Дин жана дил тууралуу

(башы өткөн санда)

Ал эми Торанын Бытия бөлүмүнүн 22-сүрөөсүндө “Исаак” деп ачык жазылып турат. Авраам менен Исаак эки күн жол жүрүшүп, үчүнчү күнү Синайга (Мориага) жетишип, Исаакты курмандыкка чалаарда периште токтотуп, караган черге мүйүздөрү чалынып калган кой пайда болгону тууралуу айтылат. Синайдан вирсавияга 60 километр. Жөө жалаңдап ал аралыкты 2 күндө басып өткөнү ишенимдүү да.

Кийинчерээк ошол асканын үстүнөн Соломон (Сулайман) Аллахка эмес, Яхвеге арнап кудай үчүн, азыркыча айтканда синагога курдурат. Исаактын тукумунан чыккан, иудаизмдин негизги пайгамбарларынын бири, Израиль мамлекетинин б.з.ч. 972-932-жылдары 40 жыл падышасы болгон адам еврей кудайы Яхвеге арнап салбаганга да, ал учурда заты эмес аты да жок Аллахка арнап, өзүнүн түпкү теги Исаакка эмес, кайсы бир күңдүн баласы Измаилди эскерип салмак беле. Анткени, Измаил еврей үчүн учуктун үзүгү. Бытиянын 36-сүрөөсүндө Исаактын уулу Исав Измаилдин кызы Васемафаны алганы айтылып, ошол бойдон унутулуп да калган бөлүгү бүт Исаактын тукумдарына арналат. Израиль деген атты да Яхве Исаактын уулу Яковго (Жакыпка) кошумча ат катары берген.

Макул, курмандыкка макул болгон Ысмайыл деп коелу. Анда ошондой кудайга жан дили менен берилген, ал үчүн жанын кыюуга макул болгон момун ханифти эрме чөлгө кубалап салган Ибрагим кантип пайгамбар болсун.

Дүйшөн ажы “… мусулмандардын дээрлик көпчүлүгүн түзгөн бардык арабдар дал ошол Ысмайылдан тарган” – деп жазат. Биринчиден, арабдар мусулмандардын дээрлик көпчүлүгүн түзбөйт. Арабдардын бардыгы 200 миллион, ал эми Индия менен Пакистанда эле 200 миллион мусулман бар. Экинчиден, арабдардын бардыгы Ысмайылдан тараган эмес. Арабдар Тора боюнча чөбөрөсү, арабдардын айтуусу боюнча кыбырасы Йоктандын (Жоктон) Араб аттуу баласынын атынан тараган. Ысмайыл Арабдын бир тууганы Жоргомдун тукумундагы кызга үйлөнүп, 12 балалуу болот. Ысмайыл баргыча эле арабдардын саны 100 000ге чамалаш болчу. Анан кантип бүт арабдар Ысмайылдан тарап калсын. Ысмайылдын атасы Ибрагим (Авраам) еврей экендигин жогоруда айтып өттүк.

Бүт арабдар Ысмайылдан тараса, анда арабдар еврейден тараган дегендик да. Дүйшөн ажы макаласынын акыркы абзацы менен Усупбаевдин “Куранды, Библияны жөөттөр жазып калтырышкан” – деген сөзүн тастыктап атпайбы.

Дүйшөн ажы Усупбаевдин “сөздөрү диний жана улуттар аралык араздашууга ачыктан ачык козуткан сөздөр эмей эмне?” – деп чагымчылык кылат. Ажыга жооп иретинде Курандын аяттарын келтирелик. “Аль-Маида” сүрөөсүнүн 56-аятында “О вы, которые уверовали! Не берите иудеев и христиан друзьями: они друзья один другому. А если кто берет их в друзья, то и сам из них” – деп турат. Улуттарды, диндердин бирин-бирине карам-каршы коюунун, кайраштыруунун үлгүсү ушул эмеспи.

Бул да эч нерсе эмес. “Ан-Ниса” сүрөөсүнүн 91-аятында “Они хотели бы чтобы вы оказались неверными, как были неверными они, и вы бы оказались одинаковыми. Не берите же из них друзей, пока они не выявляется по пути Аллаха; если они отвратятся, то схватывайте их и убивайте, где бы не нашли их. И не берите из них друзей, ни помощников” – десе, “Мухамед” сүрөөсүнүн 4-аятында “А когда вы встретите тех, которые не уверовали, то удар мечом по шее, а производите великое избиение их, то укрепляйте узы” – деп жазылып турат. Бул аяттарга комментарийдин кереги барбы?! Мен ушул жерден Дүйшөн ажы менен Саматовдон сурайт элем: чыныгы муслим катары, Куранды чыныгы жол көрсөткүч деп ишенген такыба катары алар канча адамдын канына забын болушту экен? Жок, алар башка адамдардын колдору менен чок кармагылары келишет.

