“Улуктун күйгөнү” же “С… га” жазылган ырлардын сыры
Бул түн кыштын акыркы түнү. Эмнегедир уйку качты. Бир ойлоп койдум эле:-“Эскерүү жазсамбы?..” -деп. Эмнени, кимди эскерип дейсиңерби?.. Кимди болмок эле,баш тамгасынан кийин көп чекити бар бир топ ырларымды, алардын жаралыш тарыхын эскерейин дегем. Белек дос айткандай, “Алиппедеги” “ъ” менен “ь” белгисинен башталган кыз ысымы жок болуп калды да, болсо аларга да ыр арнамак экем!..
Анын үстүнө, “Жолбүгүндөн” маркумдар Алым Токтомушевдин Аман Токтогуловдон алган маегин окугандан кийин ойлонуп калдым. Ыраматылык Аман ага айтып жатпайбы:-“…Бирок, жамандыр-жакшыдыр адабиятка аралашып, чыгармачылыкты тагдырым деп эсептегендер куру бекер эле сыпайылана бербей, өзүн өзү тыйып, өзүн өзү ооздуктап, өзүн өзү тушай бербей, бу дүйнөгө көргөн-билгенин маал-маалы менен жарыя айтып турганы жакшы экен…” Ошол маектин да бир жеринде:-“…Андай болуш үчүн да, адам өзү жөнүндө коркпой, чынын айтыш үчүн да чоң маданият керек өңдөнбөйбү. Атактуу орус жазуучуларын карайлы. Күндөлүктөрүндө болгонун болгондой, өзүнөн бир учурда кокус иттик кетсе, аны да жашырбай, ошерден менден иттик кетти деп ачык айтып,өз кемчиликтерин өздөрү ашкерелеп(өзгөчө Лев Толстой) эчтемесин калтырбай жазып салышкан…”
Ушуну окуп алгандан кийин Толстойдун толорсугуна тең келбесем да эскерүү жазууну эп көрдүм. Бул жолкусунда “С…га” жазылган ырлардан баштайын…
Алабарман, акыл аз кез экен да!.. Мектепти бүткөндөн көп өтпөй эле ” үйлөнөм!” – деп, чыктым. Өз атасын-байке, өз апасын-жеңе деп чоңойгондордун катарына кирем. Санжар куудул айткандай ” гаңгирап” жүрүп бир жерден окуп алдымбы, же бир молдодон уктумбу айтор “чөбөрөсүн көргөн киши түз эле бейишке кирет” – деген сөз өлө жагып калган.Кой, ушундайда атам менен апама(чоң атам, чоң апам) бейишке ” путёвка” дайындап салайын дедим окшойт…
– Ата, үйлөнөм!
– Кимдин кызын аласың?-деди, чоң атам.
– “Баланчанын”…
Ал “баланча” менен биздин үйдүн ортосун бир эле чарбак бөлүп турат.
– Ала гой, – деди атам.
Каадасын кылып, калыңын төлөп үйлөнтүп коюшту. Күмөндөр айтмакчы:”Айчүрөктү алып келип кийрип койгонсуп, деле болбойм!”…
Акча кайдан келет, оокат кандай табылат менен деле ишим жок. Өз ата-энем, чоң атам, чоң апам бар.
Күзүндө үйлөнгөм, жаз келди. Ошол кезде Талас шаарынан чыккан автобустун бир каттамы өрөөн төрүндөгү биздин айылга келип, Каракол, Арал айылдарын аралап,айланып кайра Таласка кетчү. Эмне иш экени эсимде жок, айтор шалдыраган “ЛАЗ” автобусуна түшүп, Таласка жөнөп калдым.
