Астра аттуу кыздар көп

z_sooronbaeva

(Кыргыз эл жазуучусу Зуура Сооронбаеванын 90 жылдык мааракесине карата)

Кыргыз эл жазуучусу Зуура Сооронбаева 1924-жылы 15-августта Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жолголот айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Башка акын-жазуучулардан айырмасы жогорку билими болгон эмес. Ал эмгек жолун 1940-жылы Караколдогу “Ысык-Көл правдасы” гезитинде секретарь-машинистка болуп иштөөдөн баштаган. Ошол мезгилде болгону 16 жашта экен. Алгачкы ыры 1947-жылы жарыяланып, 1960-жылы “Менин айылым” аттуу биринчи ыр китеби жарык көргөн. Башкача айтканда, ал адабиятка акын катары кирип, бирок, белгилүү прозаик катары таанылгандыгын айта кетүүбүз абзел. Анын “Достук” поэмасы, “Астра гүлү”, “Ак чач аял”, “Жетимдер”, “Жапайы розалар”, “Тоолор билет” повесттери, “Чоочун адам” романы кыргыз окурмандары кууп жүрүп окуган чыгармаларга айланган. “Эркек колукту”, “Сынган мазар”, “Өрттүү таң” жана башка драмалары өлкөбүздүн театрларында коюлган.

Зуура Сооронбаева бардык жанрларда өзүн сынап көргөн. Бирок, таланттуу прозаик экендигин тастыктаган. Ар бир жазуучунун бир мыкты чыгармасы болот. Калган чыгармалар Айдын айланасындагы жылдыздарды элестетет. “Астра гүлү” повести менен “Чоочун” киши” романын Ай деп атасак, калгандары аны айланып жүргөн жылдыздар. Чыгармачылыгынын башатында эки ырлар жыйнагы жарык көрүп, бирок, автор ошол кездеги актуалдуу деп эсептелген социалисттик мелдеш, партия, комсомол темаларынын тегерегинен чыга алган эмес. Акырында проза жанрына кайрылып, чыгармачылык изденүүсүнүн натыйжасында чоң ийгиликтерге жетишкен. Окурмандар талашып окуган “Астра гүлү” повести 1970-жылы жарык көргөн. Ошондо жазуучу 46 жашта экен. Бул мезгил анын зоболосу көтөрүлө баштаган учур эле. Жазуучу жөнүндө драматург Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын ээси, Бурул Калчабаева, мындай дейт: “Зуура Сооронбаеванын жогорку билими болгон эмес. Москва, Ленинградды кой, биздин жогорку окуу жайын деле бүтпөптүр. Болгону гезитте эмгек жолун баштаптыр. Кудай Таала талант берген чыгаан кыздардын бири болчу. Мындай маанилүү, маңыздуу иштеш ар кимдин эле колунан келе бербейт. Бул айылдагы болгон окуяны, уккан-көргөнүн, каармандарынын баскан-турганын боюна сиңирип, иштеп чыгып, калем аркылуу элге берген адам. Чынында сөздүн чебери эле.

Каракол шаарындагы “Ысык-Көл правдасы” гезитинде терүүчү болуп иштеп жүргөндө Мидин Алыбаевдин ырларын өзгөчө жакшы көрүп окучу экен. Ырлар бир ирмемди кармап калчу керемет. А сөз менен көп ойлорду айтууга болот. Ошентип белгилүү жазуучу көкүрөгүндөгү ойлорду ырга жана прозага айлантууга аракет жасайт. Бир жолу жазган аңгемелерин залкар жазуучубуз Түгөлбай Сыдыкбековго көтөрүп барат. Ал проза оор, салмактуу, ыр жазганың эле түзүк болот го деген оюн айтат. “Астра гүлү” аттуу повесть дал ошол Түгөлбай Сыдыкбековго жолуккандан кийин жазылган чыгарма эле. Ал китеп Зуура Сооронбаеваны мейкинге көтөрүп чыкты. Өз кезегинде эң көп окулган, эң көп сатылган китепке айланды. Кыргызда Астра аттуу кыздар көбөйгөн. Бул кыргыз эл жазуучусунун китебинин элге кеңири тарап, окулуп жаткандыгынын белгиси эле.

Зуура Сооронбаева сексен жашка чыккандагы маегинде: “Убакыт деген учкан куш тура”. Өмүрдү жараткан жөн берген жок, өнөр менен кошо берди. Элиме жүзүмдү ачкан “Астра гүлү” болду. Бул – алгачкы прозалык чыгармам. Андан кийин “Жетимдер”, “Ак чач аял”, “Андрей” өңдүү повесттери зоболомду көтөрдү. Тагдырыма, ушул чыгармаларыма ыраазымын. Китептерим, чыгармаларым аркылуу эл кадырына татыдым”, – дептир. Ооба, калетсиз сөз. Ошого улай: – “Жаш күнүмдөн оорукчан болдум. Тагдырым да кыйчалыш, оош-кыйыш татаал келди. “Чоочун киши” романым мени дагы бир жолу элге жаңырта көрсөттү, көп ооруганыма карабай көп иштедим. Окурмандардын талабы өмүрүмө өмүр улап койду окшойт, – дейт.

Жазуучу чыгармаларында үй-бүлө, сүйүү, эл достугу маселелерин көтөргөн. Эң башкысы окурманды жолдон жетелеп, ээрчитип кете турган чыгармаларды жаратты. Зуура Сооронбаева тирүү болгондо быйыл 90дун тоосунан үн салып турмак. Балким окурмандар талашып окуй турган дагы бир чыгарма жаратмак. Ал 1954-жылдан тартып СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз эл жазуучусу. Жыйырмага жакын китептин автору. Өзү төрөлгөн айылдагы мектепке Каракол шаарынын бир көчөсүнө ысымы берилген. Ток этер жерин айтканда, жазуучу эжебиз чыгармалары менен окурмандарды багынткан, артынан ээрчиткен.

Жазуучунун эки өмүрү болот, экинчи өмүрү – анын чыгармалары. Кыргыз эл жазуучусу Зуура Сооронбаеванын “Астра гүлү” жаз келген сайын гүлдөй берээрине ишенебиз.

Карбалас БАКИРОВ, “Эркин тоо”, 12.12.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.