«JAZZ – TRANZIT» XVIII-эл аралык джаз фестивалы Россияда өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 24-26-апрелинде Россиянын Екатеринбург шаарындагы «JAZZ – TRANZIT» XVII-эл аралык джаз фестивалы өтөт. Иш чара Свердлов областынын Өкмөтү жана Маданият министрлигинин колдоосу менен өтүүдө. Бул тууралуу Шанхай кызматташтык уюмунун расмий сайты маалымдоодо.

Быйылкы жылы «JAZZ – TRANZIT» фестивалы социалдык-маанилүү мүнөздө болуп, джаз музыкасын өнүктүрүү гана эмес, мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоого да шарт түзөт. Фестиваль «Джаз – Транзит – ШОС» урааны астында өтөт.

Жалпысынан фестивалга ШКУга мүчө-мамлекеттердин джаз топтору катышат. Алардын арасында кыргызстандык «Соленые орешки» тобу да бар. Концерттерде салттуу аспаптардан тышкары улуттук аспаптар да жаңырат.

М.Ибраева, “Кабар” МА, 18.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.