“Кыргыз Туусунун” практиканты – эл аралык фестивалдын жеңүүчүсү

“Кыргыз Туусу” гезитинин практиканты, КУУнун чыгыш таануу факультетинин 3-курсунун студенти Токтобек Үсөнов ондон ашуун КМШ өлкөлөрүнүн жаш таланттары ат салышкан “Золотая табуретка” эл аралык фестивалында жеңүүчү деп табылды.

Тактап айтканда, анын “Экөө” аттуу аңгемеси фестивалда эң мыкты чыгарма катары табылып, АКШ өкмөтү, ЮСАИД демөөрчүлүк кылган “Много языков – один мир” аттуу кыргыз жана орус, англис, фарсы тилдеринде жарык көрүүчү адабий жыйнактан орун алды.

“Баарлашуунун, байланышуунун заманбаптыгы аркылуу дүйнө элдери бири-бири менен руханий, маданий жакындашып, ымалашып жашоого ык алышууда”, – дейт сынактын уюштуруучусу Николай Шульгин.

Эскерте кетсек, ар кыл өлкөдөн интернет байланышы аркылуу чогултулуучу бул адабий фестиваль сегиз жылдан бери өтүүдө. “Мен кыргыз тилиндеги чыгармаларды окуп, баа берүүчү калыстар тобуна кирем. Бирок, бизге конкурсанттардын аты-жөнү берилбейт, тек гана чыгармаларды номерлөө жолу менен колубузга тийгизишет.

Биз окуп, баабызды беребиз. Бул жолу да ондон ашуун өлкөдөн, канча бир тилде, көптөгөн жаш таланттардын чыгармалары катышты. Мени таң калтырганы, былтыркы жана мурдагы жылкыга салыштырмалуу биздин кыргыз конкурсанттар тилинин курчтугу, көз караштарынын жаңычылыгы жана калемгер катары калыптанып калгандыгы болду. Мисалы, мына бул “Экөө” деген аңгемени окуганымда, мен: “Муну токтолуп калган эле чоң жазуучу жазса керек”, – деп күмөнсүгөмүн. Көрсө, автору Токтобек Үсөнов деген студент экен, мына бүгүн көрүп отурам”, – дейт жазуучу Турусбек Мадылбаев жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземинде.

Ал эми конкурсант Т.Үсөнов: “Бул мен үчүн күтүүсүз окуя болуп жатат. Анткени, сынакка мен интернет аркылуу катышкам жана бул алгачкы чыгармам болгондуктан, азыр: “Мындан да жакшы жазышым керек эле”, – деген түйшөлүү жанымды жай алдырбай жатат. Ошондуктан, өтө деле толкунданып, кубанган жокмун”, – дейт. Антсе да, бул анын адабий дүйнөгө таштаган эң алгачкы жана эң ийгиликтүү кадамы экени чындык. Айтмакчы, ал былтыр КРнын жаштар министрлиги уюштурган студенттер аралык конкурста “Апам” аттуу ыры менен башкы байгени утуп алган. Ал эми анын апасы Бурул эженин айтымында, “Генерал болууну каалабаган жоокер – жоокер эмес” демекчи, Токтобек кичинекей кезинен эле чыгармачылыктын азаптуу да, азарттуу да ашуу-белдерин ашып өтүп, тээ качандыр Нобель сыйлыгын алсам деп тилек кылчу экен. “Көрүнгөн тоонун ыраагы жок” демекчи, балким ушул жолдор аны так ошол чыгармачылыктын бийик чокусуна алып бара жаткандыр? Ак жол каалайбыз!

Ошентип, Орто Азиядагы Америка университетинде фестивалдын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өтүп, ар бир жаш талантка өздөрүнүн алгачкы чыгармалары жарык көргөн китептен он даанадан белек кылынды жана боорунда: “Много языков – один мир” аттуу жазуусу бар футболкалар, ошондой эле жеңүүчү болгондугун тастыктаган сертификаттар ыйгарылды.

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу», 12.06.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.