Дүйшөн ажы “Пайгамбарыбызды Сион деген тоонун үстүндө эмес Мория дөңсөөсүндөгү Масжит Аль Аксага, б.а. ыйык мечитке алып келет” – деп, анан да “Кудай менен түздөн-түз байланыш Хира тоосунда болгон” – деп жазат. Биринчиден, Хира тоосунда Рамазан айынын кадыр түнүндө Мухаммед менен Аллах эмес, Жебреил деген жолугуп, ага жибекке саймаланган Курандын биринчи сүрөөсүн берет. Жебреил деген Аллах эмес да.

Экинчиден, Мория тоосунун ошол учурда эле Синай деген экинчи аты болгон. Азыр ал тоону Синай деп гана билишет. Ал эми Мориах деп Омордун мечити турган асканы гана айтышат. Мухаммед пайгамбар асманга көтөрүлгөн шаты такалган аска дал ошол Омордун мечитинин ичинде. Дүйшөн ажы Курандын “Аттын” сүрөөсүндөгү “Клянусь горой Синай, и этим городом безопасным” – деген 2; 3-аяттары эмнени билдирет деп ой жүгүртүп туруп, анан Сион тоосун төшкө тепсе болмок.

Үчүнчүдөн Мухамед пайгамбар асманга 620-621-жылы көтөрүлгөн экен. Ал эми Аль-Акса мечитин 709-715-жылдары Халиф Вали биринчи курдурган. Пайгамбардын көзү 632-633-жылы өтсө, ал кайсы мечитке келип жүрөт? Дагы бир кошумчалап кетчү сөз – Аль-Акса мечитин 1938-1943-жылдары реставрациялоо учурунда колоннаданы курганга каррарлык мраморду номер биринчи фашист Муссолини берген. Көрсө, керек болсо дининин көзүлөрү Ыйык курандын “Аль Маида” сүрөөсүнүн “Христандар менен иудейлерден дос күтпөгүлө, дос күткөндөр ошолордун бири” – деген аятын уруп да коюшпайт экен.

Омордун мечити да ал учурда жок болчу. Соломондун синагогасы бир канча жолу талкаланып, анын ордуна кадимки кан ичээр Ирод б.з.ч. 20-жылы ошол убактагы дүйнөдөгү эң кооз, зор имараттардын бири болгон храм курдурган. Аны биздин замандын 70-жылы Тит таш талканын чыгарган. Пайгамбардын учурунда ал храмдын урандылары гана калып, акыр-чикир төгүлгөн жерге айланган. Аны Халиф Абд-Аль-Малик 687-жылы акыр-чикирден тазалатып, фундаментинин үстүнө византиялык усталарга мечит курдурган.

Византиянын падышасы Константин Мономах курдурган Христостун мазарын да 614-жылы перстер талкалап салышкан. Демек, 620-621-жылдары Иерусалимге бир дагы мечит, синагога, же, чиркөө болгон эмес. Бул тарых. Ал эми тарыхты кайсы бир диндин каалоосу боюнча өзгөртө албайсың.

Мухамед пайгамбар Иерусалимде болуп көрбөгөндүктөн, бир дагы храм жок экенин билбегендиктен, Торадагы Морияга Соломон курдурган храмды эстеп, асманга Иерусалимден көтөрүлдүм деп айтып койгон. Куранда Аль-Аксадан деген сөз жок, Алыскы мечиттен деген сөз бар.

Дүйшөн ажы макаласында өз ой жоруусуна ойлонуп мамиле кылбай, жөн эле исламдын догмаларын таңуулай берет. Ошондон улам Дүйшөн ажы чала молдо дин бузаарбы же билип туруп эле атайлап карөзгөйлүк кылып жатабы деген арсар ойдо каласың.

