#9-10 (55 сөз сынагы)

 

#9 Адам-ит

Айылга барган сайын тосуп чыгат алдыман. Кыңшылап, жыттагылап, келдиңби дегенсип, жалооруйт. Башынан сылайм, жыттагылайт, буттары менен кучактайт, бетимди жалайт, алып баргандарыман берем, болду эми дейм, кучактайм, ага да болбойт. Көргөндөр таң калышат, суктанышат.

Бир күнү айылга бардым, бирок адам-ит көрүнбөйт. Апам айтып калчу эле: – Тили гана жок, бул байкуштун, адамдан айырмасы жок, адам-ит. Апамдын жанындабы…

 

#10 Далилдейм

– Сен махабат, сүйүү, өмүр, өлүм, тагдыр жөнүндө жазбачы, – деген жолдошумдун адаттагы пикири көнүмүш болуп калган.

Чындыгында, бул темалар түбөлүктүү экендигин ал деле түшүнөт.

Бирок кезектеги кызылдай кызганычына жөн гана шылтоо болчу.

“Бул темаларды жазбаганда атамдын башын жазмак белем”, – деп айткым келди.

Баары бир мен үчүн махабат улуу тема!

Бүгүн кеч аны далилдейм.

Башкысы – ишенсе болду.

 

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.