“Кыргыз Поэзиясы” телеграм-каналынан “Мыктылар 2025” ыр жыйнагы (оңдолду)

«Кыргыз Поэзиясы» телеграм-каналында 2025-жылы ар бир жуманын аягында өткөн жумада жарыяланган ырлар боюнча окурмандар арасында сурамжылоо өткөрүлүп турган. Жаңы жылдын башында добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча мыкты деп табылган ырлардан турган “Мыктылар 2025” аталышындагы PDF түрүндөгү электрондук китеп даярдалып, жалпы окурман журтчулукка сунушталууда.

Аны каналда бул шилтеме боюнча акысыз жүктөп алса болот. Башкалар менен бөлүшүүгө эч кандай чектөө жок!

2026-жылдагы сурамжылоолордун жыйынтыгы боюнча да ушундай китепти чыгаруу пландалууда!

«Кыргыз Поэзиясы» телеграм каналы эки максатта ачылган болчу:

  1. көптөгөн ыпыр-сыпыр ырлардын арасынан чыныгы поэзиянын сыйкыры бар «кызыл дан» ырларды сунуштап туруу;
  2. ар түрдүү себептерден унутта калган акындардын мыкты чыгармаларын сунуштоо. Анткени, акын ырларында жашайт.

Күнүнө каналдын тандоосундагы бирден ыр сунушталып турат. Учурда анын 1240ка жакын катталуучусу бар.

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.