Кирпи менен коён

(Сирия жомогу)

Бир күнү кирпи менен коен жарышмак болушат. “Жүр, тээтиги тоонун түбүнө чейин чуркап баралы, ким биринчи жетээр экен” дешет.

Экөө жарышка түшкөндөн кийин коен “баары бир мен жакшы чуркайм да” деп жолдон көп жолу эс алыптыр. Ал тургай жолдон токтоп, уктап калат. Ал эми кирпи “мен жакшы чуркай албайм, батыраак барайын” деп астыга жылып кете берет.

Ошентип коен кечке чейин уктап жата берип, ал арада кирпи тоонун түбүнө биринчи жетип келиптир. Демек, пайдасы тийбеген өнөрдөн пайдалуу өжөрлүк жакшы деген ошол.

Кыргызчалаган Жыргалбек Касаболотов

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.