#19-22 (55 сөз сынагы)

 

#19 Кыял

– Апа, мен сага такыр өлбөй турган ата сатып келип бер дебедим беле? Качан алып келесиң?

– Карадым кызым, абдан кымбат экен…

– Мен таптым! Робот ата деле алсакчы, кечке чарчабай мени көтөрүп ойнотот да. Же кадимки эле ата алалы, робот ата мага балмуздак алып бербейт ээ…

– Сен чоңойгондо акчабыз көп болот, ошондо кадимки сатып алабыз, макулбу?

– Макул…

 

#20 Марусянын наны

Орус улутундагылардан айылда бир гана Маруся деген кемпир калды. Жалгыз жашайт. Кыргыздар менен тагдырлаш болгон бул кемпир дүкөндөн бөлкө нанды алып келип, жегенинен калганын кургатып , кездемеден жасаган баштыгына сала берет.

– Ачарчылыкты көргөмүн. Бул нанды ачарчылык болсо, элге таркатамын, – дейт кошуналарына. Бирок кап-каптап чогулткан кургатылган нанын эч кимге тарката алган жок. Ичер суусу түгөнүп, кете берди.

 

#21 “Энекем”

– “Энекем” деген ырыңыз республикалык абройлуу адабий сынакты утуп алыптыр, куттуктайбыз! – деди журналист акынга.

– Чоң рахмат, – деди кубанычы койнуна батпаган акын.

Телевизордон баласы катышкан телеберүүнү көрүп отурган энесинин көзүнө жаш келди. Анан кантсин? Жалгыз уулу атагы чыккан акын болуп жатса. Айланасында отургандарды сыймыктануу менен карап чыкты.

Бир маалда карылар үйүнүн жарыгы өчтү. Эне ордуна келип жатты.

 

#22 Чогуу баруу

1993-жылы Корумду айылында Карамолдо Орозовдун 120 жылдык тою болду. Жолдошум экөөбүздүн түшкөн сүрөтүбүз бар. Кийин уулум ал сүрөттү көрүп отуруп, бырыңдап ыйлап отурат.

– Мобул тойго мени деле ээрчитип барбайт белеңер? Өзүңөр ээрчишип кетип калбай.

– Балам, сен ал кезде бул дүйнөгө келе элек болчусуң.

– Мени бир азга күтө турсаңар болот беле? Анан чогуу барат болчубуз да.

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.