Аалы Токомбаев

(1904 – 1988)

Кемин районундагы Кайыңды айылында 1904-жылы туулган.

1922-жылы Ташкенттеги советтик партиялык мектепке кабыл алынат.

1923–1927-жж. В.И.Ленин атындагы Орто Азия коммунисттик университетинде (САКУ) окуган.

1927-жылы Чүй кантонунда РОНОнун башчысы болуп иштейт.

1927–1929-жж. «Кызыл Кыргызстан» гезитинин редактору, 1930–1931-жж. Москвадагы Борбордук басмада кыргыз секторунун редактору, 1931-жылдан Кыргызмамбастын башкы редактору, 1934–1949-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгына төрага, ошол эле жылдары «Советтик Кыргызстан» журналынын башкы редактору, СССР Илимдер академиясынын Кыргызстандагы филиалынын тил, адабият жана тарых институтунун директору, 1955–1956-жж. «Чалкан» сатиралык журналынын башкы редактору болгон.

Улутчул, СТПнын (социалтуран партиясынын) мүчөсү, (андай партия болгон эмес), Япониянын пайдасына иштеген чыккынчы деген сыяктуу жалаалар менен 1937-жылдын ноябрынан 1939-жылдын июнь айына чейин камакта болуп, ага чейин чыккан бардык китептери жок кылынган. А.Токомбаев түрмөдөн 1939-жылы 4-июнда чыккан. Кийин А.Фадеевдин кийлигишүүсү аны камактан сактап калган.

1988-жылы өлгөндөн кийин акындын бардык китептери акталган.

2007-жылы кыргыздын мыкты кара сөз, драматургия, поэзия, публицистика жаатындагы чыгармалары үчүн Аалы Токомбаев атындагы республикалык сыйлык уюштурулган.

Кыргызстандын басмасынын тарыхында биринчи болуп чыккан «Эркин-Too» гезитинин биринчи номуру 1924-жылы 7-ноябрда жарык көрүп, ага А.Токомбаевдин «Октябрдын келген кези» аттуу ыры басылган.

Биринчи ырлар жыйнагы 1927-жылы Ташкентте «Ленин тууралуу» деген ат менен басылып, бул китеби бир аз оңдолуп, толукталып «Ленин» деген ат менен 1936-жылы кайра басылган.

А.Токомбаевдин көпчүлүк чыгармалары орус тилинде, кээ бир басылмалары украин, казак, тажик, өзбек, литва тилдеринде жана кээ бир чыгармалары чет өлкөлөрдө жарыяланган.

Жазуучу С.Маршактын, А.Кунанбаевдин, Ж.Жабаевдин чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Көптөгөн коллективдүү котормо иштерине жана коллективдүү которулган жыйнактарды чыгарууга активдүү катышкан.

А.Токомбаев Кыргыз ССРинин Мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири, СССРдин гимнинин жана партиялык гимн «Интернационалдын» кыргызча котормосунун авторлорунун бири.

1967-жылы «Таң алдында» романы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгына ээ болгон. 1934-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

Кыргыз ССРнин Эл акыны (1945-ж.).

Уикипедиядан алынды

 

Аалы Токомбаев жана анын чыгармачылыгы тууралуу

7-ноябрь Кыргыз Республикасынын Баатыры А.Токомбаевдин туулган күнү

Аалы Токомбаев балкадай тап душмандарын уруп турган

Токтогул көрбөгөн китепти, Токомбаев көрбөгөн китепти биз көрдүк

Арбактарды бири-бирине каршы койбойлучу

Жан эргиткен «Жалжалымдын» сыры

“Кандуу жылдар» — жазуучунун каяшасы

 

Кара сөз

Күүнүн сыры (аңгеме)

 

Ырлары

ТЕРЕГИМ

Кайсы күнү ким жазды экен атымды
Жаш теректин аппак күмүш денине?
Келин бекен? Жигит бекен, акынбы
Бул адамдын максатында эмине?

Жаш теректин күмүш тону эскирип,
Жазган тамга жоюлгансып баратат.
Менин дагы өмүрүмө кеч кирип,
Өткөн сайын терегимди каратат.

