“Сыртым шер, а ичимде кайырчымын”. Китепке пикир
Биз сөз кыла турган акындын ысмы жакшы эле белгилүү. Бир жолу Бишкектен жолуктуруп, аз убакытта пикир алмашканыбыз болбосо, жакшы билем деп айта албайм. Көбүнчө ырларын социалдык тармактан окуп жүрөм. Былтыр өзү берген китеби колума тийгенде, ара-чолодо окуп, эсиме түшкөндө кайра-кайра көз чаптырып, эмнеге ырларына байланганымды болгоолоп, “окшош бир нерсебиз бар…” экен деп койгом.
Китептин аты “Көчмөн дүйнө” деп аталат. Ошол аталыш китептин биринчи ырынан тартып, дээрлик көпчүлүгүндө ал эле эмес, эң аягындагы ырлардын мазмунуна, идеясына, автордун жеке тагдырына тиешеси бардай сезилет. Ыр жазгандын баары эле акын эмес, алар кадыресе биз сыяктуу ыр ышкыбооздору. Көрүнүктүү адабият сынчысы Кадыркул Даутов: “Алтынды жезден айырмалагандай, нукура поэзияны жазмакерлердин колунан чыккан поэтикалык суррогаттан айныбай бөлүп берчү табыйгый сезимтал сынчылар аз” [1] деп, кейип жазгандай, учурдагы күргүштөгөн “ыр селинен” накта поэзиянын табиятындагы “берметтерди” иргеп-ылгап алуу да чоң эмгекти талап кылат эмеспи.
Мекенге боор толгогон, анын ысык-суугун, жакшы-жаманын, күнү менен түнүн өзүнөн бөлүп карай албаган киндиктеш калемгерлер болот. Кеп ошондо. Нукура таланттын жеке өмүр-тагдыры Ата мекени менен кошоктош, жупташ кала берсе өзөктөш. Анын башка ыр жазгандардан айырмасы ушунда. Жөн-жай жашап эле өтпөстөн, өлкөнүн абалынын, күч-кубатынын алсыздыгына, бечелдигине кайгырат, өнүгүүгө жол таба албай, кайсалактаган мажирөөлүгүнө сыздайт, ойлонот, кайгырат, түйшүк тартат. Ой-кыялында Ата журттун жүгүн артынып өтөт, Ата мекенине кылдай жамандыкты ыраа көрбөйт, каерде жүрбөсүн мойнуна ыйык тумардай тагып жүрөт.
Алыс-жакынга кеткен эмгек мигранттарынын ичинен акындык таланты менен таанылып, улуттук адабиятка миграция темасын бармак башындай бадырайта кийирип, бөтөн элде, чоочун жерде көргөн азаптуу күндөрүн, ички дүйнө сырларын, мекенге болгон сагыныч-кусалыгын, муң-зарын, жашоо-турмушун чагылдырган ырлардын толкуну селдей каптап киргени төгүнбү? Ошолордун арасынан калптан күйүп-бышып, өрттөнүп бараткан түр көрсөткөн жасалма, “токулган” пырлардын катарынан түнөргөн ойлорун жүрөк толтосуна кактап, жан дүйнө отуна астейдил бышырып, уйкаштырам деп убара тарттырбаган жандуу ырлардын жаралганы кандай жакшы.
Кеттим алыс, кейиш толгон
жүрөк менен кыялбай.
Жатканыңда жаш баладай
там-туң басып туралбай.
Маанай чөгүп, ындың өчүп,
акыл эсин жыялбай,
турганыңда
Кайрат, эркти тилейм сага
сүйүп туруп кудайдай. (“Кош Мекеним!” 3-бет.)
Адатта акындар өзүн жазып отуруп, ошол мезгилди, коомду, андагы коомдук формацияны кошо сүрөттөшөт. Ырдын мазмунунан эгемендүүлүккө ээ болгон жылдардын абалы, кыйын кездер, эркин республиканын там-туң баскан жаш баладай элеси көз алдыга келет. Мекенине күйүп-жанган менен колунан эч нерсе келбесин сезет да, көөдөнүн жарып чыккан саптар аркылуу арманын айтат.