Күн бирде ачылып, бирде өткүн себелеп күн желеси көк-жашыл, сары-кызыл түсүн кубултуп асмандын бул учунан тиги учуна ийилет. Каракол айылынын этегинен көтөрүнгөн баштык-үштүгү көп бир кыз автобуска түштү. Караколдун кайыңдарын бойлогон жол менен баратабыз, айлананын кооздугу укмуш эми! Улам өткүн өткөнгө жол ным, демейдеги демиктирген чаң жок. Таласка да жеттик. Мен түшкөн аялдамадан тигил кыз дагы түштү. Көтөрүнчөгү аябай эле оор экен, жардамдашып койоюн дедим.
– Чоң кыз, бериңиз мен көтөрүшөйүн, кай жерге чейин барасыз? – дедим.
– “Чолпондун” жатаканасына чейин жеткизишип койсоңуз жакшы болот эле-деди, сүйүнгөндөй.
Барып эле колундагы эң чоң баштыгын алдым. Охоо! Ичиндегиси бир козунун эти окшойт, салмагы кадимкидей колду ийет. Ленин көчөсү менен “Чолпондун” жатаканасынын (“Чолпон” -бут кийим фабрикасы эле) аралыгы бир топ эле жер. Айтор, эки-үч эс алып жеткенче кыздын ысымы Саадат экенин, жатаканада эжеси жашарын, айылдан ата-энеси берип жиберген тамак-ашты жеткирип келгенин билип алдым. Жатаканага да жетип, төртүнчү кабатка көтөрүлдүк, эжеси үйүндө экен. Эже-сиңди рахматын айтып кала беришти. Өзүм жөнүндө Саадатка эмне айтканым эсимде жок. Кечки жолугушууга мен чакырдымбы же ал чакырдыбы аны да эстей албай койдум. Кыскасы, ошол эле күнү кечинде Саадат экөөбүз эзелтеден тааныш адамдардай жатакананын алдында сүйлөшүп турдук. Ал, анан башталды!.. Саадат күндөн-күнгө көзүмө сулуу көрүнөт! Ал дагы поэзияга жакын, анча-мынча ыр жазып жүргөн кыз экен…
Мен дагы бир күнү эжемдикинде, бир күнү агамдыкында жатып жүрөм. Алар сураса, “Келген жумушум бүтпөй жатат, бүтсө эртең-бүрсүгүнү кетем” – деп, койом.
Саадатка өткөн күздө үйлөнгөнүмдү, келинчегим бар экенин айттым. “Үйлөнсөңүз деле сизди сүйөм!” -деп ал чыкты… Күндүз бир маал автобекетке барып, бир шылтоону таап, тааныштардан үйгө айттырып жиберем. (Ал кезде азыркыдай телефон болуп,келинчегим саат сайын видео чалуу менен “отчет” алып турса мындай болбойт беле…
Эжеси сменге кеткенде үйүнө чейин кирип алам.Экөөбүздүн сөзүбүз бүтпөйт.Жаз бизге жарашып, биз жазга жарашып эле төртүнчү кабаттын балконунда кыналышып турабыз. (Бүйрү кызып бараткандардыкын ушерден эле “бууп” салайын, ооба, кучакташып турдук, өбүштүк. Мен аны чындап жүрөгүмдөн аядым. “Менин келинчегим бар, Саадат. Сенин келечегиң алдыда, бетиңе чиркөө болбосун, таза бойдон калалы…” – дедим. Болбосо, Саадат толук менин эркимде эле…) Анан ырлар жазыла баштады…
СЕНДЕЙГЕ КЕЗИКПЕГЕМ
С…га
Кездешүү.
Кеч.
Балкондо-бийиктебиз,
Жарыгы жанат шаардын.
Колуңду кармоо өзү-улуу жеңиш,
Сүйүү-гүл, жарып чыгар чанактарын!
Кечигүү-арман өзү,
Кезигүү-бүтпөс жомок…
Мен деле көп кыздарга баргам дечи,
Сендейге кезикпегем, бирок, бирок!..
СЕН
С…га
Бөжөктөйсүң.Назиксиң. Үлбүрөксүң,
Анан дагы сезимтал, ыр жүрөксүң.