Мени көздөп канча шашса карылык,
Мен эмгекке андан бетер шашамын.
Ал карылык уурдаганча камынып,
Таалайымдын далай жолун басамын.

 

ЭНЕКЕ

Ой, энеке! Сенден жарык таң барбы!
Сенин шоолаң түбөлүккө бүтпөгөн.
Ой, энеке, сенден күчтүү жан барбы!
Кандай күч бар сенден жардам күтпөгөн!

Ой, апаке! Баратасың улгайып,
Карылыкка бергим келбейт өзүңдү.
Бирок өмүр – зыркыраган жел кайык,
Шашып айтчы даанышмандык сөзүңдү.

Сүйлө, сүйлө, дагы сүйлө, апажан,
Сагынганда эскерейин бардыгын.
Аткарайын, “тапшырма – деп – апаман”,
Айткын, апа, барбы мага жардыгың?

Мээрбаным, жылмайганың балаңа
Алтын бешик мекенимдей сезилет.
Кайда жүрсөң айткансыйсың “садага”,
Эстей калсам элесиң да кезигет.

Ой, энеке! Сенден жарык таң барбы!
Сенин шоолаң түбөлүккө бүтпөгөн.
Ой, энеке, сенден күчтүү жан барбы!
Кандай күч бар сенден жардам күтпөгөн!

 

МУНАР

Сүт эмген бала жыттанган,
Илебиңди сагындым.
Мойнумду сылап артылган,
Билегиңди сагындым.

Талпынсам таппайм айласын!
Талаада калган өңдөнөм,
Таалайым Мунар кайдасың?

Кучактап турсам туйлаган,
Жүрөгүңдү сагындым.
Эңкейсең эрке чайпалган,
Күбөгүңдү сагындым.

Муңаям таппай айласын!
Муңканып жалгыз отурам,
Муңдашым Мунар кайдасың?

Балбылдап карап оштонуп,
Күлгөнүңдү сагындым.
Керүүдөн чыккан маралдай,
Жүргөнүңдү сагындым.

Талпынам, таппайм айласын!
Таң атат дагы күн батат,
Тагдырым Мунар кайдасың?

Гүлбурак жийде жыттанган,
Илебиңди сагындым.
Мойнума жумшак оролгон,
Билегиңди сагындым.

Көксөймүн таппай айласын!
Көңүлгө төтө кылайын,
Түшкө кир Мунар! Кайдасың?

 

ЖООП КАТ

Мен анда–байчечекей эселекмин,
Керилген жигит кезге жете элекмин;
Чырылдап, чымчык менен бирге чуркап,
Уянын саясынан кете элекмин.
Жаштыгым жеңип алып жетимдикти,
Закымдап учкан тентек көпөлөкмүн…

Сен анда иргелбеген алтын элең.
Сен анда алдейленген жаркын элең…
Андагы сен дагы жок, мен дагы жок,
Өзгөрдүк,
Ой ойлодук, турмуш терең.
Тереңдин шарын чачып, күүсүн тосуп,
Кай жерде качан сага койгом ченем?!
Иш өттү,
айып кимде?
Алда качан
Болбогон иш, бүгүн мени алдабасаң.
Сен үчүн отко түшөм деген болуп,
Мен үчүн солуган гүл кармабасаң!
Жүрөктүн назигинен пайдаланып,
Сөз менен, көркүң менен арбабасаң…

 

ТИЛ АЛСА

Табийгат, тагдыр тил алса–
Ак чабак болуп жаралсам.
Деңизден сүзүп, ойноктоп
Дем кылган жакка баралсам.

Күнөөсүз, кирсиз дүйнөгө
Энеден кайра төрөлсөм;
Көк чыбык кыркып ат кылып;
Көпөлөк издеп жөнөлсөм.

Табийгат мага тил алса–
Кызыл гүл болуп жайнасам;
Болбосо гүлдүн ашыгы–
Жаш булбул болуп сайрасам.

