч силерди көрө албадым,
Эскирген эсил сөздөр түк кетпеди.
Дүйнөнүн чындыгына көнө албадым,
Дүмүрдү тургузууга күч жетпеди. 

Сагынчым айтып келип кеп түгөндү,
Санаанын сан жылдызы жанып көктөн.
Эх күндөр! Силер дагы кеттиңерби,
Эси жок бирөөгө окшоп чанып кеткен. 

Тойдум мен тогоосу жок калыстыкка,
Томуктай жер үстүндө жоктой кызык.
Аттигиң алыс, алыс, алыстыкка,
Атылып кетким келет октой сызып. 

Тымтырстык… Тынч бөлмөдө оюм сынат,
Тышта кар ачып жатат кыш барагын.
Аргасыз пенделикке моюн сунам,
Аңгырап боштук ээлейт туш тарабым. 

Бийледик бийик күйгөн жалындарга,
Бир болдук, кайра бирден ыдырадык.
Эми биз кайсыл тоонун жалын кармап,
Эми биз кай талааны кыдырабыз. 

Кайрылып келүүчүдөй кайра баары,
Караймын бир чекитин аста шыптын.
Мезгилдин арабасын айдап алып,
Мен бүгүн өзүмө-өзүм касташыпмын. 

Жаштыктан, жакшылыктан элес берип,
Жарыгын жанып турган кечки Бишкек.
Калтырып бизди кошкон элет жерин,
Калаадан бактыбызды кеттик издеп. 

Узадык үн жетпеген чакырымдай,
Учушту асыл жылдар закым болуп.
Жашоону өтөп келем акырын, жай,
Жалгыздык досумдан да жакын болуп. 

Кезикпей, алыстадың кача бердиң,
Кезишпейт биздин жолдор бөлөк жолдой.
Кыялга жетеленип баса бердиң,
Кыйналып турган чакта жөлөк болбой. 

Чачылдым чамам жетпей жыйнаганга,
Чакырдым жакындарым келишпеди.
Суроолор сулуулардай ыйлаганда,
Суу перим сени күттүм деңиздеги. 

Туюктук… Мыкчып турам башты мына,
Турмуштан жок издепмин, бар издебей.
Тумчугуп туман баскан жаштыгыма,
Туулгум келди кайра наристедей. 

Убакыт айланганда күчтөй басып,
Унуттум бүтүн баарын деймин дагы.
Түшүнүп бүгүнкүнү бүтпөй жатып,
Түйшүгүн эртеңкинин жеймин жаңы. 

Үшкүрүк бүткөн бойду тушап кетип,
Үшүгөн жолду тиктейм бар кабардай.
Биз күздө каркырадай узап кетип,
Биз кышты тоскон жокпуз каргалардай. 

Чындыкты түтүн сымак үйлөп коюп,
Чылымга мүнөт сайын ышталамын.
Күн кыска. Кар чатырда үймөк болуп,
Күүгүмдө ачып жатат кыш барагын…

1998-ж.

 

* * *

Жашап жаткан уяңды бузбас кылып,
Жаратпайбы мезгилди учпас кылып.
Балалыкка алпарчы атакебай,
Баштагыдай тору атка учкаштырып. 

Жылкы айдайлы жылгадан күлүк минип,
Жылдыз жанган түндөрдү сүрүп кирип.
Жаз тосолу ак карлуу чокулардан,
Жакшы тилек, максатты үмүт кылып. 

Тай минейин олтуруп ээрине бек,
Талды-Булакка баралы шеринелеп.
Кара шагыл үстүндө үч түп болгон,
Карагаттар баягы териле элек. 

Камыштуу сай, Бакай-Таш, Бөлөк-Дөбөм,
Кара жамгыр төкчү эле көнөктөгөн.
Түбөлүктүү жашайт деп мен силерди,
Түк оюма келбептир өлөт деген. 

Түк билбепмин, бала экем түшүнбөгөн,
Тирүүлүк жок турбайбы үзүлбөгөн.
Тактайында отурчу энемди эстейм,
Тамекисин колунан түшүрбөгөн. 