Ошол эле “Кыргыз руху” гезитине 2008-жылдын 13-февралында жарыяланган Азат Саматовдун Дастан Сарыгуловго жазган ачык катында өзүнүн айтайын деген предметин так билбестигине, ислам маданияты менен Теңирчилик жөнүндө үстүртөн гана тааныш экендигине күбө болобуз. Саматов Сарыгуловдун китептерин окубаса керек, окуган киши жөн эле дооматын арта бербей далил катары мисалдарды келтирмек. Ал Сарыгуловдун жазгандарынан эмес, өзү жанталашып жактаган “Куранда Мекениңди өз жаныңдан да артык корго деп үйрөтөт” – деп жазбайт эле го. Анткени Куранда андай аят жок, ал сөз Саматовдун Куранга кошумчасы.

Дагы эле “Кыргыз руху” гезитинин 2008-жылдын 24-январындагы санына жарыяланган муфтийдин орунбасары Мамбетасан Ибраевдин “Ислам мазарга, ташка, жерге, сууга сыйынууга тыюу салат. Себеби, биз, адам баласы бир гана Кудайга сыйынышыбыз керек” – дегени Саматовдун сөзүн төгүндөбөгөндө эмне?

Эми Курандын өзүнө келели. “Ат Табаган” сүрөөсүнүн 15-аятында “Ваше имущество и дети – только искушение; А у Аллаха великая награда” – десе, “Ат Тауба” сүрөөсүнүн 24-аятында “Скажи: “Если ваши отцы, и ваши сыновья, и ваши братья, и ваши супруги, и ваши семья, и жилище, которое вы одобрили, милее вам, чем Аллах и Его посланник, и борьба на Его пути, то выжидайте, пока придет Аллах со своим повелением” – деп турат. “Ата-энең да, бала-бакыраң да, ага-иниң да, үй-бүлөң да, үй-жайың да, демек мекениң да түккө турбайт, бир гана Алла, анан анын элчиси Мухамед ыйык” – деп айтпайбы. Жок, биз үчүн ата-энелерибиз да, бала-бакырабыз да, Мекенибиз да ыйык. Ата-энесин, бала-бакырасын, Мекенин чанып, коколой башы менен бейишке барам деген маңкурттар эле болбосо, кыргызмын деп, кыргыз дилин алып жүргөн жан жок. Бар болсо ошолордун кара баштары менен кетсин.

“Өз агасын агалай албаган башка бирөөнү сагалайт” – дегендей Саматов да кыргыздын салт-санаасын, тарыхын танып, бир гана исламга үндөйт. Ырас, исламдын дурус жактары бар, аларды ыгы менен колдонсок зыяны жок. Бирок, исламдын жоро-жобосунан, осуятынан кыргыз элинин накыл сөздөрү, макал-лакаптары, насыят сөздөрү менен кылымдарды карыткан осуяттары үч эсе көптүк кылаарын көңүлүнө түйүп коюп, анан Куран менен элдик таасын учкул сөздөрдү салыштырып көрсө болмок.

Саматовдун ою боюнча азыркы көптөгөн чылыктардан арылуунун бир гана жолу – ал исламга берилүү. Бул оюна деле далил жок, курулай сөз. Саматов санаган чылыктарга Куранда “ошол чылыктар үчүн Аллах жазалайт, тиги дүйнөгө барганда тозоктун отуна түшөсүң” – деген коркутуулардан башка жүрөгүңө түнөп калаар эч нерсе жок. Дайыны жок коркута берсе, ал коркутууга адам баласы көнүп бүтөөрүн, андан тажап, кулагынын сыртынан кетирип, ашмалтай болуп калаарын далилдөөнүн кажети жоктур.

Эми кыргыздын накыл сөздөрүн, макал-лакаптарын алып көрөлү: “Бирөөгө жамандык кылсаң өз башыңа тиет”, “Калптын казаны кайнабайт”, “Куйтунун үйү күйөт”, “Бузуку бар жерде, кусур бар”, “Пейили жакшы кем болбойт”, “Уурунун ичкени ирим, жегени желим”, “Соодагерде нысап жок, сүткөрдө ыйман жок”, “Ушакчы узабайт”, “Иши жоктун ашы жок”, “Эмгек кылсаң жашыңдан, дөөлөт кетпейт башыңдан”. Бул макалдар кыт куйгандай кыналышып, көкүрөккө уюп, Курандагы чаржайыт айтылып, Аллах менен коркута бергенге караганда алда канча жугумдуу да, таасирлүү да болуп атпайбы.

