Уларбек ДАЛЕЙ уулу. “АЛМА ӨСПӨГӨН АЙЫЛ” (кыргызчалаган Кыялбек АКМАТОВ)

 

(Эссе)
Окуучулардын жайкы каникулу жакындап калды. Мектептеги окуудан чарчаган тоо балдары эркиндикке чыгууну, шамал айдаган айыл көчөсүндө чаң ызгыта ойноону, айрымдары жайлоого көчүп барып дем алчу күндөрдү чыдамсыздык менен күтүшөт.
Айылдын борборундагы мектеп менен биздин Көктерек кыштагынын аралыгы алты-жети чакырымдай. Кыш келгенде бул аралык андан бетер алыстап кеткендей сезилет. Ак кар баскан талаа, каалаган убакта уюлгуп соккон, тынчтык бербеген бороон, пахтадай жумшак кардын ичинде омпологон издер. Ат жетелеп, тон көтөрүп, алыс жакка көчүп кетпесең, бул жерде кыштан качып кутулуу кыйын. Ошондо алтайлыктардын кышында бир башка, жайында бир башка мүнөз көрсөтөрүн түшүнөсүң.
Ал эми жайында босогоңдон башталып, учу көрүнбөгөн кара жол менен жүрүү жеңил. Айрыкча велосипед болсо, алты-жети чакырым чоңураак бала үчүн эч нерсе эмес. Бирок бир нерсе бар – ошол жол өзү эле адамды ойго салат.
Мен күн сайын ушул жол менен жүргөндүктөн анын ар бир бурулушун жакшы билем. Кайсы жерде күнгө какталган таштардын чым баскан желкеси көрүнөрүн, кайсы жердеги топтолгон кум таманды куйкаларын, кайсы дөңдөн соккон шамал көкүрөктү ачарын, кайсы ойдо-чуңкурда буулуккан ысык демиңди кысарын – баарын жатка билем.
Ошол чаң баскан жол менен велосипедимди ылдам айдап келе жаткам. Алыстан бир аял көрүнүп калды. Айлдардын арасындагы ийри-буйру бош жолдордо таң эртең же кечинде эле каттабаса, күндүн ысык аптабында адам аз болот. Жакындай бергенде тааныдым – бизге кошуна жашаган жеңем экен. Көз алдында чоңойгонумдан ал мени «кайним» дегени болбосо, өз баласындай көрчү.
Жакындап барып амандашканча башын көтөргөн жок. Менин шамалга уугуп кардыккан үнүмдү укканда гана «селт» эте карады. Жүзүн кайгы басып турган. Эки бети мурда албырып турган сулуу келин эле, азыркы көрүнүшү мага жат сезилди.
– Жеңе, артыма учкашып алыңыз! – дедим өзүмдү чоң жигит сезип.
– Өзүң кете бер. Мени көтөрө албайт, бекер чарчайсың. Тиги Байге-Төбө жактагы мүрзөнүн жанынан өткөнчө жанымда кошо бассаң болду. Андан кийин кете бер.
– Анда баштыгыңызды бериңиз, арткы жагына байлап алайын.
Анча оор эмес кара баштыкты велосипеддин артына байлап алдым. Экөөбүз катар басып келе жаттык. Ортобузду белгисиз тынчтык бөлүп тургансыйт.
Алдыбызда тик өр бар эле. Велосипедимди жөө жетелеп, өргө жеңемден кийин чыктым. Көпүрөдөн өтүп, айланасы ылай дубал менен курчалган чоң көрүстөнгө жакындадык.
– Сиз көрүстөндөн коркосузбу? – деп сурадым.
– Ооба… мурда коркчу эмесмин. Акыркы бир жумадан бери коркуп жүрөм. Өзгөчө жашында жайрап өлгөн адамдардын, айрыкча жарык дүйнөгө келбей калган ымыркайлардын арбагы мени кыйнап жаткандай сезилет…
Мурда улуулардын «көрүстөндөн корком» деген сөздү көп укчубуз. Бирок мен үчүн көрүстөн коркунуч эмес эле. Ал айылдын бир четиндеги жөн гана бир жердей сезилчү. Ал жерде менин ата-бабаларым, туугандарым жатат. Эки жылдан бери күндүз да, түнкүсүн да ушул жерден өтүп жүрсөм да «коркуу» деген сөз оюма келбептир.
Жол көрүстөн менен көлмөнүн ортосун жарып өтөт. Күмбоздөр ар кандай жазуулар менен кооздолгон. Ошол жерге жеткенде жеңем жай басып калды. Бир аз токтоп, көлмө тарапка өттү. Корккон адам көбүнчө жанындагы адамга карап коёт эмеспи. Ал да ошондой кылып мени көзүнүн кыры менен карап коёт. Мен бала болсом да, мени пааналап келе жаткандай.