Салып дүрбү көздөрү тешилчү эле,
Садагам деп, сарым деп эзилчү эле.
Көк чермейин жыттасам күнгө тозгон,
Көмөч нандын жытындай сезилчү эле… 

Кенендерим, асылым, эсилдерим,
Келип турат азыр да кечир дегим.
Карай берип кайтчудай жолуңарды,
Картайыптыр наристе сезимдерим. 

Баарын өзүм башкарып, билем деген,
Баштагыдай тайрактап жүрөм деген.
Эрке талтаң учурум эчак көрсө,
Ээрчип ыйлап кетиптир силер менен.

 

* * *

Эсендикте жүргөнүмө сүйүнүп,
Эртели-кеч оокат-аш деп жүгүрүп.
Элеттеги алакандай айылда,
Эл катары өтүп жатат тирилик. 

Эл катары үй-бүлөм бар, жарым бар.
Эл катары бирин-экин малым бар.
Кыйма-чийме чатырлары жабылган,
Кыялымда эки кабат тамым бар.. 

Эл катары ашка-тойго барамын,
Эсептелип акча менен кадамым.
Ар бир жазда ойлоп коём, а бирок,
Азыр деле тигиле элек дарагым. 

Жалган айтып батпасам деп күнөөгө,
Жаман айтып албасам деп бирөөгө.
Чыгып барам тепкичинен турмуштун,
Чымын жанды коюп коюп күрөөгө. 

Жашап келем бирди экиге кошсом деп,
Жан жагымда душман турат достон көп.
Жарым айтат: “Эл катары мен деле,
Жаңы жылды чет өлкөдөн тозсом деп”. 

Аман болсок жетебиз деп ага да,
Андан көрө өмүр берсин садага.
Капаланбай бир аз чыдап тургун деп,
Карала уйду айдап жөнөйм бадага. 

Ууру кылбай, ак мээнеттин нанын жеп,
Уул-кызыма эртеңкинин камын жеп…
Эл ичинде тирүүлүгүм ошолдур,
Эгер уксаң мен жөнүндө айың кеп.
Не кыламын бирөөлөргө ор казып,
Не кыламын бирөөлөргө тор жазып.
Эки чыны карандай чай ичсем да,
Эл катары жүргөндүгүм зор бакыт.

 

ТАТАР УСТА 

Жанын багып жалданып ар жумушка,
Жаман тонун түшүрбөй жайды-кышта.
Там-ташы жок, бүлөсүз күн өткөргөн,
Татар уста бар эле айылыбызда. 

Дубанадай ар үйгө көчүп кирип,
Дубал согуп, жыгачтан эшик тилип.
Жыл маалында жүрүүчү байпагы жок,
Жылаңаяк бутуна кепич кийип. 

Табышмактуу бир кызык жашар эле,
Таш бакадай кыбырап басар эле.
Тапан балдар артынан таш ыргытып,
“Татар, татар” – деп алып качар эле. 

Ким угуптур татардын баскан жолун,
Ким билиптир чыныгы жаш болжолун.
Кайгы-муңбу, кусабы, ичип алып,
Кай бир кезде көрчүбүз мас болгонун. 

Чыккынчы деп кай бирөө жактырчу эмес,
Чын пейилден коноктоп жаткырчу эмес.
Азыр деле эсиме келе түшөт,
Арык жээктен арсаңдап каткырчу элес. 

Ал каткырык күлкү эмес, арман сындуу,
Алмаштырып туруучу жалган чынды.
Татар өлдү, унуттук. Ал тургузган
Тамдар гана жоктошуп калгансыды…

 

* * *

Кыйкууласа биздин жердин үстүнөн,
Кыйрап дүйнөм узатчу элем, күтчү элем.
Качандыр бир укпай калып үндөрүн,
Каркырасыз тосуп жүрөм күздү мен. 