Ал эми ичкилик ичип мас болууга кыргыз эли эзелтен эле каршы болуп, мына мындай макалдарды чыгарган: “Арак ичкендин акылы жоор”, “Арактын кулу болгонуң, абийириңдин куру болгону”, “Акмак мас болсо жакшы менен кас болот” ж.б. Куранда болсо “Аль Мутафифин” сүрөөсүнүн 25-аятында минтип жазат: “Поят их вином запечатанным”. Бул бейишке чыккан адамдарды вино менен сугарат деген сөз да. Бул аятты окуган же уккан адам “бейиштин виносун татып көрөлү” дебейби да анан кызыгына батпайбы. Чындап эле ичпесин десе бейиштин виносун эскербей, “ичкен киши тозокко барат” – деп коркута бербейби.

Эми бул макалаларды келтире кетели: “Ар кимдин туулган жери Мисир”, “Туулган жердин топурагы алтын, эли мазар”, “Элиң сынганы белиң сынганы”. Мындай сөздөр Куранда жок. Куранда “Аллага сыйынсаң гана жерге ээ болосуң” – деген аяттар. “Ата баласы болбосоң болбо, эл уулу бол” – дегендин ордуна Куранда “Ата баласы болбосоң болбо, Алланын кулу бол” – деген аяттар.

Саматов догмалар менен догурунбай ой жүгүртүп көрсө кыргыздын дүйнө таанымы да Курандан алда канча жогору экенин байкамак. Биз Саматовчо курулай кыйкыра бербей далил келтире кетели. Курандын “Ан-Наба” сүрөөсүнүн 12-аятында “и построили над вами семь твердей”, “Лукман” сүрөөсүнүн 9-аятында “Он сотворил небеса без опоры, которую бы вы видели, и бросил над землю прочно стоящие, чтобы она не колебалась с вами” – деп турат. Жөнөкөй сөз менен айтканда Жер жалпак, ал кыймылдап кетпесин үчүн 7 катар катуу асманды көмкөрүп койдук деген сөз. Куранда 7 асман дейт, бирок Мухамед пайгамбар асманга көтөрүлгөндө 1-асманда Адам ата, 2-асманда Нух, 6-асманда Муса, 7-асманда Ибрагим пайгамбарлар менен жолугуп, 7-асмандагы Аль-Мамур мечитине (Аль-Мамур мечити Каабадагы Аль Масжит Аль Харам мечитинин дал үстүндө болуп, экөө эгиздей окшош экен. Бул да калп сөз, анткени 620-621-жылдары Каабадагы мечит жок болчу. Ал жерде кара ташты калкалаган анча чоң эмес бутпарастык имарат гана болгон. Сыйынып, андан ары көз уялткан жарыкты, көөдөй караңгылыкты басып өтүп, анан гана Аллах менен жолугушат. Кыязы Аллах деңиздин үстүндө олтурса керек, анткени “Худ” сүрөөсүнүн 8-аятында “И Он тот, который создал небеса и землю в шесть дней, и был его трон на воде” деп турат. А Мухамед кайыкта олтуруп сүйлөштүбү, же сууда сүзүп жүрүп сүйлөштүбү, ал тууралуу сөз жок.

Кеп анда деле эмес, кеп Кудайдын сегизинчи асманда болуп, асмандын саны 7 эмес 8 болуп атканында. А негизгиси жер жалпак эмес экендигин, асман катуу эмес экендигин азыр башталгыч мектептин балдары деле билет.

Эми кыргыздын дүйнө таанымына кайрылалы. Манас эпосунда: «Көргөн жан келээр жөргөлөп, жердин өзү дөңгөлөк», «Алдыңдагы Жер деди Жер(ди) көтөргөн жел деди» деп айтылат. Жердин тоголок экенин, анын калкып жүргөнү ачык эле көрүнүп турбайбы.

Мухамед пайгамбар биринчи асманга көтөрүлгөндө ошол асманга алтын чынжырларга асылып турган жылдыздарды көрөт.

Эми кыргыз элинин түшүнүгүнө кайрылалы:

Асмандагы жылдызды
Адам болжоор неме эмес.
Ар бир жылдыз Ай, Күндөн
Чоңдугу да кем эмес.

Мындагы «Адам болжоор неме эмес, чоңдугу Ай, Күндөн да кем эмес» деген сөздөр жылдыздардын өлчөөсүз чоң экенин айтып турбайбы.