Алсызымсың.Жалгызымсың,
Кайталанбас өмүрдө, жалгыз-ырсың!
Бакыраңсың. Байоосуң. Байкушумсуң,
Бирок, ысык-суугуң бар жай-кышымсың!
Сен ошосуң- бейиш күнгө дос болгон тозоктойсуң,
Бешик ырга коштолгон кошоктойсуң!..
Кеч кезигип, бир тандап алганымсың,
Кубанычым.Күтүүмсүң. Арманымсың!..
Мен ыр окуп берген сайын Саадаттын көз жашы төгүлөт.Ал ыйласа, жашык жаным менин да алкымым буулат, билдирбейм. Үшкүрүгү!.. Өзгөчө үшкүрүгү эсимден чыкпайт. Эки колу менен жаагымдан аста таяп, өзүнө каратат. Көздөрүмдү телмире тиктеп-тиктеп туруп “шуу!” үшкүрөт да көөдөнүмө башын жөлөйт. Солкулдаган далысынан ыйлап жатканын сезем. Ошол үшкүрүктө сөз менен жеткирип, кеп менен келтире алгыс-арман, ыза, өзүн да, мени да аяган муң бар эле!..
Ар коштошкон сайын үшкүрөт. Ан сайын менин жүрөгүмдүн бир тамыры үзүлүп кеткендей болот. Мен да үшкүрөм.
Айылдагы келинчек деле эстен чыгып бараткандай… Талас шаары анда азыркыдан да чакан. Саадаттын эжеси жашаган жатаканада бизге тууган, айылдаш апчелерибиздин бирөө жашайт экен, ал мени таанып калат.Мен аны деле байкабайм. Бир күнү ал апчебиз мен үйүндө жатып жүргөн эжеме жолугуп калат. “Улук бир жумадан бери биздин жатаканадагы баланча квартирадагы, түкүнчөнүн сиңдиси менен жетелешип эле калды, үйлөндү деп укту элем эмне, келинчеги менен ажырашып кетти беле?” – дебейби. Эжем чоочуйт: – Жок ай, “бир иштерим бар, бүтпөй жатат” – деп, жүргөн, аялы айылда эле-дейт. Кыскасы, түшүндүңөр да… “Кара кыргын, кызыл сүргүн” башталды! Айылдан апам, жеңелерим келди. Экинчи жатакана тарапка бассам “жилигимди чагып, колума өлүп” бермей болушту… (Ошол кездеги элдин оозунун бекемин кара, келинчегим гана эч нерсени укпайт… Менин чоо-жайымды Саадаттын эжесине да жеткиришсе керек…
Айтор, армандуу махабат баяны ошентип аяктаган!.. Ошондо куса болуп жүрүп, күз келгенде ушул ырды жазыпмын.
КҮЗДӨГҮ ЭСКЕРҮҮ
С…га
Күз. Күүгүм. Кызгылт кыраң,
Дөбөдөн күндү узаттым.
Саргайды жашыл тулаң,
Сагынтат асыл жазым!
Кыйкуусу күйүт козгоп,
Кош айтып өттү куштар.
Кечигип сүйүү кошкон,
Сөз айтып кеткен кыз бар…
Боз кыроо. Таңың сууган,
Көрүнбөйт чабалекей.
Көкүлүн жамгыр жууган,
Куурчактай кыз канекей?..
Жулкулап күз шамалы,
Жалбырак учат талдан.
Жар болуп үч тарабы,
Жетчү жол тузакталган,
Жан элек, ушакталган!..
Көнөктөп жамгыр көктөн,
Жаз эле жашыл, көктөм.
Сумкасын көтөрүшүп,
Сүйүнүп, сүйүп кеткем…
Сүйүүдөн сес кайтчубу,
Тез жетип, кеч кайтчумун…
Жарымды жалгыз таштап,
Жаңылткан эх, кайсы күн?!..