Каркырасыз кар сампарлап кыламык,
Каркырасыз жашоо дале уланып.
Мерес мезгил ташкынында бир күнү,
Мен да кошо агып кетем бул анык. 

Дал ушундай тоолор-түздөр саргайып,
Дал ушундай талааларда мал жайып.
Жүргөн чакта тээ бийикте бараткан,
Жүрөктү эзчү карааныңар калдайып. 

Бурганактуу бороон-чапкын коштолуп,
Буулуккан бир сезим менде козголуп.
Кыйбас жандай кол булгалап калчу элем,
Кыялымда силер менен дос болуп. 

Бир жакындап, бир закымдап, кичирип,
Бир узарып, бир кыскарып үзүлүп.
Учкан сындуу каркыралар андагы,
Учуп жатат ушул күндөр тизилип. 

Ашып турам өмүрүмдүн теңинен,
Асыл жылдар кемигени кемиген.
Сары күз аай, келгениңде дайыма,
Санаага эле окшоштурам сени мен. 

Эмне санаа, кимди карайм күтүнүп?
Эч нерсени биле албадым түшүнүп.
Эрдемсинип иш кылдым деп жүрүпмүн,
Эшигимден чуркап чыкса ит үрүп. 

Кандай санаа капилет бул күздөгү?
Карга айланды катуу нөшөр биздеги.
Кычашкансып ал ан сайын жүрөктү,
Кысып турат бир кусалык ичтеги. 

Ийип башты көр турмуштун шартына,
Из калбаптыр бир кылчайсам артыма.
Бар болгону калган экен эсимде,
Балалык кез, анан кайткан каркыра. 

Кыйкууласа биздин жердин үстүнөн,
Кыйрап дүйнөм узатчу элем, күтчү элем.
Качандыр бир караандарын жоготуп,
Каркырасыз тосуп жүрөм күздү мен.

 

ДАМБЫР ЫРЫ

Жазды көрдүм жазылган пешенеден,
Жамгыр төгөт токтобой эселеген.
Эмнегедир алгач күн күркүрөсө,
Энем тышта жүргөндөй сезе берем. 

Энем тышта… Мынчалык барбы бакыт?
Эски чака-челегин калдыратып.
Күбүрөнөт, тиленет ал ан сайын,
Күн күркүрөйт кетчүдөй там кулатып. 

Жалынууда кайталап “дамбыр-ташын”
Жайнап жүзү тоскондой жан курдашын.
Сагынычын жашырбай табият да,
Сабалайт-оов тыялбай жамгыр жашын. 

Аңдабастан түшүнүп бирин-бири,
Апамдын да ак жамгыр дилин билип.
Келген эле далай жыл эриш-аркак,
Кетти бир күн өмүргө иңир кирип… 

Тыйылды анан баягы бата-тилек,
Тынчып калды кагылбай чака-челек.
Апам барда төрт мезгил төркүн болуп,
Ар бирине сый кылып жашачу элек. 

Апам барда теңдешип Теңир менен,
Аалам турчу кирпикте мен ирмеген.
Жамгыр уруп келгенде азыр деле,
“Дамбыр” ырын уккандай жеңилденем. 

Дамбыр ыры… Чагылган… “Күр” эткен үн,
Дайымкыдай эсимде жүрөт менин.
Далдааланып турамын бирок бүгүн,
Далис…Чака-челексиз… Жүрөктө муң… 

Капилеттен карачы күч алганын,
Кара жерге төкчүдөй бүт арманын.
Жаап турат нөшөрлөп, бирок аттиң,
Жамгырды мен апамдай күтө албадым. 

 

* * *

Боз-Айгырдын боз бороону ыркырап,
Боздогондо ботодой бир буркурап.
Бу дүйнөдө жалгыз өзүм калгансып,
Буулугамын жазылбаган ыр сымак. 

Кара талдын карт бутагын жапырып,
Карды-кардай, чаңды-чаңдай сапырып.
Жаалы күчөп, жанып сабап келгенде,
Жашынчу жер таппай турат макулук. 