Көргөндүн көзүн алдырбай,
Мөмөлөр болуп тизилсем;
Адамдын колун сундурбай,
Алдына жайнап үзүлсөм.

Табийгат, тагдыр тил алса–
Мөл булак болуп ойносом;
Карарган жерин тазартып,
Калкыма кирди койбосом.

 

УНУТ ДЕДИҢ

Белек бердиң унутулгус,
Сыймык менен сыйландым.
Унут дедиң белегимди
Уу жуткандай кыйналдым.

Аккан сууга белек берсең,
Агып кетер, унутар…
Дени салкын, жүрөгү муз,
Ал мен эмес уу жутар.

Көрдүң бекен толкундарды
Чачың менен чапкылап?..
Жансыз сууга тамга түшпөйт
Кордосоң да аткылап.

Ак жүзүңдү жуугандырсың
Түркүн тунук сууларга.
Бири дагы эсиңде жок,
Же калдыбы сууларда?

Мен суу эмес, сызган тамга,
Дайым калам кетилбей.
Белегимди унут десең–
Жүрөк ыйлайт жетимдей.

Неге бердиң белегиңди
Жүрөгүмө сүйдүрүп.
Таңкы түштөй бир көрүнүп
Кетмек белең күйдүрүп.

Унут дедиң белегимди,
Унутпаймын ар качан.
Унутпа деп айткызармын,
Чым жамынып калбасам!

 

УГАСЫҢБЫ?

Угасыңбы менин каргыл үнүмдү,
Эстейсиңби кагаздай ак чачымды?
Сагындыңбы, тууган жерди, үйүңдү?
Мен түшүмдө сылап, сүйдүм башыңды.

Аткан октой күчтүү деп бил үнүмдү,
Аткар, уулум, мен ойлогон тилекти.
Уккум келет сенин сүйкүм үнүңдү,
Билесиңби кайдай соккон жүрөктү!

Мен сүйлөсөм–сага буйрук энеңден,
Командирдин буйругуна барабар.
Командасыз ким кайталайт кемеден–
Өлсөң көргө буйругуңду ала бар!

Сен–эр жоокер, мен–командир өзүңө,
Качан болсо келип кетет элесиң.
Шер деп баккам, түшүндүңбү сөзүмө,
Ким уялтат шер жараткан энесин!

Сен тыңшасаң менин карган үнүмдү,
Эрдик менен бактылуу кыл журтуңду.
Сен сагынсаң тууган жерди, үйүңдү,–
Жоону кыйрат, жоого көрсөт курчуңду.

 

ЭГЕР БОЛСОМ

Күн болсом, көз уялтып жаркыраган,
Нурума каалаганча канар элең.
Суу болсом, аскалардан шаркыраган,
Суйкайып суу алууга барар элең.
Күркүрөп капчыгайды жарып өтүп,
Чарпылып кучагыма алар элем.
Түбөлүк махабатка кир жугузбай,
Сүйгөнүм, кубанчыңа канар элем.

Жан жеткис, тилсимдеги мүрөк болсом,
Эсепсиз узун өмүр берер элем.
Гүлдөгү сайрап турган булбул болсом,
Талпынып так жаныңа келер элем.
Ойлонуп, уктай албай жатканыңда,
Оюңду сайроо менен жеңер элем.
Алдастуу акын болбой, ташчы болсом,
Аскага сүрөтүңдү чегер элем.

 

АРЧА КӨРСӨҢ

Кыпкызыл зоого чыккан арча көрсөң–
Чалкыган жалын жүрөк акын деп бил!
Мүнөзү зоо сыяктуу менсинген жан,
Ушинтип өткөн дегин мээримдүү тил.
Элеси жаңы бойдон турат дегин,
Көгөрүп арча сындуу, сезилбей кир.

 

БИР ШИЛТЕМДЕР

Жардамга?!–
Ким болсо да колуңду сун!
Алактап айла кетип турган чакта.
Андан соң, андан ыйык эчтеме жок,
Биринчи милдет ушул адамзатка.