Күз. Күүгүм. Кызгылт кыраң,
Дөбөдөн күндү узаттым.
Сүйүүдө жолоочумун,
Сылтыган жалгыз атым…
Ошол учурларда областтык теле-радиодо иштеген Жийде Абдымамытова эже таластык “чымыны” бар балдар-кыздарды топтоп, Аман Токтогулов атындагы “Барал” адабий ийримин уюштуруп, жетектеди. Кадимкидей талкуу, талаш-тартыш, кеп-кеңеш, ыр-күлкү менен ийрим чогулуштары сонун өтчү. Жийде эже кеткенден кийин эженикиндей уюштуруу жөндөм эч кимибизден чыкпай, ийрим тарап кетти. Ошол ийримге келип жүргөн кыздардын бири мага сүйүү жөнүндөгү арманын айтса, ары жок жаным сүйүү жөнүндө түшүнүк берейин, акылдуу болоюн деп ушул ырды жазыпмын…Өзүм ошондө тим эле бир элүүнүн этин жеп, алтымыштын ашын ичип койгонсуп!.. (“Таш барбы, таш?!” -дечү беле?..
Байкасаңар, уңгусу барып эле “С…га” болгон сүйүүгө жетелеп жөнөйт.
БАЯН
Көзүңдө-муң, көңүлүң суз садагам,
Көрүп турам, көөдөнүңдө күйүт бар.
Баян айтат, анда эмесе жан агаң,
Али жашсың, көңүлүңө түйүп кал:
– Учурунда түн тосушкан балкондон,
Кучагымда сендей аруу жан болгон.
Кечип салып, үй-жай, алган жарымдан,
Арнап койгом, жан дүйнөмдү бар болгон!..
Көр түйшүктүн кермек даамын сезе элек,
Ал да сендей жаш кыз эле секелек.
Кеч кезиккен махабатка мас болуп,
Селсаяктай басып калгам көчөлөп!..
Ошондогу ойрон калгыр жоругум,
Эх, десеңчи! Көңүлүмдөн өчө элек!..
Өзүмө айтып: – Тобокелге башың сай!”
Мен ошондо эрдик кылгам жашынбай,
Кең көчөдөн кол кармашып өтчүбүз,
Жалаа сөзгө, жеме сөзгө басынбай!
Ошол кызга кезикпесем ошондо,
Калмак балким, жакшы ырларым жазылбай…
Аптап жүрөт, кара нөшөр болордо,
Жетпей калуу-өзү кээде чоң олжо.
Жаздын баркын билип калат дарактар,
Кеч күздөгү сыдырымга тонолсо…
Кайрылбайсың эми өткөн кезиңе,
Ыйла, сызда ый жарашат көзүңө.
Жан кайгысын сезиш үчүн өзгөнүн,
Аздыр-көптүр арман керек өзүңө!..
Кийинки жылы Саадаттын Бишкекке окууга кеткенин уктум. Оюма бир чоң эле дастан жазуу келди. Кайра ойлодум: – “Кулмырза же Олжобай болуп кетсем да эмне болуптур, оштоңдобой эле он чакты куплет дастан үлгүсүндө ыр жазайын” – деп.
“Улуктун күйгөнү” ошентип жазылган.
УЛУКТУН КҮЙГӨНҮ
С…га
Бийик тоо башы ак аска жаным.
Болгонун жаздым кагазга жаным.
Бороондуу кыштын акыркы түнү,
Башталат көктөм таң атса жаным.
Келгиндер келет кыйкуулап жаным,
Көктөмдү Теңир сый кылат жаным.
Көңүлдө жүргөн кусаны козгоп,
Кейиген чагым ыр курап жаным.
Былтыркы келген бир көктөм жаным,
Бактыбыз беле, бир кеткен жаным.
