Бишкекте живописчи А. Ивлевдин жеке көргөзмөсү ачылды

Семен Чуйковдун Бишкектеги мемориалдык үй-музейинде бүгүн Алексей Ивлевдин жеке көргөзмөсү ачылды. Бул туурасында «КАБАР» агенттигине үй-музейдин башчысы Марина Закревская билдирди.

Көрүүчүлөрдүн калыстыгына 25 живопистик сүрөт – сүрөтчү 1949-жылдан 1998-жылга чейин тарткан пейзаждар, портреттер жана натюрморттор коюлган. А. Ивлев – Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу, шаардык жана республикалык көргөзмөлөргө катышып келген таланттуу живописчи.

Көргөзмө 16-апрелден 16-майга чейин өтөт.

А.Бенгард, ЖТ, «Кабар» МА, 16.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.