 

* * *

Мен каалап келбегемин.
Эрким жоктон–
Дүйнөгө ыйлап келгем, ыйлап кетем.
Келген соң кең дүйнөгө уктап кетпей
Өмүрдү өлгөнүмчө ырдап кетем.
Гагарин өзү баштап таппай койду
Дозок жок–
бейиши жер,
жыргап кетем.

 

* * *

Биздин жер чиркейлердин жумурткасы,
Ааламга кыял менен салыштырсак.
Бул аалам кайдан бүткөн?
Табылабы?
Акылды чагылгандай кагыштырсак!

 

* * *

Жер, суулар, өсүмдүктөр, макулуктар!
Мен дагы өзүңөрдөй табигатмын.
Баарыңар жандуу, жансыз тулкусуңар
Мен гана мээси болом, табигаттын.

 

* * *

Үмүтү үйдөн эмес, элден эле
Агыткан алда канча соргок алкын.
Параны, уурдаганын тана берсе,
Достору мактаар эле анын салтын.
Ал, анан кете берди күндөн түнгө,
Ээледи эки метр жердин чаркын.
Алганы “а дүйнөгө” табыт кепин,
Тил келсе сурайт эле анын наркын.
Кымбаттар сандыгында кала берди,
Жектелип желип жүрүп тапкан алтын.
Тапканы жердеи эмес, желден эле
Үйрөткөн ушундайча кулкун-алкын.

 

* * *

Ысыгым түшпөй койду, түшпөй койду,
Денемде өчпөй турган жалын барбы?
Башымчы?
Уютулган коргошун го!
О, кокуй!
Козгой турган алым барбы!
Солуймун ит чайнаган балапандай,
Узатам улам тийген кагындарды.
Калтылдап турган сайын жыгыламын,
Полунда чылап койгон самын барбы!
Билбедим, ажал өзү жадаган го,
Сүлдөрүм сөөк болуп, жаным калды.
Болбосо Ажал мендей сүйөт бекен,
Ак халат аруу жигит, ханумдарды.

–Арсыздын күчү кайда?
–Бакырыкта!
Күчүктөй ээрчий берет чакырыкка.
Андайлар албууттардын кол жоолугу,
Кааласа пайдаланат какырып да…
Экөөнүн бири данек, бири сабак,
Экөөнүн бири жыртык, бири жамак.

–Күчсүздүн күчү кдйда?
–Жөлөгүндө.
Күбүрөйт жөлөгүнө күндө, түндө.
Жөлөксүз чегирткедей ыргый берет
Ал бүгүн киши сөрөй,
эртең бүргө!

 

* * *

Кыял – укмуш телескоп,
Көз жетпеген алыстыкты көрсөтөт.
Үмүт – ач көз, тойгон эмес,
Көрбөгөндү, татпаганды көксөтөт.

Кулун эмес, Шыргыйты,
Көк жашыл тоонун салаасы.
Шиберин жиреп ойноктойт,
Эликтин эрке баласы…
Эч кимге кыйбас Мекендин
Мөл булак, жыпар абасы.
Уурданып келип суу ичкен,
Эликтин чыйрын карачы!
Кайберен менен адамга,
Ким болсун эми арачы!!

 

* * *

Оюмда ойлоп коём:
“Тапсам амал…
Болсочу өткөн өмүр–кайтчу шамал”.
“Элүүгө эптеп чыксак” дешер элек,
Эми канчадабыз?
Айтчы, Жамал?
Мүлжүгөн кабыргадай кайран, Тыным,
Сен уксаң, мен айтайын сөздүн чынын.
Шелбүрөйт таягыңа кийгизгенсип,
Бутуңду бураңдатып кийгей шымың.
Салмакты, саламатты сактабасаң,
Көтөрүп учуп кетет кашка чымын.
Катар өскөн кайыңдай,
Жашаганбыз жанаша.
Орток болуп келатат,
Кайгы, күлкү, тамаша,
Эсеп эстен чыгыптыр,
Нээтибизге жараша.
Калтылдабай кайыктай,
Калпып алып келатат,
Мезгил деген тараза.

