Пир деген эмне? Ар бир пирдин келип чыгуу тарыхын билесиздерби…?

Кыргыз эли ааламдагы бүт нерселер өзүнөн-өзү пайда болгон эмес деген түшүнүктө жашашкан. Жаратылыш, табият менен таттуу мамиледе болууну негизги эреже катары тутушуп, ар биринин колдоочусу болот деген ойдо болгон. “Кабар” маалымат агенттиги сиздерге элдик адабияттан топтолуп, чогултулган кээ бир пирлердин тарыхын сунуштайт.

 

Пир деген эмне?

Эзелтен бери кыргыздар табияттын сырдуу күчүнө ишенип келишкен. Курчап турган жан-жаныбарлардын, адамдардын жана башка нерселердин өздөрүнүн коргогон ээси болгон деген ишенимде жашаган. Ал ээси аны сактайт, ар кандай илдеттен тазартып, тукум уругунун өнүгүп-өсүшүн калкалап, коргойт, башкача айтканда, анын пири болгонуна ишенишкен.

 

Устанын пири – Дөөтү

Дөөтү – өнөрдүн ээси, темирчилик, зергерчиликтин пири болот имиш. Дөөтү кыпкызыл ысык темирди кармаса да колу күйбөй, темирди камырдай жууруйт экен. Ал устанын өнөрүнө, чеберлигине куш баатыры ителгинин арданып ыйлап жүргөндүгү жөнүндө мындай мифтик баян айтылат:

«Бир күнү, Дөөтү устага ителги келип: «Сиз менен мелдешейин дедем эле, эгерим, мен тегирмендин ташын жара тээп, жүрүүгө жаратпай койсом, мага алтын текөөр салып бересизби?» деген экен. Анда уста «кой» десе болбой, ителги асманга атырылып чыгып, типтик куушурулуп келип, тегирмендин ташын жара тээп, кайра асманга көкөлөп чыгып кетет.

Дөөтү уста ителги кайра имерилгенче тегирмен ташка кадоо салып, тегирменди жүргүзө койгон экен. Ителги чуркап турган ташты кылчайып көрүп, устанын амалына, усталыгына таң берип, ызаасынан ыйлаган бойдон кетет имиш. Дөөтү уста ителгинин балбандыгына таң берип, эгерим, ителги кайра кайрылып келип калчу болсо, алтын текөөр салып берер элем деп, ошол күндөн ушул күнгө күтүп жүрөр имиш».

 

Чечектин пири (Оорусыркоо) Коросон ата

Коросон ата – элчиликтин, оору-сыркоонун пири, ээси болот имиш. Анын билбеген бир дагы оору-сыркоосу жок жана колу адам, айбан, жаныбарларга тийип эле кетсе дени тазарат имиш. Кийинки доорлордо «Улукман ата» деген аталышта да айтылып калды. Бирок мифтик наристе элестетүүдөгү образда экөөнүн аткарган ролдору, милдети бирдей баяндалат.

Кыргыз мифтеринде Коросон атанын сөздөрү анын элчиликтеги элеси абдан ыраттуу айтылат. Кыргыздардын «элчилик ырларында» Коросон ата жана анын сөздөрү кенен берилген.

 

Кийиктин пири Кайберен

Кайберендер ээси үңкүрдү үй кылып олтурган Ак байбиче кебетесинде баяндалат. Бул боюнча төмөндөгү элестеме баян айтылат:

«Илгери бир мергенчи бир улактуу кийикти аткан экен, ал жарадар болуп качат. Мергенчи кайра атайын десе, огу түгөнүп калып, жарадар кийиктин артынан кууп жөнөйт. Жарадар кийик качып жүрүп отуруп бир үңкүргө кирип кетет. Мергенчи артынан кирейин деп үңкүрдүн оозуна барганда, үңкүрдөн: «Алда, балаңды аткыр ай!», – деп адамча сүйлөгөн үн чыгат. Мергенчи кирип барса, бир карган ак чач байбиче экен. Туякка айран куюп берип: «Балам, мындан ары балалуу кайберенди атпай жүр!» – деп узатып жибериптир. Көрсө кемпир кайберендин ээси экен. Мергенчи бая кыл туяктагы айранды канча ичсе да түгөтө албаптыр».

Кыргыздын мифтик түшүнүгүндө кайберендин (кийик, аркар, кулжа, бөкөн ж.б.) ээси, сактоочусу, калкалоочусу, көбөйтүүчүсү болот деп каралган. Кайберендин ээси мергенчини жазалоо, каргоодон мурун, ага эскертме белги берет имиш. Ал белгисинин бирөө «оңко туруу» экен. «Оңкоо тургузуу» эскертмеси бир мергенчи өмүрүндө аткан кайберени миң башка жеткенде, ошол миңинчи кайберенди атканда «адамча өйдө тура калат экен», ошондо мергенчи кайберендин ээсинин эскертүүсүнө тил алып, экинчи аңга чыкпоосу керек экен. Экинчи эскертүү белгиси, кайберендин бирөөнү адамча сүйлөтүү же кайберенге мергенди ээрчитип келип, өзү көзүнө көрүнүп эскертүү насаат айтат экен. Ага да болбой, тил албай, кайберендерди кыруу ниетинен кайтпаса, кайберен ээси мергенчини жазалап, каргап, мертинткен же күлпөттү башына салган.

(уландысы бар)

Адил Төлөгөнов
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенти
“Кабар” КУМА, 08.02.2018-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий