Залкар таланттын музейи кароосуз калды

“Кыргыз ССРинин эл артисти, белгилүү комузчу Ыбырай Тумановдун Ак-Суу районундагы Ак-Булуң айылындагы музейинин кароосуз калгандыгы тууралуу эл арасында кеп жүргөнү менен, учурунда жакшы ой-тилек менен ачылган музейди кайра калыбына келтирүү жумуштары колго алынбагандыгы өкүнүчтү туудурат”,-дейт Ысык-Көл областтык мамлекеттик архивинин директорунун орун басары, залкар таланттын небере келини Таттыгүл Жусупова.

Анын айтымында, өткөн жылы залкар комузчунун 120 жылдыгын белгилөө демилгеси көтөрүлүп, бирок жүйөөлүү, жүйөөсүз себептер менен аны колдоого алган жергиликтүү жетекчилер болгон жок. “Боз салкын”, “Жашыл жайлоо, мал семиз”, “Паровоз” ж.б. көөнө күүлөрү менен өзүнө өлбөс-өчпөс из калтырган Ыбырай Тумановдун музейинде азыноолак гана экспонаттар бар. Көзүнүн тирүүсүндө кийип жүргөн чепкени, тебетейи, анча-мынча үй буюмдары, саргарган сүрөттөр, мындан башка көзгө көрүнөөрлүк эч нерсе жок. Аталган музейди ачуунун демилгечилери болгон айыл тургундарынын ошол кездеги ой-тилектерин эске алсак, музейдин экспонаттары жаңыртылып турмак, залкар комузчуну таанып-билген айылдаштарынын, шакирттеринин эскерүүлөрү, каалоо-тилектери жазылып, өзүнчө бурч болмок. Тилекке каршы, учурунда уу-дуу көтөрүлгөн демилгенин деми жыл өткөн сайын сууп олтуруп, музейдин азыркы көрүнүшү кейиштүү абалга келип жетти.

Zaman-Кыргызстан”, 13.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.