Сага караан боло албадым,
бу капалуу күнүңдө.
Кыргыз тарыхында өткөн опурталдуу, карызкор, быкшыган, тумандуу, сенек отуз жылдан ашуун убакыт-мезгил жөнүндө көп эле айтылды, ырлар жазылды. Ал гана эмес, ошол жылдар көпчүлүктүн тагдырына балта чапты, айрыкча жаштар Мекенин таштап, туштарапка чилдей тарап кетти. Ошолордун ичинде биздин акыныбыз да бар эле.
Мекени менен коштошуп жатып, жан дүйнөсүндө кайнаган ызаасын, таарынычын ачык айтканы ичинен кан өткөндөй, чын дилинен минтип кайгырганы жүрөктү тилип өтөт.
Касиетин Ата журттун
уул эмесмин сезбеген.
алыс жерде өзүңү эстеп
сагынамын эскерем,
бирок ушул кыйын күндө
сага берээр, саа жөнөтөөр,
сүйүү, үмүт, ырдан башка
эчтемем жок, эчтемем…
* * *
Мекеним үшүп турат,
Мен да үшүдүм.
От жагалы, бар бекен тамызгылык?
Чириген дөңгөчтөрдүн кереги жок
жылытпайт, күйбөйт дагы,
карыз кылып. (“Мекеним үшүп турат”)
Чириген дөңгөчтөр кимдер? Образдуу салыштыруу, образдуу сүрөттөө, образдуу жандандыруу жана образдуу мотив. Бийликке келип, жеп-ичип, тууган-уругун сайрандатып, анысы аз келгендей, өлкөнү башынан аягына чейин карызга батырган канча эл башчысы өттү-кетти, журт башчысы деген наамга татыбаган президенттердин жыргалынан азабы күч болду.
Бир өлкөнүн кулашы үчүн кээ бирде,
бир адамдын кесирлиги жетишет
* * *
кайда барып кимге ишеним артабыз,
бүтпөйт экен жомокчулар “жомогу” (52-бет) – деген саптар өткөн күндөрдүн элесин көз алдыңызга таамай келтирип берет.
Китептин аягындагы “Трамвайдай жылып келет сары күз” деген ырындагы мына бул куплетте да Ата журттун тагдырына, келечегине санааркоо, түйшөлүү, камсаноо бар. Отуз жылдан ашыгыраак мезгил айтканга оңой болгону менен жашай келгенде (жаштык уурдалды, курак куржалактанды, мезгил элейип баш катырды…) эмнелер гана болбоду, саясий төңкөрүштөр, бийликтин тез-тез алмашканы, мамлекет башчыларынын куулуп же тактыдан күчтөп кулашы, жемкорлуктун жетинчи кабаттан ашып, азуусун айга жанганы деги коюңузчу, башка салгандын баарын көрдүк.
Жашыл кийип жайдаңдаган жаштыктын,
барар жери, токтомосу күз деймин.
Сарсанаасыз келечекти тапшырар,
бир Мекенди эми кайдан издеймин?
Ырдын акыркы сабындагы сар-санаалуу собол, табышмактуу суроо, жообу белгисиз кыжаалатчылык ар бирибиздин көкүрөгүбүздө бар эле… Ыраспы?
Акын ырларын сейрек жазат. Кээ бирөөлөрдөй күндө, күн алыс ыр токумай адаты жок, аталган жыйнагында 1986-жылдан баштап, 2020-жылдардагы жазылган ырлары топтоштурулган. Ыр жазгандардан мындай “сараңдыкты”, жоопкерчиликтин жогорку талабын өтө сейрек, аз учуратасыз.