Курандын «Аль Камар» сүрөөсүндө «Приблизился час, и раскололся месяц» — деген 1-аяты бар. Ал аятка эч кандай түшүндүрмө жок. 2-аятынан баштап таптакыр башка сөзгө өтөт. Билбеген киши канчалык баш катырса да жандырмагын таба албайт. Анын жандырмагы мындай: Мухамед пайгамбарга сүрөөлөр түшүп, Ал ислам тууралуу, Аллахтын улуулугу тууралуу үгүттөөө жүргүзө баштаганда көп кишилер «Сеники чын болсо Муса, Иса сыяктуу бир шумдукту көрсөтпөйсүңбү» — дешип, жарга такашат. Ошондо Мухамед пайгамбар асмандагы айды жерге түшүрөт. Ай Каабаны 7 айланып анан пайгамбардын жакасынан койнуна кирип, эки жеңинен чыгып, Батыш менен Чыгышка барып анан кайра биригип өз ордуна туруп калат. Азыр бул түркөй жомокко балдар да ишенмек тургай күлүшөөрү бышык.

Ислам жылды сүрүштүрүүнү да билбейт. Ошон үчүн Курман айт, Орозо айттар бирде кышта болсо, бирге жайда. Жыл сүрүштүрүүнү билгенде курмандыкка чалмак болгон күндүн датасы жылдын айтылуу бир күнүнө белгиленмек да. Маселен Саматов кесирленип чанган Теңирчиликти туу туткан элдердин жаңы жылы — Нооруз 22-мартка туура келгендей. Ошол элдердин бири — кыргыз эли кыштын кандай болоорун, жаздын эрте же кеч келээрин, жыл жаандуу болобу, же кургакчыл болобу — булардын баарын алдын ала билишкен.

Ушул жерден кадимки Жеңижоктун ырларынан бир үзүм келтире кетсек. Жеңижок ырларын кагазга түшүргөн, өз убагында билимдүү адамдардын бири болгон. Ал Куран окуп, беш маал намаз окуса да исламдын догмасына баш урбай, чындыкка баш ийген.

Адал эмгек динибиз
Ата-баба пирибиз
Ай-ааламдын жүзүндө
Адам өсүп таралган
Күндүн алтын нурунан
Күчү менен жаралган.

Эмне деген ыр саптары! Чындыктын кашкайган өзү. Чынында эле кыргыз эли үчүн чыныгы пир эшен, кожо, молдо, а түгүл пайгамбар эмес, ата-бабасы. «Адамды топурактан жууруп жасаган» — деген жомокко да «Күндүн күчүнөн жаралган» — деген ачылышты каршы коюп атпайбы.

Теңир берген дээрден улам акын биологияны, философияны окубаса да өзүнүн ой жүгүртүүсү менен, кыргыз элинин ойчулдугуна таянып, философиялык категориядагы ыр саптарын көөдөнүнөн чыгарып атпайбы.

Дүйшөн ажы менен Саматов өздөрүнүн ой жооруулары чындыктын акыркы нокоту катары таңуулагандан мурда диндердин булагы кайда деп ой жүгүртүп көрүшсө болмок. Бирок, ислам догмасына сугарылган такыбалар ой жүгүртүшпөйт, ой жүгүртүүгө догма да жол бербейт.

Мухамед пайгамбар ислам дининин негизи катары Иудаизмди, ага кошумча Несторлук христианчылыкты алганы, Куранда жок, бирок исламдык канонго айланган, маселен, сүннөткө олтургузуу сыяктуу түшүнүктөрдү да Торадан алганын Библияны окуган адамга белгилүү.

Ошол Тораны жаратуу үчүн еврейлер кайсы булакты пайдаланышты экен? Ал булактар асмандагы Елохимден, же, Яхведен, же Саваофтон, же Адонайдан (Булардын бары Кудайдын аттары) түшпөй эле байыркы еврейлер өздөрүнөн улуу элдер шумерлердин, аккадыктардын, вавилондуктардын мифтерин өздөрүнө ылайыктуу кылып өзгөртүп алышкан.

Маселен Дүйнөнүн жаралышы тууралуу миф (Библиянын Бытия бөлүмүнүн 1; 2-главаларында, (Курандын «Ха Мим Ас-Саджа», «Аль-Анбиа», «Нух», «Сад» сүрөөлөрүндө) вавилондуктардын «Энума Элиш» аттуу поэмасынын компиляциясы. Бул поэмадагы асмандын, жердин жаралышы, кургак жерди суудан бөлүп алуу, адамды алтынчы күнү жаратуу сыяктуу эпизоддорду Бибилия, аны туурап Куран да толук кайталайт.