Бороон! Бороон! Сен качанкы боз бороон.
Бойго жеткен ашыктарга дос бороон.
Урпак келсе кубанычтан удургуп,
Узаганда уңшуп ыйлап коштогон. 

Сен экөөбүз бир көчөгө түшүп эй,
Сен экөөбүз чүкө ойночук үшүбөй.
Караңгыда жан-жагымдан ышкырып,
Кадимкидей караан элең кишидей. 

Сен экөөбүз коюн-колтук алышып,
Сен экөөбүз ат жалында жарышып.
Үзүлчүдөй эс-акылдан кыз сүйдүк,
Үстүбүздөн бурганактап кар учуп. 

Чогуу бастык тобокелдеп дарчыдай,
Чогуу актык чоң турмушка тамчыдай.
Ынак досум бирок бүгүн негедир,
Ыркырайсың мени жутуп алчудай. 

Албууттанбай токто бороон, токтогун,
Ал кездеги апам тиккен жок тонум.
Жылас болуп өткүр кезим, өрт кезим,
Жылуулукту самап калган окшодум. 

Боройлоп да, борошолоп жыл чубап,
Бороон! Бороон! Токтоор эмес бул чунак.
Боз-Айгырды ашып кетип баратат,
Бороондогон кайран гана курч убак. 

 

* * *

“Тыныбайдын баласы тың,
Тынч отурбайт ар мүнөт.
Тырнактайдан кара? Чычым,
Тышта жүрөт кар күрөп. 

Бада жайып кетет таңда
Бактыгулдун баласы.
Мындан дагы эс тартканда
Мыкты болот чамасы?.. 

Энесине кубат берет
Эсен уулу чечкедей.
Эшекке артып суу апкелет,
Эрте дебей, кеч дебей”… 

…Айтор деги ата-энебиз
Айтып бүтпөй “арманын”.
Маашырланып таза.
Тегиз мактачу элдин балдарын. 

Элпек, сыпаа, шайыр жана
Эч кетирбей чекилик…
Эл балдары дайым мага
Эң кыйындай сезилип… 

Эс-дартымды бутага алып
“Эл балдары” деген кеп.
“Эл” боло албай туталанып,
Эзип санаа жегем көп. 

Кездер да жок эми андагы,
Сөздөр да жок наалычу.
Кичинекей эл балдары
Киши болду баарысы. 

Кербезденип мүнөз күтүп,
Кетти бири бийиктеп.
Мансап менен күн өткөзүп,
Маңдайына тийип Көк. 

Чыкты бири алдыга кең,
Чөктү бири күйүт жеп.
Өзгөрбөстөн калдым а мен
Өз дүйнөмдү сүйүп тек. 

Башкаларча салыштырбай,
Баардык жыргал-азабын.
Мезгил менен жарыштым да,
Мээнет менен жашадым. 

Ак эмгектен адал иштеп,
Алаканым туурулуп.
Кыпчылбадым жаман ишке,
Кылган жокмун уурулук. 

Түшүп турмуш шарданына,
Туурабадым эч кимди.
Билбейм, элдин балдарына
Жетпедимби, жеттимби? 

 

* * *

Уйкусуз көздөрүмдө түнөп туман,
Уйпалап бир кыжаалат жүрөктү улам.
Тулаңдуу өрүшүнө жете албаган,
Тулпардай тушалган бир жүдөп турам. 

Окшошкон күндөн көңүл ооруганда,
Октолуп келгин куштай оолугам да.
Турнанын көчүн ээрчип кетким келет,
Тургансып бала курак доорум анда. 

Сагыныч курчаганда сөздөр түгөп,
Самачу болдум ошол кездерди көп.
Мезгилдин бүктөмүндө калып кетсем,
Мени да бирөө-жарым эстейби деп… 

… Бир туруп түмөн ойго кептелемин,
Бир туруп өзүмдү-өзүм жек көрөмүн.
Күүлдөп-шуулдоого чаркым келбей,
Күндөрдү мите курттай жеп келемин. 