Бир кызык ыры бар. “Айырмаң канча сенин жалбырактан?”(49-бет) деген. Адам баласы ким болгонуна карабай, жашоо, өмүр, турмуш, өзү жөнүндө ар дайым ой толгойт, түйшөлөт, эртеңкисине башын катырат. Мындайда керт башынын камылгасы, өзү жөнүндөгү ой-санаасы дайыма биринчи планга чыгат. Ал эми чыныгы акын өмүр жөнүндө башкаларчылап эмес, өз сөзүн кантип айтат? Кеп ушунда. Келиңиз, чогуу окуйлу.
Айрымаң кандай сенин жалбырактан,
жалбырактай үзүлгөн бир дарактан,
Түгөнүп ичер суусу, көрөр күнү,
тытмалап күз шамалы ар тараптан.
Өмүрдүн соңку мезгилин күзгө салыштыруу жаңылык эмес, бирок, адамдын өмүрүн дарактын бир жалбырагына салыштыруу реалдуулук, ыр сабындагы байкалбаган троптун татаал түрү метонимия – жалбырак маанини тереңдетип, ырдын образдуулугун, ал тургай таасирдүүлүгүн арттырып турат. Өмүр ойлоп-эстей келсең, көз ирмемдей, бир сезондо жадырап-жайнап көйкөлгөн, күз келгенде шамалга же желге үзүлгөн сары жалбырак адам өмүрүнө окшош. Жашап өткөн күндөр көз ирмемге байланып калат. Адам өзүн өлбөчүдөй сезет, өлүмдөн алысыраак тургандай, ал жөнүндө ойлонгусу да келбейт. Жашоонун кызыгы ушунда. Акын аны адамдарга эскертип, аларды адалдыкка, адилеттүүлүккө жана адамгерчилике, Адам атына татыктуу болгонго чакырып турат.
Жашоонун мыйзамы ушул, жалбырагым,
Эгеме ким экениң баары бирдей,
Дүйнөнү таразалап турган үчүн,
эх чиркин, мүмкүн эмес аны сүйбөй. (49-бет.)
Так ушундай маанайда жазылган, таамай айтканда, жеке турмушунун болгонун болгондой ырга салып, ырын сырдаш, дос, кыйышпас адам катары эсептеп, интимдик лириканы көркүнө чыгарган бир нече ырларын атап өтөлү. Аларга: “Арман”, “Жаралуусуң жоголгон жылдарымдай”, “Кусалык”, “Алыстарга кетким бар”, “Көңүлүм – үзүлгөн гүл” жана башка ырлар. Акын турмуш сапарында тагыраак айтканда, мигрант болуп Москвада, Стамбулда, Түркиянын башка шаарларында болгонун ыр саптарына батырып өтөт да, кайда жүрбөсүн көкүрөгүнө тынчтык бербеген ырдын көйгөйүнөн кутулбайт, жакшы ыр жаратуунун түйшүгү чогуу жүрөрүн, ырасын айтканда, кыйнарын жашырбайт.
Ийилдим бул жашоодо, сынбадым чын,
түбөлүк туткунундай сагынчымын.
Мен эми бир көңүлгө суусап турган,
сыртым шер, а ичимде кайырчымын. (“Кар жаап жатат”, 53-бет)
Толук Бек Байзак (Мендебаев) акын жана котормочу, Ш.Петефи атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты. Акындын биз сөз кылып жаткан жыйнагындагы ырлардын дээрлик көпчүлүгү ой элегинен кайра-кайра өткөрүлгөн, баш-аягы жыйнактуу, акындын жан дүйнө абалын кошо алып жүргөн жандуу чыгармалар. Ойго каныкпаган, эптемей, жасалма саптары уйкаштык үчүн куралган ырлардын алдында нукура поэзия даамданат, поэзиянын ширеси менен илеби сезилет, чын дилден чыкканданбы салмагы менен аурасы окуганга аргасыз тартат.