 

* * *

Аштын да тойдун жарчысы,
Алдамчы колдун камчысы.
Жыртылып калган үзүктөн,
Токтобой тамган тамчысы.
Ал–эселек деген киши го,
Эшектик анын иши го.

 

* * *

“Улугуң сокур болсо, дүлөй болсо–
Укпай кал,
Бир көзүңдү кысып сүйлө?!”
Болбосо боконоңду болкулдатып,
Тор жаят саятчысы сиздин үйгө.
“Салыгы” саятчынын табышмактуу…
Ошондой жаратылган “кыйшык дүйнө!”
Деп коюп, сөзүн бүтүп Нурак кары,
Үшкүрүп күлөр эле биздин үйдө…

 

АЛКОО

Күздүн нуру, жүрөгүмдүн кубаты,
Бар, кулунум, аттандырдым аскерге!
Адам чиркин, качан болсо бир өлөт,
Өлсөң дагы кул болбогун жат элге.

Так ушул жер тууган элдин терине
Кылым бойлоп алка-шалка киринди.
Жылдар учуп, өткөн сайын бабабыз,
Тууган жердин кымбаттыгы билинди.

Көрчү тигил көк тиреген зоолорду,
Атам менен аталаштай көрүнөт.
Алыс кетсем мен адашкан баладай,
Кылчактаймын, кылгырып жаш төгүлөт.

Тигил тентек шаркыраган тунук суу
Төрөлгөндө оозандырган кешигим.
Эркелетип эчендерди өстүргөн,
Бул тууган жер менин алтын бешигим.

Кандай ысык, кандай жакын өскөн жер,
Ата-энедей, бир туугандай байкалат!
Бул дүйнөнү эң биринчи көрсөткөн
Жерди мактап кандай акын айталат!

Жер сезимсиз, сүйлөй албайт тил менен,
Көрсөң болду, көп сырларды билдирет.
Көз алдында толгон сүрөт тартылып,
Кубандырат, жүрөгүнө тил кирет.

Сен курдашсың эркиндиктин таңына,
Менден бетер мекениңди баалайсың.
Кул болбостон, ажал менен кармашып,
Элиң үчүн өлгөнүңдү каалайсың.

Жалгызымсың, жеңил эмес мен үчүн,
Бирок сенден жардам күтөт мекениң,
Баргым келет ажырабай сен менен,
Мезгилимден өтүп кеткен экемин.

Баргын, балам, жалгыз кеткен сен эмес,
Көтөрүшкүн кыйын күндүн салмагын.
Жаның–менен намысыңды аруулап,
Мекен үчүн чоң майдандан калбагын.

 

ЖАЙКЫ ТАҢДА

Таң кашкайды, мен турдум,
Көрөйүн деп көлүмдү.
Чар тарапты бир карап,
Көрккө көңүл бөлүндү;
Коргон жасап койгондой
Ак чач тоолор көрүндү.

Бир-бирине жөлөнүп
Эрмектешип жаткандай,
Менменсинген чокулар
Көккө барып баскандай;
Чексиз асман кара көк
Көк сыр менен жапкандай.

Чексиз мейкин көгөрүп,
Жерди каптап койгондой.
Алтын көзү армандын
Уктагансыйт ойгонбой.
Азуулардай аскалуу
Төр магдырайт тойгондой.
Таң тамылжып, көк күзү
Жылмайгандай көрүндү.
Ойгонгонсуп Кең дүйнө,
Чыгыш нурга чөмүлдү.
Тил жетпеген жайкы таң
Көкөлөттү көңүлдү.
Карт геолог азандан
Чыгып карайт таштарды.
Таштын тилин билгендей,
Шүйшүндүрөт жаштарды.
“Асыл таштан” деген сөз
Кербездентет Аскарды.

Кароолчудай бийиктен
Зоодон көлдү карасам,
Көңүл учуп асмандан,
Чагылганга жанашам,
Эригендей жүрөгүм
Экиленип баратам.

Көлдө сүзгөн пароход
Кыялга тил жаратат:
“Таалай жолуң кут болсун”–
Кубандырып каратат.
Коммунизм төрүнө
Түйшүк менен баратат.

