#5-8 (55 сөз сынагы)
#5 Куйкасы курушту
Паяздыкына Бишкектен уулу Айбек, келини Самаргүл балдары менен келишти. Коноктордун урматына кой союлду.
– Чоң ата, койду кесип жатышат! – Кутман чоң атасына кайрылды.
– Ай, чунак, койду кеспейт, аны союп жатат.
Арадан көп өтпөй “Койдун башын өрттөп жатат”, – деген неберенин үнү жаңырды.
– Эй, кыргыздын баласы, койдун башын өрттөбөйт, аны куйкалап жатат, – деген карыя уулу Айбекке суроолуу тигилди.
#6 Издеткен түн
Иңирде уй эсиме түштү. Аны издеп жүрүп талаада Саманчынын жолун тиктеген бойдон жатып уктап калыптырмын. Таң ата апам айыл четинен тосуп чыкты.
– Каралдым!, – апам ыйлап, бети-башымдан өпкүлөп кирди.
– Сени түнү менен издедим, – апам басылбай жатты.
Мени сепаратордун үнү ойготту. Төшөктөн башымды көтөрөр замат жүрөгүм “шуу” дей түштү. Апамдын жоолугунан чыккан чачтары сүттөй аппак болуп калыптыр.
#7 Таарыныч
– Бир жума өткөрүп келди.
Бир туугандары апасынын кыркын берип ар ким өз үйүнө тарап кетиптир.
– Апаңдын кыркына барбайм. Карындаштарың сени да, мени да адамдай көрүшпөйт! – деп көкүттү аялы.
Туура көрдү. Андай кыйын болушса менсиз өткөрө беришсин! – деди.
Бир аялдын көңүлү, таарынычы деп отуруп өзүн биротоло жоготуп алганын сезди. Туулуп өскөн үйү томсоруп, аны аянычтуу тиктеди…
#8 Балапан
Толукшуган жай мезгили. Айлана көркөм, куштар сайрап өзүнчө керемет. Жакын жерден таранчы чыйпылдап нары бери тынымсыз учуп жатты. Эмнегедир, көңүлүм түшүп, карап турдум.
Түркүн түстүү гүлдөр. Эңкейип гүл үзүп жатсам кичинекей балапан жөргөлөп жүрөт.
Эне жүрөгү кандай сезимтал! Көрсө, балапанды таштай албай безеленип жаткан экен. Ачык жерге чыгарып койдум. Жанына учуп конду. Алып кетти бекен?