Адам ата менен Обо эненин бейиштен куулушу (Библиянын Бытия бөлүмүнүн 3-главасы, Курандын «Та Ха» сүрөөсү) шумелерден Энки деген кудайы тууралуу жомогунда айтылат. Андан сырткары бул жомок Месопотомияда кеңири тараганын б.з.ч. 2300 жыл мурун дооран сүргөн Аккад падышачылыгына тийиштүү Мөөр далилдейт. Ал мөөрдө жыгачка оролгон жылан, эки жагында жылаңач аял менен эркек оюлган.

Нух жөнүндөгү миф (Бытиянын 6;7;8-главалары, Курандын «Худ» сүрөөсү) шумерлердин Бильгемеш аттуу легендарлык баатыры (кыргызча которгондо «акылман колбашчы» деген сөз. Орто кылымдагы Билге каганды эскерип, азыркы «билги киши» деген сөздү салыштырып көрсөңөр. Ал миф кийинчерээк вавилондуктарга өтүп, баатырдын аты Гольгемеш болуп калган) тууралуу эпостун компиляциясы. Ал эпостогу топон суунун мөөнөтү, карга менен көгүчкөндөрдү учуруу, тоого келип такалуу өңдүү эпизоддорду Библия да толук кайталанат.

Моисей (Муса) тууралуу миф (Библиянын Исход бөлүмүнүн 2-главасында, Курандын «Та Ха», «Аль Касас» сүрөөлөрүндө) б.з.ч. 2350 жыл мурун түндүк Месопотамияны бириктирип, Аккад падышачылыгын курган Саргондун (анын кошумча аты Теңир, Теңир Саргон) өмүр баянынан алынган. Төрөлүшү чыйыр менен чапталган чабырага салып сууга агызып ийиши, падышанын сарайында тарбияланышы — баары окшош. Курмандыкка чалуу мифи да шумерлерден. Шумерлер биринчи баласын кудайга арнап курмандыкка чалышкан. Асмандан түшкөн кой да ошол эле шумерлерден. Археологиялык казууда табылган шумерлерге тиешелүү мүйүздөрү бутактарга чалынган койдун статуэткасы музейде турат.

Ушундай эле окшоштуктар, мисалы Жусуп жөнүндөгү, Вавилон мунарасы, Агарь (Ажар), Кудайдын сууга олтурганы тууралуу мифтер Месопотамиялык жана Египеттик элдерден алынганы белгилүү. Өзүңөр күбө болгондой байыркы еврейлер өз мифтерин улуу элдердин өздөрүнө ылайыкташтырып алышкан, а Мухамед пайгамбар дээрлик көп убакта Библияны айталайт.

Ал эми Теңирчиликти же кыргыз элинин дүйнө таанымын, салт-санаасын эч кандай мифтер эмес, бир Кудайга — Теңирге ишенүү, жашоонун негизи болгон Асман, Жер, Суу, Аба, демек Мекенибиз, ата-бабабыз ыйык. Ошон үчүн биз Жер — Сууга, Ата-Мекенибизге, ата-бабабыздын арбагына сыйынабыз.

Куранда жер жүзүндөгү адамдардын жарымына жакын жарандарды бириктирген Буддизм жөнүндө бир да сөз жок. Анткени, ал учурда еврейлер да, алардан дүйнө таанымы, социалдык абалы алда канча төмөн турган арабдар да, демек Мухамед пайгамбар да буддизм тууралуу угушкан эмес. Эгерде Куран чындап эле асмандан түшсө буддизм жөнүндө да сөз болушу керек эле да.

Дүйшөн ажы кыргыздарды небак эле мусулман болгон деп караханийлерди, Бурананы далилге тартат. Бирок Караханий мамлекетинин отурукташкан элинин негизин чигил, карлук, йагма элдери түзгөн. Ошол отурукташкан эл ислам болобу, же башка дин болобу тез кабыл алышаарын тарых тастыктайт. Карханийлердин учурунда эле Кыргызстандын аймагында Несторианство, буддизм жайылганын көп сандаган ташка чегилген эстеликтер айгинелеп турбайбы. Дүйшөн ажы аны билбейт дейсиздерби? Балакеттей эле билет. Бирок ал чындыкты айтканга кожолору жол бербейт. Ошон үчүн калпты чындай кылып ышкырта беришет. 19-кылымдаЧокон Валиханов, 20-кылымдын башында кай бир манаптын балдары орус мектептеринен окугандай Махмуд, Жусуп сыяктуу бирин-экин кыргыз медреседе окушу мүмкүн, бирок, дээрлик кыргыздар көчмөн болуп, ислам дини менен иши жок болгон. А түгүл ислам дегенди укпагандар да толтура болушу мүмкүн. Кыргыз эли эзелтен мусулман болсо, төмөнкүдөй макалдарды чыгарбайт эле: «Берген кудайга жагат», «Бейиштин суусун укмак бар, көрмөк жок», «Ак селделүү молдодон, ак жоолуктуу аял артык», «Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр», «Малды көрүп пайгамбар жолдон чыгыптыр», «Карчыгага кушуң түшпөсүн, молдого ишиң түшпөсүн», «Өлөңдүү жерде мал семирет, өлүмдүү жерде молдо семирет» ж.б. Мындай макалдар, накыл сөздөр толтура, биз бул жерде четинен оюп эле киргиздик. Ал эми «Кааба элинин карды тойсо катын издейт» — деген макал Дүйшөн ажы «Пайгамбардын сахабалары» деп жан-алы калбай мактаган арабдардын жан дүйнөсүнүн күзгүсү да. Азыркы араб өлкөлөрүндөгү жайнаган тымызын жалапканалар да ушу макалга далил болуп атпайбы.