Жаныңдагы чоң адам корксо, сага да коркунуч жугат экен. Мен да биринчи жолу көрүстөндөн корктум.
– Баары өз адамдар да, тийбес… – дедим үнүм араң чыгып.
– Кээде өз адамдар жаткан жерден да коркот экенсиң, кайним… – деди.
Анын бул сөзүн толук түшүнгөн жокмун.
Көрүстөндөн өткөндөн кийин өзүмдү чоң иш бүтүргөн баатырдай сезип, айылды көздөй учуп жөнөдүм.
Бир дөңгө чыгып дем алып отуруп, жеңемдин баштыгы көзүмө урунду. Балалык кызыгуу менен ачып көргүм келди. Баштыкты ачканда жагымдуу жыт чыкты. Ичинде жаңы төрөлгөн балага арналган кийимдер бар экен: кичинекей көйнөк, төө жүнүнөн токулган майда кемсел, байпак, орогуч кездеме… Ал эми бир четинде жибек баштыктын оозунан он чакты алма көрүнүп турду.
Биздин тоодо алма өспөйт. Алманы алыс түштүктөн алып келип сатышат. Ошондуктан биз көбүнчө карагат, бүлдүркөн, тоо мөмөлөрүн жечүбүз. Бирок адам баласы өзүндө жок нерсеге кызыгат эмеспи.
Акыры чыдай албай бир алманы жеп койдум. Абдан даамдуу экен. Анан экинчисин… үчүнчүсүн… Ошондо гана оор кылмыш кылгандай уялып кеттим. Баштыкты жаап алып үйдү көздөй катуу айдадым. Педалды баскан сайын уятым мени кууп келе жаткандай сезилди.
Көп жыл өттү. Ал окуядан бери отуз жылдан ашык убакыт. Алтайдагы айылдан кеткениме чейрек кылым болуптур.
Ошол үч алма менин ичимде көрүнбөй өнүп жаткандай. Кээде базарда же дүкөндөрдө жайнап турган алмаларды көрсөм, тез эле өтүп кетүүгө аракет кылам.
Адам кээде бир гана көз ирмемдеги карызды өмүр бою көтөрүп өтөт окшойт.
Өткөн жылы жазда атам дүйнөдөн кайтты. Бүткүл өмүрүн адамдарды дарылоого арнаган кайраттуу адам эле. Жаназага анын жардамын көргөндөр көп келди. Кимдир бирөө анын дарылоосу менен аман калган уулун айтып ыйласа, дагы бирөө өзүнүн өлүмдөн кантип кутулганын айтып ыйлады.
Атамдын жетиси өткөндөн кийин анын арбагына арнап аш бердим. Ошондо капысынан баягы жеңемди көрдүм. Экөөбүз кучакташып учураштык. Экөөбүз тең көз жашыбызды тыя албадык.
Ошол учурда мен атам үчүн ыйладым. Жеңем үчүн ыйладым. Жарык дүйнөгө келбей калган алты айлык ымыркайы үчүн ыйладым. Уурдап жеген үч алма үчүн ыйладым. Өзүм үчүн да ыйладым.
Мен ошол үч алманы эч качан кайтарып бере албайм.
Мен алма өспөгөн тоодо төрөлүп-өстүм. Тагдыр мени азыр да алма өспөгөн шаарда жашатып жатат.
Бирок менин жүрөгүмдө эчактан бери алма багы өсүп турат.
Ар бир түбү – бир эскерүү.
Бир түбүндө менин аңкоо балалыгым.
Бир түбүндө тоо чабалекейлеринин уясы.
Бир түбүндө атам.
Ал эми дагы бир түбүндө жарык дүйнөгө келбей калган алты айлык ымыркай жана анын менен кошо жерге берилген жүз миңдеген наристелер жатат.
Кээде түш көрөм.
Түшүмдө баягы он үч жаштагы бала болуп велосипед айдап келе жатам. Бир дөңдө токтоп баштыкты ачсам – ичинде алма эмес, бир ымыркай бала жатат. Ал мага карап жылмайгандай. “Ошол күн эсиңдеби?” – дейт ал көзү менен. “Экөөбүздө тең күнөө жок да…” – дейт. «Бутум үшүп кетти. Жүндөн токулган байпагымды кийгизип берчи…» – дейт.
Ошол жерден ойгонуп кетем.
Терезени ачып көчөгө карайм.
Бактар өсүп турат.
Ал бактарда алма өспөгөнү кандай жакшы…

Бөлүшүңүз

One thought on “Уларбек ДАЛЕЙ уулу. “АЛМА ӨСПӨГӨН АЙЫЛ” (кыргызчалаган Кыялбек АКМАТОВ)

  • 01.04.2026 at 01:48
    Permalink

    Жакшы чыгарма экен

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.