Туш кийиз

Кыргыз эли илгертен  колунан көөрү төгүлгөн чебер уздарды, уста, зергерлерди, саймачы, тигүүчүлөрдү кадырлап келишкен. Алардын колунан жасалган не бир көркөм буюм-тайымдар, улуттук аспаптар, жабдык, жасалгаларды аяр урунуп аздектей да билишкен. Кайсы буюм качан кантип, кимдин колунан кандай учурда жаралганына кызыгышып, тарых-таржымалы менен кошо айтылчу дешет. Ошондой таберик буюмдардын катарында туш кийиз да өзгөчө орунда турган.

Туш кийиз Кыргызстандын кээ бир аймактарында «туш туурдук», «туштук» деп айтылып жүрөт. Ал – көркөм кол өнөрчүлүктүн эң баалуусу болуп эсептелген сайма өнөрүнүн жүзүн ачкан асыл буюм. Боз үйдүн керегесине тартуу үчүн ар кандай оюм-чийимдери жана көркөм көчөттөрү менен саймаланып,  алгач кийизден кармалып жасалгандыктан туш кийиз атыккан. Туш кийиздин чети кундуз менен басылып, баш жагына бермет шуру, жана башка түрдүү мончоктор менен шөкөттөлчү. Кийинчерээк  туш кийиз тукаба, барча, баркут сыяктуу кездемелерден жасала баштаган. Бул буюм канчалык көп жасалганына карабай, бири-бирине таптакыр окшошкон эмес. Чебер уз аялдар, кыз-келиндер кыргыздын элдик салтын, көркөм өнөрүн сактоо менен  катар мыкты туш кийиздин үлгүсүн жаратууда зор ынтаасы, бай фантазиясы аркылуу кыял оюмдарды түркүн ыкмаларда чагылдырышкан. Бутактанган «бугу мүйүз», чамгарактуу «кулжа мүйүз, тоо теке мүйүз», «керилген жаа», «бүркүт», «ак шумкар», «көгүчкөн же ак кептер», шаңкайган аска, ак булут, арча, күмүш өзөн, түркүн жемиш, түрдүү гүл болуп,  саймаланган көркөм көчөттөр (орнаменттери) аркылуу кыргыздын маданияты, жашоо образы, турмуш-тиричилиги, көчмөн духу, эстетикалык табити  аталган буюмга түшүрүлгөн.

Учурда сейрек колдонулуп калганына карабай, биротоло унутта калбай, бактыга жараша «сайма туш кийиз», «чокума туш кийиз», «курак туш кийиз» делинип, улам жаңы мүнөз, жаңы түргө өзгөрүп жаңырып келет.

Нурзада Ташбаева, “Замандаш” журналы, 08.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.