Т. Байзактын ырларындагы жан дүйнө абалынын ыр саптары менен кошо агып, ыр саптарына жуурулушуп кетиши, ар түрдүү ракурстан берилиши, мисалы: “Ийинимди тосо албадым, бирок менден түңүлбө” (“Кош, Мекеним!”); “Кордолгон сулуу сымал менин жергем, жан окшоп зөөкүрлөрдөн запкы көргөн” (“Жылаңач кышты күткөн дарактарым”); “кайырчыдай тагдырынан ыр сурап, кайда, кантип баратасың жаштыгым” (“Жаштыгым”); “Мен өкүнбөйм түшүнүшпөй калганга, чындык дайым тик туралбас жалганга”, “Балмуздактай таттуусуң да, балмуздактай муздаксың…” жана башкаларын айтпаганда, ырларын жүрөк толтосунан бышырып чыкканы айкын сезилет.
Демек, акын жупташкан уйкаштыктын, курулай шаңдануунун, трафареттин, тамтыгы чыккан шаблондун, пафостуу, декламациялык ыр чыргоонун кулу эмес, жүрөгүнөн суурулган ойдун, көөдөнүн жарып чыккан саптардын, ой менен маанинин теңтайлаша жуурулушкан гармониясынан жаралган ырлардын жаратманы, нукура таланттын ээси. Ал ырлары менен тагдырлаш, ырлары менен сырдаш, ырлары анын муңдашы, ырлары менен өзүн шер сезет, өзүн эр сезет. Бекеринен минтип ырдаган жок.
Калсам дагы убакыттан кечиге,
салгым келет бир нерсени эсиңе,
Өзүм дайым кудай туткан ырымды,
Кулдай кылып жумшап берип өзүңө.
Толук Бек акындык тагдырды чындап мойнуна артынып алганын айтып жатат. Ал ыр жазууну же ыр жаратууну бийик, ыйык деп эсептегени үчүн “өзүм дайым кудай туткан ырымды” деп, жар салды.
Акындар адатта эмоционалдуу, шар мүнөз, ачык айтканды жактырышат эмеспи. Көпчүлүктүн эсинде болуш керек 1967-68-жылдары “Кыргызстан маданияты” гезитинде “Акындарга үч суроо” деген рубрика ачылып, тың калемгерлерге суроо узатылган, кыскасы, чоң талкуу болгон. “Поэзияны кандай түшүнөсүз?” деген суроого чыгаан акындардын бири Совет Урманбетов мындайча жооп берет: “Поэзияны мен жашоодогу бардык күрөштүн сезимге чагылып, жүрөктүн ритмине салынышы деп сезем”. Акын агынан жарылып, төмөнкүдөй үч куплет ырынын эмне себептен жарыкка чыкпай калганын эскерет.
Келиңиз, бирге окуйлу, канткен менен тарыхты жараткан акындардан сабак алсак жаман болбос…
Үч эселеп кумарымдын күнү тууп,
Уккан кезде музыканы эңсеген –
Дүйнөңдү да, мүйнөңдү да унутуп,
Мен өзүмдү кудай менен тең сезем!
Көк шиберде көк кашка суу, ак башат,
Көңүлдөгү курбум менен, тең менен,
Шарап ичип отурганда жамбаштап,
Мен өзүмдү кудай менен тең сезем!
Кыял менен, кыздар менен сырдашып,
Чылым чегип, ойго батып эң терең.
Көл жээгинде жаткан кезде ыр жазып,
Мен өзүмдү кудай менен тең сезем!
Жарым жыл өткөндөн кийин С. Урманбетов жогорудагы ырын кайра-кайра окуп, жан дүйнө элегинен өткөргөндөн кийин “Үч эселеп кумарымдын күнү тууп” деген саптан окуучу эмнени түшүнөт? Эмне деген жасалмалуулук? Сөздөрдүн жасалма синтези ушул эмеспи деп ырын ыргытып жиберген экен [3].
