Бишкекте “Дүйнө алтындары Кыргызстанда. Заманбап Жибек жолунун кенчтери” көргөзмөсүнүн ачылыш аземи өттү

Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт искусство музейинде “Дүйнө алтындары Кыргызстанда. Заманбап Жибек жолунун кенчтери” көргөзмөсү ачылды. Ачылуу аземине Маданият жана маалымат министринин орун басары О.Айдаров, музейдин деректири Юристанбек Шыгаев, АКШ, Германия жана Япония мамлекеттеринин Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчилери жана көргөзмөнүн авторлору катышты.

Көргөзмөгө Австрия, Германия, Греция, Иран, Испания, Казакстан, АКШ, Тажикистан, Франция, Өзбекстан жана Япониянын таанымал чеберлеринин эмгектери коюлган. “Негизинен жүзгө жакын эмгек коюлуп, анын ичинде “Жибек жолундагы диалог” долбооруна мурда катышкандар да бар. Мында негизги басым зергер искусствого басым жасалат”, – деп белгиледи Ю.Шыгаев.

Улуу жибек жолуна байланыштуу дүйнө чеберлеринин көргөзмөсү он жылга жакын өз ишин улантып келет. Мунун алкагында дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүндө 20 көргөзмө уюштурулган. Мындай иш чаралар Түркия, Германия, Россия, АКШ сыяктуу мамлекеттердин ири музейлеринде өткөн”-деп белгилейт директор.

М.Момуналиева, «Кабар» МА, 27.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.