Куранды буйлалуу төөдөй өз кызыкчылыгына карай бурмалай берүү биздин чала молдо дин бузаарларга эле эмес, исламдын түп казыгыбыз дешкен ваххабизмдин көзүрлөрүнө да тиешелүү. Ага мисал катары Курандын Порохованын котормосу менен комментарийи, ошондой эле исламдагы Ахмадий кыймылы чыгарган Куранды айтсак болот. Алар Мухамед пайгамбар суу астындагы кемелер, самолеттор куруларын, Хиросима менен Нагасакиге атом бомбасы ташталаарын, адамдар космоско учаарын алдын ала айткан деп далилдөөгө жандарын жеп жанталашышат. Мухамед пайгамбар асманга көтөрүлгөндө биринчи асмандын капкасын каккылап, периштелер капканы ачып беришип анан гана биринчи асманга киришет. Гагарин космоско учканда же америкалыктар Айга учушканда капканы ким ачып берди экен? «Жылдыздар асманда алтын чынжырларга асылып турушат» — деген адам азыркы учурдагы илимий ачылыштарды, техникалык жетишкендиктерди билген дегенге ишенүүгө болобу? Укмуштуунун төөсү жорго деген ушу.

Дегеле Куранды өз каалаган жагына чое берүү ислам дининде жаңылык эмес. Анын башаты дал Мухамед пайгамбардын өзүндө. Мисалы Куранда никесиз аял менен жыныстык катнашка баруу чоң күнөө. Бирок, Мухамед Мариам деген күң менен ойнош болуп, Ибрагим аттуу уулдуу болгондо «Аль Ахзаб» сүрөөсүнүн 49; 51-аяттарында пайгамбарга Аллах өзү уруксат берген деп жаздырып коет. Кыргыз эли эле эмес, дээрлик бүт адамзатка жат көрүнүш болгон кылыгын, Мухамед өз келини Зейнепти (бакма баласы Зейддин аялы) аялдыкка алышын актоо үчүн «Аль Ахзаб» сүрөөсүнүн 37-аятына Аллах уруксат берген деп жаздырып коет. Мухамед пайгамбардын ошондой кыңыры иштерге барышына Аллах уруксат берсе, анда анын адилеттүүлүгү, калыстыгы кайда? Бул Кудайдын «Сен каалаганыңды жасай бер, иши кылып мени мактай берсең болду» — деп Мухамед пайгамбар менен соодалашканына окшоп атпайбы.

Мухамед пайгамбардын аялы «Айша (бирде 7 жашында пайгамбарга турмушка чыккан десе, бирде 9 жашында деп айтылат) Савфан деген жигит менен ойнош» — деген сөз чыкканда «Ан-Нур» сүрөөсүнүн 12;13-аяттарында 4 күбө болбогон соң баары калп деп, Айшаны актап чыгат. Бул аяттан кийин бир же үч күбө болсо ойноштук кыла берсе боло береби деген суроо туулбай койбойт.