Акындар кээде өздөрүн кудайга теңеп, теңтайлашып, каяша айтып, кээде жалынып-жалбарып, ишенимдин туу чокусундай, таянган тоосундай кыскасы, ырлары аркылуу өзүлөрүн кудайсыз жашай албастай сездиришет. Мындай абал эмоциянын апогейи… Акындардын айрыкча эркек акындардын көпчүлүгүнөн ушундай традициялык салыштыруулар кездешет. Төрт тарабы келишкен кыттай кыналган ыр китебинен айрым бир версификаторлорду туурап кеткен жерлери да жок эмес. Толук Бектин да “Акындык бул каргышындай теңирдин” (61-бет) деген ыры бар. Башталышы менен акыркы куплетин окуп көрөлү.
Арман дүйнө арманыңа чыдаймын,
адалдыкты, калыстыкты сураймын.
Жер жарылса жүрөгүнөн өткөзгөн,
Акындык бул азабындай кудайдын.
* * *
Акындыкты көктөмү ойлоп көңүлдүн,
Ыр жазуу деп чектегенде жеңилдиң.
Акындык бул – самурайдын жолундай
Акындык бул – каргышындай теңирдин.
Ортоңку эки куплеттеги ыр жазуунун азабы жөнүндө айтып келип, атак, наам үчүн жазбашын, “карга деле канчалык каркылдабасын булбул болбошун, жезди деле канчалык жалтыратсаң да алтын болбошун” таамай салыштырып, жакшы ой айтканы менен ой-сезимге “тырс” барып тие турган жаңыча ой айтканга, жаңыча өң-түстөгү, башаты да башкачараак ой толгоогонго алсыздык кылган. Анткени, акын уйкаштыкты кууп отуруп өзү айткандай, ыр жаратуу түйшүгүнүн азабынан качып, акындык бул – самурайдын жолундай, акындык бул – каргышындай теңирдин” деген даяр трафареттерге кол салганын өзү да сезбейт.
Дагы бир “Деңиздин арт жагында деңиздер бар…” деген ырынын биринчи куплетин да уйкаштыктын кумары азырып кеткен. Деңиз темасы ар тараптан алганда, түрдүү аспектиден карасак да, поэзиядагы түбөлүктүү чоң темалардын бири.
Деңиздин арт жагында деңиздер бар,
ар жакта биз көрө элек бейиштер бар.
Жүк ташып чаалыгышкан кемелердей,
ар убак жээкти көздөй келиштер бар.
“Биз көрө элек бейиштер бар, жээкти көздөй келиштер бар” деген саптар зордоп уйкаштырылганы менен мааниси түшүнүксүз, логикасы күңүрт. Акын экинчи куплетинде жан дүйнөсүнүн ыймандай сырына минтип жар салганы “мен дагы кемедеймин бу деңизде, кайдадыр чексиздикке багыт алган” сырткы окшоштукту таба алганы менен максатын айкын, таамай айтып, (чексиздикке?) оюн тереңдете алган эмес, тескерисинче, “капылет бороон сабап, толкун тытып, кан жолдун каскагында карып арман…” деп, бүшүркөп, чоочулайт. Мындай сезимдин адамда болору табыйгый нерсе, бирок ырдын темасы мазмуну менен үндөшпөй жатпайбы. Деңиз стихиясын ойлогондо, анын энергетикасынан адам кайраттанып, күчтөнүп, канат байлагансып калат эмеспи.
Ошол эле “Кыргызстан маданияты” гезитиндеги “Акындарга үч суроо” деген талкууда кыргыз адабиятынын кашкөй сынчысы Кеңешбек Асаналиев: “Көркөмдүк көрүү спектри канчалык ар түрдүү, ар кыл болсо, акындын чыгармалары да ошончолук көп түрдүү, көп өңдүү болуп турары шексиз” [4] дейт.
Сөзүбүздү создуктурбай айтаарыбыз, аз жазган бирок саз жазган, турмуштан өзүн таап жазган, таптак жазган, өзгөлөргө окшошкусу келбеген акын Толук Бек Байзактын адабиятка атын калтырам деген изги тилеги орундалсын, чымырканган катуу эмгектин артында жемиши менен жеңиши болорун өзү да сезет, билет.
Ризван ИСМАИЛОВА,
филология илимдеринин кандидаты,
Ж.Баласагын атындагы КУУнин доценти