Байкуш деп аяп, кат жазбай койдуң,
Бир дагы жолу Бишектен жаным.
Түн менен күндөр жаңырып жаным,
Тез өттү бир жыл агылып жаным.
Түндө бир өзүң түшүмдөн кетпей,
Түтөдү жаман каңырык жаным.
Жаз келет эртең жергеме жаным,
Жамалың жаздан кем беле жаным.
Жанаша турчу балконду эстеп,
Жалгыздык басат эмнеге жаным?..
Башыма шорум жарашкан жаным,
Боз жорго болдум,таң ашкан жаным.
Биз баскан жолдор жоктойт ко, сени,
Бозоруп жалгыз баратсам жаным.
Талаадан торгой сайрайт деп жаным,
Ташка да чөптөр жайнайт деп жаным.
Тосуп бир жатам быйылкы жазды,
Тагдырга кимди байлайт деп жаным.
Төртүнчү кабат түнөрдү жаным,
Төлгөмдүн ташы түгөндү жаным.
Төрт сап ыр менен тазартаар элем,
Тозокто тартчу күнөөңдү жаным!..
Көктөмдү тосом, көктөмдү жаным,
Кайрылат дебе өткөндү жаным.
Кездешер күндү жээлигип күтөм,
Казандай кылып өпкөмдү жаным.
Дайныңды билбей буулуктум жаным,
Дартыңды салып, куруттуң жаным.
Дастанда ыйлап Кулмырза күйсө,
Даана мен күйгөн Улукмун жаным!..
Буулуктум жаным,
Куруттуң жаным.
Көктөмдү күткөн,
Улукмун жаным!
Саадаттан өзүм алыстаганым менен санаам-оюм көпкө чейин ага байланып жүрдү. Кийин турмушка чыкты.Акыркы ырым ушул болду окшойт.
ТҮШ КӨРДҮМ ТҮНДӨ
С…га
Байчечек чыгар. Бетеге башы кылтыяр,
Көктөмдү тосом. Өрүкзар өспөс тоо койну,
Жалгыздык басса жан дүйнө сырын ким туяр,
Жолдошум-санаа, эрмегим-сен ойлонуу…
Түш көрдүм түндө. Түшүмдө сени көрүпмүн,
Жаз экен ошол, жаркырап турат тийип күн.
Өрүкзар көрдүм экөөбүз дайым өбүшчү,
Төгүлүп турат, кызгылтым гүлү өрүктүн.
А сенчи, а сен? Тососуң кандай көктөмдү,
Бооруңда бөбөк. Басаарсың кызгылт гүл кечип.
Эстеерсиң анан качандыр болуп өткөндү,
Ээрчишип жүрчү, эселек кезди түн кезип…
Байчечек чыгар. Бетеге башы кылтыяр,
Көктөмдү тосом, өрүкзар өспөс тоо койну.
Кыйчалыш тагдыр… Кыйынын сезип, ким туяр,
Жолдошум-санаа, эрмегим сени ойлонуу…
Ушундай, замандаш!
Ырлардын көркөмдүк, техникалык алешемдиктерин туура түшүнүңүз.Ал учурда жаңыдан калем кармап, такшала элек кез болчу… Сөз акырын чындыкка жараша тамаша менен аяктайын. “Ъ”, “Ь” белгилеринен башка бардык тамга менен башталып, көп чекити сыр каткан ырларымдын өзүнчө тарыхы бар. Эгер сизге жакса, эмикиде кайсыл тамгадан башталган ырлар жөнүндө “тамтаңдап” берейин?…
Зериктирип жиберсем кечириңиз! Эртеңки жаздын алгачкы күнү менен жалпыңыздарды куттуктайм! “Көчөдө жаз, жүрөктө жаз, үйдө жаз” болуп турсун! Сүйгүлө, сүйүлгүлө!
Ашык КАРЫП, Кең-Жылга,
саат: 23.10, 28.02.2026-ж.