Кыйкырсаң кыйкырганың угулбаган,
Кыйналсаң, кыйналганың туюлбаган…
Бирикпей кумдан бетер ушаланып,
Бир чөлдө калгансыймын куюндаган. 

Жардамым тийди билбейм канчаларга?
Жарыгым тийди билбейм канча жанга?
Көсөөдөй көөлөп-көөлөп салгым келет,
Көр оокат сенден тажап чарчаганда… 

Бир кылка эмес тура турмуш деген,
Бирде жай, бирде катуу күргүштөгөн.
Тагдырды шерик кылып баратамын,
Тартылып Өмүр деген бир күчкө мен. 

…Өйүздүн ары жагында Өлүм-желдет,
Өкүмүн кимге гана жүргүзбөгөн…

 

* * *

МАМАМА

Чоң ата баккан балдар,
Чоң эне баккан балдар,
Чогулуп бир түшө албай,
Чоң турмуш кемесине.
Чоочуркап өз атасы энесинен.
Жүздөрү үйрүлбөгөн,
Жүрөгү ийрилбеген,
Силерди көрүп турам мен өзүмөн.

Чоң ата коюнунда,
Чоң эне моюнунда,
Мага окшоп өскөн жандар,
Мамалап, же болбосо жеңекелеп.
Энесин, өз энесин эмчек берген,
Эркелей албайт экен “энекелеп”.

Эр жетип чоңойгону,
Этегин баса отуруп,
Эзилип энем менен сырдашпадым…
Элге окшоп маашырланып,
Эзели энеге арнап ыр жазбадым…
Жазмакмын жазсам балким:
“Апаке, апакебай сагындым деп,
Айланып, чимирилип, кагылдым деп,
Кантип сен жаттың экен,
Караңгы бөлмөсүндө кабырдын деп”…
Ал анан мени адамдар айбан демек…
Акылдан тайган демек…
Апасы тирүү туруп кесирленген,
Ападан айлан! Айлан! Айлан демек…
А менин ички күптүм,
Алардын ойлоруна кайдан келет?! 

Делбирек сезим менен калыптанып,
Дээринде наристенин калып калып
Бир эне, бир жүрөгү.
Бакканга бала болуп,
Байырлап кетет экен,
Батырса кимдин эли.
“Кан тартат” деген сөздүн,
Карандай калп экенин билдим эми… 

Көпчүлүк! Көпчүлүк эй!
Көшөрүп дилин бербей,
Көңүлү бала кезден тилингендей,
Темирдей катып турган,
Телинбей качып турган,
Көк бетти көрдүң экен кимиң мендей?
Элүүгө чыксам дагы,
Эзилип отурамын,
“Энеке” деген сөзгө тилим келбей… 

Кантейин айталбадым…
Кадырлап сыйласам да,
Канчалык өзүмдү-өзүм кыйнасам да…
Мезгилдер өтсө деле,
Мээримин өз энекем төксө деле,
Мээнетиң алайын деп өпсө деле,
Көңүлүм эмнегедир туруп алат,
Көзү өткөн чоң энемди көксөп эле… 

Өзгөчөм, мамам менин,
Өзүңдү келбейт такыр жаман дегим…
Тоң моюн балаңды сен,
Тогуз ай тоголонуп,
Тогуз саат толгоо тартып тапкан элең…
Дегеле кол көтөрүп чаппады элең,
Дегеле оройлонуп какпады элең,
А бирок “апа” деген ыйык сөздү,
А дүйнө апкетиптир менчик кылып,
Асырап баккан энем… 

Сиз мени түшүнүңүз!
Ушундай толук бышпай,
Ушундай тоңуп муздай,
Ушундай начар чыкты “түшүмүңүз”.
Көңүлүң оорутпагын,
Көзүңө жаш албагын.
Сиңишип кетпесем да камыр-жумур,
Силердин үй-бүлөдө катардамын.
А бирок “ата, апа” деп тилим чыккан,
Ал сөздү биринчи уккан,
Арбагын ата-энемдин сата албадым…

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.