Алгым келет кучактап,
Бүт дүйнөнү койнума.
Баскым келди көтөрүп
Сүрөттөрүн мойнума.
Кангым келди турмуштун
Суктандырган ойнуна.

Бүйрөлөнгөн Ысык-Көл
Таңкы желге чайпалды.
Асман жерге түшкөндөй,
Көпкөк болуп байкалды.
“Сенин көлүң ушул”–деп,
Тентек көңүл айта алды.

Тамылжыган күн нуру
Кучактады тоолорду.
Бийик кылып көрсөттү
Көлөкөсү коолорду,
Чайкагансып алтынга,
Жаркыратты зоолорду.

Кубулушкан мөңгүлөр
Алдагансыйт көзүмдү,
Сүткө канды кошкондой
Чыгыш нурга көшүлдү,
Көзгө түшкөн көп сүрөт
Таңыркатты өзүмдү.

Жалын өңдүү чокуда
Кызыл желек жайкалат,
Бийик коргон зоо, тоолор
Карашкансыйт кайкалап.
Аңчыларга кырсыктар
Кыңк этпестей байкалат.

Көлүм көпкөк, жер жашыл,
Кесте, сайма болгондой.
Кызыл макмал кызгалдак,
Кыраң өрткө толгондой.
Жашыл нооту жамынып,
Белес жатат ойгондой.

Кандай акын бул жерди
Бүт сүрөттөп айта алат!
Жибек желге тор талаа
Ойку-кайкы чайпалат;
Ыксыраган эгиндер
Зумруддай байкалат.

Шылдыр булак сымаптай
Таштан ташка туйлаган,
Өргүбөстөн телмирип,
Кылым бойлоп ыйлаган.
Сүйлөгөнсүйт: “сырымды,
Кандай жүрөк туйбаган!”

Жашыл төрдүн атыр жел
Сылап жатты буркурап.
Аскадагы бүркүттөр
Чабыттады зыркырап,
Бутадагы чымчыктар
Учуп чыкты тырпырап.

Өрттөгөнсүп асманды
Көтөрүлдү күн дагы.
Туш-туш жактан көбөйдү
Чой-чойлогон үн дагы.
Шүүдүрүмдү тамызып,
Көркүн ачты гүл дагы.

Мекиренип өпкүлөп,
Кой козусун эмизди,
Улак-теке бакылдап
Жандап жүрөт чебичти,
Кара моюн ак эчки
Эркелетти эгизди.

Мекчейишкен серкелер
Кулак-башын кашышты.
“Жүргүн мындай”–дегенсип,
Төшкө карай басышты.
Ойноп жаткан улактар,
Чыйрыкканын жазышты.

Укуругун сүйрөтүп,
Ышкырышты жылкычы,
Окшош боек кийгендей,
Чоктой тору жылкысы.
Жылкычыдай ышкырды
Чакчыгайдай ырчысы.

Жылажындай шыңгырап,
Сергек кулун карады.
Башын чулгуп сереңдеп,
Жалын жерге тарады:
Окуранып тору бээ
Тосо берди маманы.

Чакаларын чайкашып,
Келин кыздар тээледи.
Марал өңдүү уйларды
Бирден барып ээледи.
Тизип ойгон эликтей,
Музоолор да “мөө” деди.

Эчак тентек таңкы жел
Кеткендиги билинди.
Жуурат куйган чаначтар
Канжыгага илинди,
Жашыл жибек, кең жайлоо
Күн нуруна киринди.

Былдырашып тойтоңдоп,
Үйдөн чыкты балдары.
Кучак жайып көтөрүп,
Эркелетти чалдары.
Жашылданган тоолорго
Төгүлгөндөй малдары.

Көрүнүшкө магдырап,
Көлгө көзүм бурулду.
Кербен өңдүү кемелер
Көзгө келип урунду.
“Көр” дегенсип түтүнү,
Бургуп көккө жулунду.

Чагылышын күн менен
Көлдүн бети жылтылдайт,
Тармалданып, дирилдеп,
Ак балыктай кылтылдайт,
Көлгө карап ак келин
Жымың этип шыңкылдайт.

