#23-26 (55 сөз сынагы)
#23 Арман
Шаар абдан чоң экен. Улам бир дарекке каттап, издегенин араң тапты. Апасы салам дуба айткан айым менен таанышып, ал-жай сурашкан соң:
– Атамдын көзү өтүп кеткен, – деди.
Көз жашы куюлган аялга таң кала карады. “Канча мезгил өткөнүнө карабай алиге сүйөт тура”.
– Байкеме жолуксам болот эле, – деди алаксытууну көздөп.
– Байкеңди атаң ала кеткен окшобойбу…
Жүрөгү булкуп алды.
#24 Сүйүү – “Сулуулук”
Түн. Асманда жылдыздар жымыңдашат. Жигиттин кучагындагы жаш селкинин кылыктана берген суроосу угулду.
– Мени чындап сүйөсүңбү?
– Албетте!
– Эмнемди?
– Мм… Көзүңдү! – деп тигиле карады, – Бир аз чоң болсо мындан да сулуу болот элең!
Кыз көп өтпөй сурмасын кестирди. Андан соң кашын, кирпигин жасатты. Оозун да… “Сулуу” кылбаган жери калган жок.
Жигит бул мезгилде үйлөнүп жетишти. Башка кызга…
#25 Фронтовик
Туюк көчө, беш-алты үй. Тар жол өйүзгө такалып, тоону өрдөйт. Тирелген кара желим каптар… Ким шыпырындысын таштады деген ой ар кимдин мазесин алды. Жолго да таштайбы, уятсыз десе…
Үч-төрт күн өткөн соң, түнү тентиген иттер сүйрөштү, тытышты. Былтыр каза болгон согуш ардагеринин сүрөтү чапталган кагаздар чачылды. Туштагы кайынатасынын жылын өткөргөнгө Москвадан келген келин ажылдап калды.
#26 Ачуу-азгырык
Айжаркын камыр ийлеп жатканда, байбиче артынан уулу эшикке чыгышты. Эмчектеги баласы чыңырып ыйлады. Камыр колу менен бешикти терметип, бирөө-жарымы келип калабы деди.
Ызаасы башына чыкты.
Эшикти “карс” жапканда, кайненеси кейип-кепчиди.
– Кетем! Тойдум!
Күйөөсүнүн муштуму бетин дулуйтуп, көзүнөн от чагылды.
– Жүк-тагымды качан алып кетесиңер? Тилпондон апасынын мээсин жеди.
– Арзаныраак “Портер” таппадык…
Ачуусу тарады, айласыздан казанын кармады.


