#13-14 (55 сөз сынагы)

 

#13 Пальто

Турмушка чыгып жаткан кыз жашыл түстөгү жеңил пальтону өзү тандап алган. Бирок бир күн да кийбеди. Кайын энеси аны өз кызынын себине кошуп салды. Келиндин ичи ачышкан бойдон кала берди. Сепке кеткен пальто кайын эженин күйөөсү кайтыш болуп, ага беришти. Ошону менен келин аны унутуп калган. Жылдар өтүп, уулдарына той беришти. Пальто келиндин үстүнө жабылды.

 

#14 Күн

Күн батып баратты.

– Токтоп турчу, – деди ай, – шашылбачы. Мен кармалып калдым. Кечигип калам.

– Жок, – деди күн, – өз милдетимди так аткарам.

Ай шашылып келе жатты. Түбөлүк дос болом деген күнгө таарынгансыды. Эмнегедир жол узундай. Күндөн күдөрүн үзүп ойго батты.

Күүгүм кирди. Караңгылык курчоодо. Өз ордуна жетип, кызматын аткарууга киришти.

Толукшуп ай чыкты. Түндүн көркүн ай чыгарды.

 

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.