Азыркы кыргыз жаштарынын кай бир катмарынын бузулуп баратканына кыргыздын каада-салты эмес, коммунисттердин (алардын да жакшы жактары бар болчу. Мисалы, азыр кыргыз жарандары араб жарандарына караганда 10 эсе билимдүү) «Тилиңди, дилиңди унут, орус тилине, СССР деген мамлекетке берил» деген идеясы, азыркы «демократия» деген атка жамынып алган, еврейлер башында турган масондордун тымызын бүлдүрүү саясаты, анан «Манасыңды унут, салт-санааңды, демек дилиңди унут, эли-жериңе, ата-бабаңдын арбагына сыйынба» деген Ваххабизмдин догмалары күнөөлүү. Кыргыз эли «Айгыры көп үйүрдүн кажышканы көп болот, кулундары аз болот» дегендей «Ар кайсыны телиген улактай чычкак» болуп атпайбызбы. «Адашкан казды карга алат» болуп, адашканыбыздан, ата салтын унута баштаганыбыздан бирибиз арабдардын ыргыткан сөөгү үчүн, бирибиз орустардын жуундусу үчүн, бирибиз батыштын кайыр-садагасы үчүн аларга колтук ачып, көз каранды болуп, «Өзөкиөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман» дегендей өзүбүздүн дөөлөтүбүздү басмырлай башкалардыкын жогору коюп, 30 сөлкөбай үчүн (Иуданын 30 серебряныйы) башкалардын апологеттигине айланып отурабыз.

Бүт Европага, Жакын Чыгышка, Африканын түндүгүнө ээлик кылган түптүү Рим империясынын жок болушуна христианчылык себепкер болсо, дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгыз хандын империясынын кулашына негизги себепкер ислам дини. Шариатты туу тутуп, Темучиндин ясалары аткарылбай калган үчүн биримдик ажырап, салт-санаа унутулуп, мамлекет ыдырап сөгүлүп, акыры өздөрүнүн кулдарына (орустарга) кул болуп беришкени тарыхта кала берет. Элди, улутту жок кылуу үчүн баарын кырып салуунун кереги жок, дилин жок кылсаң эле элдин, улуттун жок болгону. Биздин дилибизди жок кылуу үчүн батыш бизге жат маданиятын таңууласа, арабдар бекер мечит салып беримиш болуп, тымызын экспансия кылып, дилибизди бузуу аракетинде. Ал эми дили бекем эл эч качан жок болбойт. Ага мисал 4-5 миң жыл бою тилин, дилин жоготпой келатышкан кытай, индус, япон, еврей, грек элдери. Алардын катарына биз да киребиз.

Иудаизмде еврей эли Яхвенин эли, Синтоизмде япон эли Кудайдын эли, христианчылык менен исламда адам баласынын баары Кудайдын кулдары. «Кудайдын эли» деген сөз элге канча дем берет! Ал эми «кул» деген сөз духту түшүрбөй коймок беле. Ошон үчүн 200 миллион араб эли 3 миллион еврей элине тең келе албай, Голан тоосун, Иерусалимди, Ливан менен Египеттин, Иорданиянын бир кыйла жерин алдырып, Израилдин армиясы араб өлкөлөрүн каалаган учурда тебелеп атса керек.

Кыргыз эли кул болуп көргөн эмес, көнгөн эмес. Орус падышачылыгы кулга айландырабыз дегенде 1916-жылкы көтөрүлүш чыккан. Кыргыз эли Теңирди (Кудайды) жүрөгүнө уютуп, эркиндикти туу кылып, Ата-Мекенин, демек Жер, Суусун, табигатты ыйык тутуп, аларды көздүн карегиндей сактоону ата мурасы катары муундан муунга өткөрүп келгендиги үчүн миң деген жылдар бою жоголбой келатат. Азыр ар тараптан жөө тумандай каптап, кыргыз элин бөлүп-жарып, алсыз, арсыз кылып, көөнөрбөс дөөлөтүн, айкэлдүк, адилеттик, тазалык, урмат менен сый негиз болгон дилин жок кылууга, биримдик ынтымагын ыдыратууга аракет кылган күчтөргө ата-бабалардын салт-санаасы канат болуп, көөдөнүндө чыныгы кыргыздын намысы, тамырында кыргыздын каны согуп турган ар бир кыргыз баласы каршы турушу керек.

Ал кыргыз бол деген эле сөз.

Ал эми чала молдо дин бузарларга, ашынган исламчыларга Куранды жакшылап окугула, өзгөчө «Аль Кафирун» сүрөөсүн жадынарга түйүп койгула дейт элем. 2-аят. “Я не стану поклоняться тому, чему вы будете поклоняться; 3-аят. И вы не поклоняйтесь тому, чему я буду поклоняться. 6-аят. У вас — ваша вера, у меня — моя вера!

Темирбек Дүйшөкеев, «Ачык саясат» (Кыргыз гезиттер айылы), 27-31.03.2009-ж.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.