“Укмуш экен өрттөнбөй,
Жүрөгүңдүн түткөнү…”
Кыз унчукпай жайнады,
Тең чайпалды сүттөрү.
Пароходдо келаткан,
Бар окшойбу күткөнү.
1948

 

КҮЗ ЫРЛАРЫ

…Күз да келет. Күз келет деп сүйүнөм
Бариктердей дарагынан күбүлгөн,
Шамалындай көчөсүндө жүгүргөн
Ырлар жазган келет менин күндөрүм.

Келет ырлар. Келемин деп айттырбайт.
Турсун белен кагаз менен калемсап
Кай учурда келсе дагы. Алтүндө
Күйүп турсун курбум жашыл шамчырак.

…Эс да, жан да эркин турсун баарынан:
Кайгы-муңдан эт жүрөктү каарыган,
Жеңил достон, жеке душман заарынан.
Эс да, жан да эркин турсун баарынан.

Келет ырлар. Келет тагдыр сыяктуу:
Ачык-айкын, күңүрт, татаал жолдору.
Түгөнбөгөн түйшүктөрдөн убак таап,
Мен үлгүрүп жазып калсам болгону.

Күкүк үндөп, гүл гүлдөгөн кез кана?
Көңүл да аңыз сыяктанат бош калган.
Жакшы кабар күткөндөймүн эрте кеч,
Жапайы каз учуп өтчү жактардан.

Бул болбосо тигил кырдын артында
Кырк тизилип кыйкуу салган каркыра…
Көрүнгөнсүйт көз уялткан бакты да
Эртеңкинин күндөрүнөн жаркырап.

Кыйрын кезип, боюн бойлойт боз чалгын,
Боз чалгындан деми келет жаш кардын…
Эстебесим басып келер эске алып,
Бул болбосо башка өмүрдө кез бардыр.

Жаандан кийин… жагып кетер айың бар.
Кылчактабай өт, өтө бер, да бир күз.
Айың барда бар-жогуңа кайылмын,
Жарыктык күз, нээтим сага дайым түз.

…Жумшак, муздак… жайбаракат жааганын
Сен да көрүп турасыңбы, о досум.
Кыштын башын айтып келген жаңылык,
Ушул ак кар былтыркы кар болбосун.

…Келсек бир кез кереметтүү бул жайга
Кетерибиз анык экен акыры.
Ким эле деп, кайда эми деп сурабай
Мына ушул кар жаай берер акырын.

Жылт-жылт этип жанып туруп жарыктан
Жылдыз сындуу учканыбыз мейли эле.
Дил табышса, тил табыша алышпай
Кадыр-көңүл калтырыштык эмнеге.

Кездер болгон таңын чогуу атырбай
Күн көрбөстөй бирибизсиз бирибиз.
Сен өзүңчө турмуш куруп, капырай…
Мен өзүмчө жашап эле жүрөбүз.

Кемип, толуп… аз жүрүппү, көп жүрүп,
Биз кетебиз кайрылбастын айлына.
Азбай, тозбой ага берет мезгилдер,
Абалкы кар жаай берет дайыма.

 

* * *

Байыркы Кытай акындары
Ли Бо, Ду Фу, Бо-Цзюй-иге

Жаш өйдөлөп барган сайын биз ачкан
Кайра баштан–ушул эски сүйүүбү?
Шул дүйнөбү?–Барактарын барактайм,
Байыркынын китебине үңүлөм.

Белгиси эмес, бейитинин изи жок
Сөөгү сөпөт болгондугун ким билет.
Ырын айтпайм. Ыр ичинде үтүрү
Кай бир тирүү акыныңан тирүүрөөк.

Ай толгондо сүрдүү, муңдуу көрүнгөн
Ал дөбөдүр чар учкан да, чаң учкан.
Өз доорунда акын баркын ким билген,
Ким түшүнүп, мүдөө, зарын ким уккан.

 

Соц тармактар:

2 thoughts on “Аалы Токомбаев

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.